Президент Жээнбеков Москвадагы парадга катышуу үчүн кетти
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанатка катышуу үчүн 23-июнда Орусияга учуп кетти. Президенттин сайты сапар орус лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен уюштурулганын жазды. Иш сапардын алкагында Жээнбеков 24-июнда Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат. Мурдараак Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да Москвага Путиндин чакыруусу менен сапар тартары расмий кабарланган. Читать дальше...