Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 23.06.2020

Жээнбаева: мугалимдерге эмгек өргүү акысы техникалык себептен улам кечигүүдө

Azattyk.org 

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Бишкектен башка аймактардагы мугалимдердин баарына эмгек өргүү акылары толук төлөнгөнүн билдирди. Баш калаада техникалык процедураларга байланыштуу азырынча толук бериле элек. Министр бюджеттен 744 миллион сом бөлүнгөнүн, жакын арада төлөнөрүн айтты. Бирок маселе так качан чечилерин белгилеген жок.  Соңку күндөрү Бишкекте мектеп мугалимдери жайкы эмгек өргүү акысын ала албай жатканы тууралуу соцтармактарда жазылып, нааразылык айтылууда. Коронавирус пандемиясына... Читать дальше...

Эл үнү: Жолдо калган мигранттар, жардам сураган эне

Azattyk.org 

«Эл үнүнө» чет өлкөдөн келе албай жаткан мигранттар, студенттер жана социалдык колдоого муктаж адамдар кайрылышты. Санитардык талаптарды аткарууга такыр шарт жок деп даттанган окурмандардын ойлоруна да орун беребиз.

Мамлекеттик ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатуу митинги өтүп жатат (видео)

Azattyk.org 

Мамлекеттик ишмер Болот Шерди (Болотбек Шерниязов) акыркы сапарга узатууга арналган митинги Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында өтүп жатат. Анда “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Болот Шерди "элдин руху болду, биз көрбөгөн, билбеген фундаментти курду" деп, жазуучуларды, акындарды колдогонун, кыргыздын көкжалдыгын көрсөткөн көкбөрүнү улуттун рухуна айландырганын белгиледи. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев "улутка, мекенге, маданиятка, саясатка кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп кетти" деди. Читать дальше...

"Иркештам автожол" өткөрүү пункту убактылуу жабылат

Azattyk.org 

Кытайдагы күрүч майрамына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы "Иркештам автожол" өткөрүү пункту 25-28-июнь күндөрү убактылуу жабылат. 29-июндан баштап автокаттамдар улантылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Кытай тараптын демилгеси менен улуттук майрамдарга байланыштуу кыргыз-кытай чек ара бекеттери маал-маалы менен кыска мөөнөткө убактылуу жабылып турат. Быйыл Кыргыз өкмөтү Ухань шаарында күчөгөн коронавирус илдетине байланыштуу 23-январдан тарта кыргыз-кытай чек арасындагы... Читать дальше...

«Вируска ишенбей, күйөөмдөн айрылдым»

Azattyk.org 

Орусиядагы миллионго чукул кыргызстандык мигранттын канчасынан коронавирус аныкталып, көз жумганы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек. Коронавирус жугузуп алгандан кийин каза болгондордун жакындары «Азаттыкка» кайрылып, башынан өткөргөндөрүн айтып беришти.

Үч өлкөдөгү кыргызстандыктар бир каттамда кайтышты

Azattyk.org 

Түштүк Кореядан, Жапониядан жана Филппинден кыргызстандыктар Бишкекке кайтышты. Тышкы иштер министрлиги 23-июнда кабарлагандай, жалпысынан 19 киши келди.   "Жарандарыбыз Токио, Манила шаарларынан Сеулга кадимки каттамдар аркылуу, андан ары Алматыга чартердик каттам менен "Air Astana" авиакомпаниясынын учагы менен келишти. Бишкекке атайын автоунаада жеткирилди",- деп кабарлады министрлик.  Алардын баары медициналык кароодон өтүүдө.  COVID-19 пандемиясынан улам март айында Кыргызстан эл аралык жана ички авиакаттамдарды токтоткон. Читать дальше...



Кыргызстанда 163 кишиден коронавирус жаңы аныкталып, бир аял каза болду (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус жуккан бир бейтап каза болду. Ал 54 жаштагы аял экенин, Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасында көз жумганын саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.  23-июнга карата дагы 163 кишиден коронавирус табылды, 33 киши айыкты. Жаңы катталган бейтаптар төмөнкү аймактарда: Бишкек шаарында – 94 Чүй облусунда - 22 Ош шаарында – 16 Жалал-Абад облусу – 13 Ош облусунда – 9 Нарын облусу – 7 Баткен облусу – 1 Талас облусу ... Читать дальше...

Акыйкатчынын бөлүм башчыларынын биринен коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Мекеменин басма сөз кызматы бейтап обочолонгонун, аппараттын жумушу уланып жатканын билдирди. Гигиеналык жана коопсуздук чаралары көрүлгөн. Айрым кызматкерлер аралыктан иштеп атышат.  "Кыргыз Респубикасынын омбудсмени жөнүндө" мыйзамга ылайык, Акыйкатчы инстутуту өзгөчө абал же аскердик абал жарыяланган учурда деле ишти токтотпойт.  Омбудсменге арыз-муң менен кайрылчу кишилер 115 ыкчам номуруна байланышса болот.  Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Читать дальше...

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Москвадагы парадга катышат

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 24-июнда Москвада экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөрүлчү парадга барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлап, сапар Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ишке ашып жатканын билдирди.   Мирзиёев Орусияга 23-июнда барып, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.  Буга чейин Түркмөнстан, Армения жана башка бир катар мамлекеттердин жетекчилери Москвадагы парадга баруудан баш тартышкан.  Кыргызстандын президенти... Читать дальше...

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар 9 миллиондон ашты

Azattyk.org 

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы 23-июнда дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны тогуз миллиондон ашканын көрсөттү. Бир күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму соңку суткада 183 миңден көп адамдан коронавирус аныкталганын жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч экенин кабарлаган. Вируска чалдыккан соң 471 миңден көбү жашоо менен кош айтышып, 4 миллион 511 миңдей адам сакайды.  Оору эң көп тараган мамлекеттер (23-июнь, эртең менен саат 8ге карата):  АКШ - 2 310... Читать дальше...

Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

22-июнда Улуттук банк бир кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталганын билдирди. Буга чейин Улуттук банктын эки кызматкеринен коронавирус табылган. Учурда илдет аныкталган кызматкерлер дарыланууда, алардын оорусу жеңил өтүп жатат. Санитардык эрежелерге ылайык коронавирус аныкталгандар менен байланышта болгон башка кызматкерлер карантинге жөнөтүлүп, ПЧР – анализдин жыйынтыгын күтүп жатышат. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу банк 23-июндан баштап айрым кызматкерлерин үйдөн иштөөгө жөнөттү. Бирок, банк штаттык режимде иштөөсүн уланта берет. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *