Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 17.06.2020

ЖАМК: “Кимсанов сабалды” деген тасма фейк болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Эмилбек Кимсановдун сабалганы тартылган тасманы каттоого алып, кылдат текшерүүнү баштаганын билдирди. ЖАМК тараткан маалыматта “Тасманы жайлатып көргөн учурда ал тартылган жер Кимсанов отурган абакка окшошпогону байкалды. Тасмада кишилердин жүздөрү даана көрүнгөн эмес. Бул тасма фейк болушу мүмкүн” деп жазылган. Ошондой эле маалыматта Эмилбек Кимсанов Бишкектеги №1 тергөө абагына 3-апрелде жеткирилип, дагы үч киши менен чогуу карантин камерасына киргизилгени... Читать дальше...

Казакстанда бир суткада коронавирус жуктурган миңден ашык киши аныкталды

Azattyk.org 

Акыркы суткада Казакстанда коронавирус жуктурганы аныкталгандар 1033 кишиге жетти. Бул өлкөдө COVID-19 илдети катталгандан берки эң жогорку күнүмдүк көрсөткүч. Ал адамдардын ичинен 350сүндө илдеттин белгилери бар, 683 кишиде коронавирустун симптомдору байкалбайт деп билдирди 17-июнда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги.   Казакстан бийлиги 3-июндан бери коронавирус жуктургандарды белгилери ачык билингендерин “ооругандар”, билинбегендерин “таратуучулар” деп эки бөлөк эсептөөдө. Экинчи топтогуларды... Читать дальше...

Парламент өкмөттүн жаңы курамын, программасын карап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын аныктоо жана анын программасын бекитүү маселесин карап жатат. Биринчи вице-премьер-министр, өкмөт башчылыкка сунушталган Кубатбек Боронов министрлер кабинетиндеги жаңы талапкерлер жана өкмөттүн программасы тууралуу баяндама жасады. Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Боронов 16-июндан бери премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турат. Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун... Читать дальше...

Армян парламенти оппозиция лидерин камоого уруксат берди

Azattyk.org 

Армениянын парламенти оппозициядагы “Гүлдөгөн Армения” (ППА) фракциясынын лидери, өлкөдөгү эң бай адамдардын бири Гагик Царукянды камакка алууга макулдук берди.  Улуттук Жыйындагы оппозиция добуш берүүгө катышкан жок. Көпчүлүктү түзгөн премьер-министр Никол Пашиняндын “Менин кадамым” фракциясы бир добуштан колдоду. Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы Гагик Царукянга байланыштуу үч кылмыш ишин козгогон. Тактап айтканда, “Гүлдөгөн Армения” партиясы 2017-жылкы парламенттик шайлоодо жапырт добуш сатып алган... Читать дальше...

Ингушетияда жер талашта беш кишинин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Орусиянын Назрань шаарында шейшембидеги атышуудан беш адамдын өмүрү кыйылды. Алардын бири полициянын капитаны Адам Медов жана анын тууганы, Орусиянын Улуттук гвардиясынын аты аталбаган кызматкери экенин өз булактарына таянып “Интерфакс” жазды. Акыркы маалыматтарга караганда дагы экөө жарадар. «Кавказ.Реалии» сайты туугандар ортосундагы жер талаш чырга айланып, ага эки тараптан 15ке чамалуу киши кириптер болгонун маалымдады. Көз жумгандар жана жарадарлар негизинен Медовдордун тайпасынан. Тергөө... Читать дальше...

Трамп полицияны реформалоо тууралуу жарлыкка кол койду

Azattyk.org 

Шейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп полицияны реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык полиция департаменттерине грант бөлүүнүн өзгөрүшүн камтыйт. Полицияга кадрларды тандоону жакшыртуу каралып, кызматкерлерге күч колдонууда жаңыланган стандарттарды сактоо сунушталат. Ак үйдө өткөн кол коюу иш-чарасына полиция кызматкерлери менен кагылышууларда каза болгон америкалыктардын туугандары катышты. Президент тартип сакчыларынын профессионалдык жана моралдык стандарттарын жогорулатуу зарыл экенин белгиледи. Читать дальше...

«Ата Мекен» өкмөт башчылыкка Элдар Абакировду сунуштады  

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясы Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга премьер-министрдин кызмат ордуна альтернативдүү талапкер катары экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировду кароону сунуштап, билдирүү таратты. «Биз коалицияны жана анын айрым мүчөлөрүн Элдар Абакировду колдоого чакырабыз, анын кризисти жеңүү үчүн жана пандемиядан келип чыккан шоктон кийин Кыргызстандын экономикасын жүргүзүү үчүн өзүнүн программасы бар».  Партиянын кайрылуусунда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишмердүүлүгүн сындап... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *