Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Жазык кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүмү ("Жалданмачылык") фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргызстандын 31 жаштагы жараны (Т.Н.) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекемеден билдиришкендей, кармалган адам 2014-2017-жылдар аралыгында Сирия аймагында болуп, Сирия Араб Республикасынын өкмөтүнүн аскерлерине каршы эл аралык террордук уюмдун катарында куралдуу жаңжалдарга катышып келген. Читать дальше...