Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 17.06.2020

Пара алууга шектелген судья кызмат ордунан четтетилди (видео)

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Мунун алдында мамлекет башчыга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судья Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетүү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштамасы келип түшкөн. Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Кылмыштардын жана жоруктардын... Читать дальше...

Ош облустук соту күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген келиндин жаза мөөнөтүн кыскартты

Azattyk.org 

Ош облустук сотунун соттук коллегиясы 17-июнда күйөөсүнүн өлүмүнө шектелген Гүлназ Пасаңованын иши боюнча доо арызды карады. Соттук коллегиянын чечимине ылайык, Ош шаар сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Мындан тышкары айыпталуучуга карата Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына, Апрель окуясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс мыйзамына ылайык, соттук коллегия келиндин жаза мөөнөтүн үч жылга кыскартты. Айыпталуучунун адвокаты Мухайё Абдураупованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Гүлназ сот өкүмүнө нааразы. Читать дальше...

Сот «Азия Ньюсту» Жеңиш Разаковго 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» гезиттин редактору Асланбек Сартбаев билдирди. Ал соттун мындай чечимине макул эместигин билдирип, Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын айтты. Былтыр март айында «Азия Ньюс» гезити ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазган. Басылма буга далил катары... Читать дальше...

Сузак: санэпид борбордун кызматкерлери кошумча акыны мыйзамсыз алган деп айыпталууда

Azattyk.org 

Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы бухгалтери Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда. Иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганын Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, аталган мекеменин жетекчилиги өкмөттүн “Резерв фондусунун акча каражаттарын колдонуу” тууралуу жарлыгын бузду деп айыпталып жатышат. Бул жарлыкка ылайык бюджеттик мекемелердин... Читать дальше...

Кыргызстанда бир жылда 50 миңдей жуп никелешип, 11 миңдейи ажырашты

Azattyk.org 

2019-жылы Кыргызстанда 49 431 миң жуп никеге туруу, 10 992 ажырашуу катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен алынган маалыматтарды талдаган мекеме 1000 баш кошууга 222 ажырашуу туура келип жатканын билдирет. Никелешкендердин көбү Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында катталса, ажырашкандардын көбү Бишкек шаарына, Чүй, Ысык-Көл дубандарына туура келет. Ажырашкандардын үчтөн бири - беш жылдан кем эмес никеде турган жубайлар. Читать дальше...

Арзан дарынын COVID-19га каршы касиети

Azattyk.org 

Илимпоздор дексаметазон дарысы менен COVID-19га чалдыгып, катуу ооругандардын үчтөн бирин сактап калууга мүмкүн экенин айтып чыгышты.

Президенттик аппарат: 542 киши Кыргызстандын жарандыгын алат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө эки жарлыкка кол койду.  Мамлекет башчынын биринчи жарлыгына ылайык, 542 адам (анын 433ү чоңдор, 109у балдар) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынат. Экинчи жарлыгы менен кыргыз жарандыгынан 332 адам (267си чоңдор, 65и балдар) чыгарылат. Бул маалыматты президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 17-июнда кабарлады. Быйыл апрель айында да президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен 1338 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынган. Читать дальше...

Тажикстанда райсоттун төрагасы коррупция айыбы менен кармалды

Azattyk.org 

Тажикстандын Согди облусундагы Айни райондук сотунун төрагасы Шараф Турсунзода коррупция айыбы менен кармалды. Бул кабарды 17-июнда өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Сулаймон Султонзода ырастады.  Шараф Турсунзода эки күн мурун “соттордун ар-намысына шек келтирген иштерди жасаган” деген жүйө менен кызматтан алынган. Бул боюнча Турсунзоданын жана анын жакындарынын пикирин угууга мүмкүн болгон жок. Турсунзода Айни райондук сотунун төрагасы катары болгону төрт ай иштеген. Ага чейин ушул эле сотто катардагы судья болгон. Читать дальше...



Индияда Кытайга каршы митингдер өттү

Azattyk.org 

17-июнда Индиянын бир катар шаарларында Кытайга каршы митингдер өттү. Анда Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин сүрөтү өрттөлүп, кытай товарларын сатып албоого чакырык ташталды. "Индиянын 1,3 миллиард жаранына жана чет өлкөлөрдөгү туугандарыбызга кайрылып, аларды кытай товарларына бойкот жарыялоого чакырабыз. Биз Кытайга каршы экономикалык согуш жарыялашыбыз керек", – деди Канпурдагы Соода уюмдарынын биринин башкатчысы Гиянеш Мишра. Демонстрациялар дүйшөмбүдө талаштуу Гималай чек арасында эки өлкөнүн аскерлеринин куралдуу тиреши орун алып... Читать дальше...

Мирлан Жээнчороев Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиядан чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутат Мирлан Жээнчороевдин Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын курамынан чыгуу тууралуу арызын 17-июнда жалпы жыйында добушка койду. Анда Жээнчороев комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен макул болбогондуктан арыз жазганын жүйө келтирген.  Чечимди 84 депутат колдоп, Жээнчороев комиссиядан чыгарылды. Мунун алдында Мирлан Жээнчороев өзү комиссиянын курамынан чыгарын жыйында кабарлап... Читать дальше...

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак өткөрмө бекеттеринде тыгын жоюлду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердеги жагдай тууралуу билдирүү таратып, 17-июнга карата автоунаалардын узун кезеги жана тыгыны жоюлганын кабарлады. Мекемеден билдиришкендей, эки өлкөнүн ортосундагы «Чалдыбар» жана «Кең-Булуң» бекеттеринин жанданышы «Ак-Тилек» бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын азайтууга салым кошту. Учурда Чүй облусундагы аталган үч өткөрмө бекеттен сырткары Таласта «Чоң-Капка» бекети да иштеп жатат. Мунун ичинен... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү бекитти

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекитти. Депутаттар дээрлик бир добуштан колдоп добуш беришти. Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекиди. Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов жаңы келди. Читать дальше...

Техникалык өкмөт келди. Эмне өзгөрөт?

Azattyk.org 

Кыргызстанда кайрадан премьер-министр алмашты. Акыркы жылдары салыштырмалуу узагыраак иштеген Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштык жаңжалынан улам отставкага кетти. Анын ордуна парламенттеги коалиция Кубатбек Бороновду сунуштап, парламент аны колдоду. Пандемиялык шартта экономикасы оор кырдаалга кептелген Кыргызстанда премьер-министрдин алмашуусунан эмне өзгөрөт? Кубатбек Боронов кандай өкмөт башчы болот? Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Жанар Акаев, мурдагы депутат Бектур Асанов... Читать дальше...

АКШ бийлиги Болтондун китебин чыгартпоо үчүн сотко кайрылды

Azattyk.org 

АКШнын Юстиция министрлиги өлкө президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтондун китебин чыгартпоо максатында шейшембиде сотко кайрылды. Болтондун «Баары болуп өткөн бөлмө: Ак үйдөгү эскерүү» аттуу китеби 23-июнда жарыяланары күтүлүүдө. Анда өлкө президентинин чечимдери камтылганы буга чейин жарыяланган.  Бийлик китепте купуя маалыматтар камтылганын эске салып, алардын жарыяланышы улуттук коопсуздукка коркунуч келтирерин эскертип жатат. Дүйшөмбүдө президент Дональд Трамп да буга байланыштуу пикирин билдирген... Читать дальше...

Никитенко жаңы өкмөттүн Абылгазиевдин программасын улантуу тууралуу билдирүүсүн сынга алды (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Бороновдун экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин программасын улантуу тууралуу билдирүүсүн сынга алды. Депутат мурдагы өкмөттүн курамы негизинен сакталып жатканы менен ал өкмөттүн иши чабал болгонун билдирди. Боронов мурдагы өкмөттө биринчи вице-премьер-министр катары эки жылдай иштегенин, анда кемчиликтер менен кошо жетишкендиктер да болгонун айтты. Ал ошол себептүү өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык»... Читать дальше...

“Реформа жана жыйынтык үчүн” биримдиги өкмөттү чечкиндүү кадамдарды жасоого чакырды

Azattyk.org 

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык биримдиги Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылып, коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды. Жарандык биримдик тараткан кайрылууда өткөөл мезгилге карабай, шайлоого чейинки убакытка жаңы өкмөт башчы дайындалып жатканы белгиленип, бул оор учурда чоң жоопкерчилик жана ыкчам аракеттер талап кылынары жазылган. “Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр өлкөнүн экономикасына чоң таасир тийгизип, мамлекеттик бюджетте дефициттин көбөйүүсүнө алып келди. Читать дальше...

Бийликке сынын ачык айткан чыгармачыл жаштар

Azattyk.org 

Соңку учурда өнөр адамдары өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларга өз ой-пикирин ачык айтып чыккан учурлар арбыды. Айрыкча төкмө акындар жана жаштар арасында популярдуу рэп жанрындагы аткаруучулар бийликке, коомчулукка кайрылып, мамлекеттеги терс көрүнүштөрдү чыгармачылыгы менен билдирип жатышат.

Үсөнбаев: коронавирустан каза болгон жигит өз алдынча дарыланып жүрө берген

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин  брифингде билдиргенине караганда, 17-июнга караган түнү Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан 36 жаштагы жигит коронавирус жугузуп алгандан кийин каза тапты. Ал Жалал-Абадга тажыяга катышуу үчүн 11-июнда Бишкектен барганы белгилүү болду. “Ал жактан абалы начарлап, Жалал-Абад шаардык ооруканасына кайрылган. Ал жерде стационарда жаткан, жандандыруу бөлүмүндө да дарылоо аракеттеринен натыйжа бербей, үзүлүп кетти. Анын эки өпкөсү тең кагынып (пневмония) калганы ренгтенден аныкталды”.

Момбеков: Кошомат кылып жүрүп Абылгазиевди кетирдиңер

Azattyk.org 

Жаңы өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү маселесин караган Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында депутаттар Камчыбек Жолдошбаев менен Рыскелди Момбековдун ортосунда кайым айтышуу болду. Депутат Жолдошбаев өкмөт мүчөлөрүнө суроо берүүнү чектеп, жыйынды түшкө чейин жыйынтыктоону сунуш кылды. Ал башка эл өкүлдөрү ушул маселени айтууну андан суранып жатканын айтты. Буга дагы бир депутат Рыскелди Момбеков нааразылык билдирди. «Урматтуу кесиптештер! Ушундайды токтотпойлубу?! Камчыбек байке, сизден ким суранды айтып коюңузчу. Читать дальше...

“Мегаком” компаниясынын кызматкеринен COVID-19 аныкталды

Azattyk.org 

“Мегаком” компаниясынын бир кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Дагы бир кызматкер вирус жуктурган деп шектелип жатканын, анын анализинин так жыйынтыгы бүгүн, 17-июнда чыгарын компаниянын басма сөз катчысы Жумгалбек Өмүрканов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, вирус аныкталган кызматкер учурда обсервацияда. “Кырдаалга жараша биздин көпчүлүк кызматкерлерибиз үйдөн иштеп жатышат. “Компания вирус жуктурган кызматкерлер менен байланышта болгон жумушчуларды акы төлөнбөөчү өргүүгө кетирип жатыптыр”... Читать дальше...

Боронов: Коронавирус менен ооругандардын 64% симптому жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жаңы өкмөттүн курамын бекитүү боюнча парламенттин 17-июндагы жыйынында COVID-19 илдетине каршы күрөшүү ыкмасы тууралуу маселе көтөрдү. Депутат штабдын жаңы алгоритмге ылайык симптому жок адамдардын үйдө олтуруусун милдеттендирген чечимине кызыкты: Боронов коронавируска кабылгандар бир нече категорияда экенин, анын ичинде симптому жоктор көп экенин маалымдады. «Коронавирус менен ооругандарды бир нече бөлүккө бөлгөнбүз. Абалы боюнча биринчиси «өтө оорлор»... Читать дальше...

Депутат Бекешев Кимсановду сабагандарга чара көрүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалышын уюшкан кылмыштуу топтун баш көтөрүшү катары сыпаттады. Депутат бир күн мурун тараган видеотасмага байланышкан маселени жаңы өкмөттүн курамын талкуулаган парламент жыйынында көтөрүп,бул көрүнүш боюнча жоопкерчиликке ким тартыларына кызыкты: «Кечээ, тергөө абагында мурдагы бажы системасында иштеген Эмилбек Кимсановду сабалышы боюнча видеотасма жарыя болду. Эми бирөө чара көрүшү керек. Жаза аткаруу кызматында дайыма ушундай болуп жатат. Читать дальше...

Үсөнбаев: Инфекциянын булагы белгисиз учурлар көбөйүп жатат

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 17-июндагы брифингде берген маалыматына караганда, акыркы суткада жаңы аныкталган 90 адамдын ичинен 42си оорулуу адамдар менен байланышта болгон. 36сы инфекцияны кайдан жуктуруп алганын билбейт. Калгандары чет жактардан келген кыргызстандыктар. Үсөнбаев жарандарды өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга, санитардык эрежелерди бекем сактап, муктаждык болбосо, эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды. Читать дальше...

Кыргызстандын тышкы карызын төлөөнү жылдырууга бир нече тарап макул болду (видео)

Azattyk.org 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Боронов парламенттин 17-июндагы жыйынында тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Жаңы өкмөттүн программасы менен таанышуу учурунда ал карыздын мөөнөтүн жылдырып турууга бир нече тарап менен макул болгонун билдирди. «Азыркы мезгилдеги экономикалык кырдаал тышкы карызды тейлөө маселелерин чечүү жолдорун табууну мажбурлап жатат. Президентибиз баш болуп, өкмөт... Читать дальше...

COVID-19: Вирус 90 кишиден жаңы аныкталды, бир адам каза болду (видео)

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 17-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 90 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү борбор калаадан: Бишкек шаарында – 36 Ош шаарында - 7 Ош облусунда - 6 Талас облусунда - 6 Баткен облусунда - 3 Жалал-Абад облусунда - 3 Чүй облусунда – 2 Ушуну менен жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2562 адамга жетти. Илдет жуктуруп алган 30 адам каза болду. Ошондой эле вирус жуктуруп алган... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *