Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 22.06.2020

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мекеменин басма сөз кызматы 22-июнда билдиргендей, алар өлкөнүн түрдүү аймагында иштеген адистер. Баары медициналык көзөмөлдө. COVID-19 диагнозу коюлган кызматкерлер менен байланышта болгон кесиптештеринен, туугандарынан да анализ алынды. Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктургандар 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды. Оору жуктуруп алгандар июндун экинчи жарымында көбөйүп... Читать дальше...

Британиядагы кол салуудан өлгөндөрдүн бири АКШ жараны болчу

Azattyk.org 

АКШнын Лондондогу элчилиги 20-июнда Ридинг шаарында болгон кол салуудан өлгөндөрдүн бири америкалык жаран экенин башыктады. Британ бийлиги үч киши каза болуп, дагы үчөө жаракат алган кандуу окуяны теракт деп сыпаттаган. Полиция бычак сайган 25 жаштагы киши абакта экенин билдирди, бирок аты-жөнүн атаган жок. Батыштагы коопсуздук кызматтарындагы булактардын бири "Рейтерс" агенттигине айтып бергендей, полиция ливиялык Хаири Саадалла деген кишини кармаган. Ал эми Би-би-си аны британ чалгын кызматы билчү деп жазды. Читать дальше...

Чүй облусунун айрым тургундары жерди трансформациялоону талап кылып чыгышты

Azattyk.org 

Чүй облусунун аймагындагы Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айрым тургундары өкмөттөн жерди трансформациялоону талап кылышты. Күбөлөрдүн айтымында 22-июнда өкмөт үйүнүн алдында уюштурулган митингге элүүдөй киши катышты. Акциянын "Транформация" кыймылынын атынан чыкканын билдирген катышуучулары үн күчөткүч аркылуу "Трансформация болсун!", "Боронов чыксын!" деп кыйкырып турушту. Көйгөй чечилбесе, митинг уланарын айтышты.  Нааразылык билдирип чыккандар менен өкмөттүн тиешелүү кызматкерлери чыгып... Читать дальше...

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамды тармактык комитетте кароо кийинкиге жылдырылды

Azattyk.org 

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан кароо маселеси парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 22-июндагы жыйынын күн тартибинен алынды. Буга мыйзамдын демилгечилеринин келбей калганы себеп болду. Аталган комитеттин мүчөсү, депутат Жанарбек Акаев долбоордун авторлору комитеттин кароосунан убактылуу... Читать дальше...

Кытайдан качкан этникалык казактар абактан чыкты

Azattyk.org 

Кытайдан качып чыккан этникалык казактар Кастер Мусаханулы жана Мурагер Алимулы 22-июнда Семей шаарындагы абактан чыгышты. Адвокат Ляззат Ахатова алар 8 айдан ашуун убакыт камакта отуруп чыкканын билдирди.  Мусаханулы жана Алимулы «мамлекеттик чек арадан атайлап мыйзамсыз өткөн» деп айыпталган. Райондук сот быйыл январда алардын ар бирин бир жылга абакка кескен. Адвокаттын айтымында, экөөнүн тең качкын деген макамы эмки айда соңуна чыгат.  Алар былтыр октябрда казак-кытай чек арасынан өтүп, Шинжаңдан Казакстандын Зайсан районуна барышкан. Читать дальше...

Түрк авиакомпаниялары кыргыз тарапка каттамдарды калыбына келтирүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Түркиянын "Turkish Airlines", "Pegasus" авиакомпаниялары Кыргызстан менен аба каттамдарды 1-июлдан тарта калыбына келтирүүнү сунуш кылды. Кыргыз өкмөтү макул боло электигин Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал коронавирус жуктургандар күн сайын көбөйүп жаткандыктан, эл аралык каттамдарды жандантуу маселеси азырынча күн тартибинде жоктугун айтты. COVID-19 пандемиясынан улам март айында Кыргызстан эл аралык жана ички авиакаттамдарды токтоткон.... Читать дальше...

Сеул Пхеньянды үгүт баракчаларынан баш тартууга чакырды

Azattyk.org 

Сеул Пхеньянды чек ара аймагына үгүт баракчаларын жөнөтүү планынан баш тартууга чакырды. Анын алдында Түндүк Корея 3 миң үйлөмө шарга туташтырып, 12 миллион баракча таратарын эскерткен. Корей жарым аралындагы чыңалуу өткөн аптада Пхеньян каршы тарапка качып кеткен диссиденттер пропагандалык баракчаларды салып жатышат деген негизде коңшу өлкө менен байланыш кеңсесин жардырып жибергенден кийин күчөдү. 22-июнда Түштүк Кореянын Түндүк Корея менен биригүү иштери боюнча министрлигинин басма сөз өкүлү... Читать дальше...

Иран Венесуэлага азык-түлүк жиберди

Azattyk.org 

Ирандын азык-түлүк жүктөлгөн кемеси Венесуэланын жээгине жакындап калды. Ислам жумуриятынын Каракастагы элчилиги кабарлагандай, товарлар ал өлкөдөгү биринчи ирандык супермаркетке коюлат. Өткөн айда Тегеран Венесуэлага бир жарым миллион баррель күйүүчү май жеткирген. Бир кездери Түштүк Америкадагы ири мунай өндүрүүчүлөрдөн болгон өлкө терең экономикалык кризистен улам бензин тарыштыгынан жапа чегип жатат. Анын үстүнө АКШ киргизген санкциялар да күчөтүлгөн. Иран ошондой эле Венесуэлага мунай тазалоочу... Читать дальше...



Кой-Таш окуясы боюнча Кундуз Жолдубаевага жети берене менен айып тагылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 22-июнда уланган Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевага прокурорлор жети берене менен айып тагышты. Бул тууралуу Жолдубаева өзү билдирип, аны абсурд деп атады. Жолдубаева бийликти күч менен басып алууга, барымтага алууну, массалык башаламандыктарды уюштурууга жана башка кылмыштык аракеттерге айыпталууда. «Прокурорлордун ушундай абсурд айыптоосу – өлкөнү башкарып жаткан үй-бүлөлүк-кландык... Читать дальше...

COVID-19 : Дүйнөдө вирус жуккан эң көп учур катталды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму дүйшөмбү күнү акыркы бир күндүн ичинде коронавирус дагы 183 миңден ашык адамдан табылганын билдирди. Бул - пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Ага ылайык, оору жугузуп алгандардын теңинен көбү, 116 миңден ашыгы Түндүк жана Түштүк Америкага туура келет. Бразилияда акыркы бир күндө вирус 55 миңден көп адамдан аныкталып, рекорддук чекке жетти. Бул өлкөдө оорудан 50 миңдей киши көз жумду. АКШда соңку 24 сааттын ичинде дарт 36 миңден ашык кишиден табылды. Читать дальше...

АКШ менен Орусия өзөктүк куралды чектөөнү талкуулашат

Azattyk.org 

АКШ менен Орусия стратегиялык куралды чектөө боюнча келишимди талкуулаганы жатат. Венадагы сүйлөшүүнүн алдында Москва азыркы келишимди узартууну сунуш кылган. Ага ылайык тараптар стратегиялык өзөктүк дүрмөттөрүн 1 550 даанадан ашырбоого тийиш. Эки атомдук держава ортосундагы бул акыркы чоң келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февралында аяктайт. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун айтымында, макулдашууну узартуу үчүн кошумча жүйө жок, бирок Москва буга чейинки позициясында турат. Читать дальше...

Жогорку Кеңештин эки депутатынан, аппараттын үч кызматкеринен коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Алардын баары обочолонгонун парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирип, айрым сайттар жазгандай "беш депутаттан коронавирус чыкты" деген маалыматты четке какты. Этика жана коопсуздук чараларынан улам инфекция жуктурган депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин ысымдары ачык айтылбайт. Басма сөз кызматынын жетекчисинин билдиргенине караганда вируска чалдыккан эки депутаттын биринен жаңы аныкталды. Читать дальше...

23-июнда көп аймактарда жамгыр жаайт

Azattyk.org 

23-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар жаайт.  Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Талас облусунда түнкүсүн 14....19, күндүз 28...33, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36... Читать дальше...

Жалал-Абад шаардык мэриясы карантинге алынды

Azattyk.org 

Жалал-Абад мэриясы 22-июндан тартып карантинге алынды.  Кызматкерлер онлайн иштей баштаганын мэриянын басма сөз борбору билдирди. 17-июнда калаа башчысы Мураталы Тагаевден COVID-19 аныкталып, аппараттагы 50дөй кызматкер анализ тапшырган. Алардын арасынан үч кишиден коронавирус чыккан. Шаар мэриясына жанаша жайгашкан борбордук базар аптасына бир жолу жабылып, дезинфекцияланууда. (RsK\SE)

Адилет Султаналиев өкмөт башчынын басма сөз катчысы кызматынан кетти

Azattyk.org 

Бул тууралуу Адилет Султаналиев 22-июнда "Твиттерге" жазды. Ал мындан ары мамлекеттик эмес уюмдардагы долбоорлордо иштей турганын "Азаттык" радиосуна билдирди.  Султаналиев 2018-жылдын июлунан бери мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы болуп иштеди. Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Аны радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электиги менен негиздеген. Президент Абылгазиевдин арызын жана өкмөттүн отставкасын 16-июнда кабыл алган. Читать дальше...

Кыздардын саламаттыгын сактайлы

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу өспүрүм кыздардын саламаттыгы, жеке гигиенасы тууралуу баарлаштык. Мектептерде, окуу жайларда, үй-бүлөдө кыздар үчүн ден соолугуна кам көрүп, сексуалдык билимин жогорулатууга шарттар барбы? Адистердин ой-пикирлерине орун берели.

Президент баштаган мамлекеттик, коомдук ишмерлер маркум Болот Шердин жакындарына көңүл айтты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков, мурдагы президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган аткаминерлер мамлекеттик жана коомдук ишмер, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шердин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты. «Болот Шер өмүрү жана басып өткөн эмгек жолу - принципиалдуулуктун, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөндүктүн үлгүсү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, демократиялык баалуулуктардын... Читать дальше...

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кыскарды

Azattyk.org 

2020-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 764,5 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,1% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин ай сайын жарыяланчу жаңы баяндамасында маалымдалды. Мунун ичинен 599 млн. 621 миң доллар импортко туура келет жана ал 5,2% кыскарды. Аталган өлкөлөргө экспорттун көлөмү 164 млн. 892 миң доллар болуп, былтыркы жылдын төрт айына салыштырганда 17,4% азайды. Кыргызстан биримдиктин... Читать дальше...

Өзгөндө 19 жаштагы жигит селкинчектен жыгылып каза болду

Azattyk.org 

Өзгөн шаарынын 19 жаштагы тургуну селкинчектен кулап, ооруканада көз жумду. Окуя 20-июнда Сарахсий көчөсүндөгү эс алуу багында болгонун "Азаттык" радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.  Факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, милиция териштирүүдө. Аширбаев эс алуучу жай менчик экенин, ээсинин жоопкерчилиги да караларын кошумчалады. Өзгөн шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бир жыл мурда да  ушул жерде бир киши селкинчектен кулап кетип каза тапкан. Читать дальше...

Коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 582ге жетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир суткада 26 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы брифингде билдиргендей, алар төмөнкү аймактарда иштешет: Бишкек шаарында – 6 Чүй облусунда – 3 Ош шаарында – 2 Ош облусунда – 4 Баткен облусунда – 2 Ысык-Көл облусунда – 6 Нарын облусунда – 2 Талас облусунда – 1 Жалпысынан COVID-19 диагнозу 582 медицина кызматкерине коюлган. Алардын экөө каза болуп, 387си айыккан.  Кыргызстанда... Читать дальше...

Путин кийинки шайлоодон баш тартпайт

Azattyk.org 

Эгерде орусиялыктар 1-июлдагы жалпы элдик референдумда конституциялык өзгөртүүлөрдү колдосо, президент Владимир Путин кийинки шайлоого барарын четке какпайт. Бул тууралуу 20 жылдан бери бийлик башында турган 67 жаштагы орус мамлекет башчысы жергиликтүү телеканалга айтты.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынан коронавирус табылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдон COVID-19 вирусу табылды. Бул тууралуу ал өзү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Маматов ооруканаларда орун жетишсиздигин айтып, үйдө дарыланып жатканын билдирди. Өз сөзүндө «вирустун экинчи толкуну келгенин» белгилейт. Мурдараак Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден, Оштун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан вирус табылган. Кыргызстанда 22-июнда дагы 205 кишиден коронавирус табылды. Читать дальше...

Коронавирус: 118 ыкчам номуру күнү-түнү иштөө тартибине өттү

Azattyk.org 

Коронавирус маселеси боюнча жарандарга кеңеш берүүчү 118 ыкчам телефон номуру күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди:  "Июнда коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин көбөйдү. 21-июнда Республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү. 118 ыкчам номуруна туташкан 14 линияда адистер 24 саат бою кеңеш берүүдө". Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *