Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 24.06.2020

Шаардык сот экс-мэр Кулматовду үй камагынан чыгарды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 24-июндагы отурумунда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун, «Альто Групп» компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагынан чыгарды. Калган жазаларын өзгөртүүсүз калтырды. Албек Ибраимовго карата да Ленин райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калды. Бул тууралуу айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев "Азаттыкка" маалымдады.  Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов баштаган мамлекеттик жана жеке ишкерлер Калыс-Ордо... Читать дальше...

Түркия менен Ирандын чек арасында түркиялык жоокер окко учту

Azattyk.org 

Түркиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн түштүк-чыгышында Иран тараптан атылган октон бир жоокери набыт болгонун, экөө жараат алганын билдирди. 24-июнда жарык көргөн билдирүүдө аскерлерин ким аткылаганы такталган жок. Анда түрк бөлүктөрү чек арага жакын жердеги Юксекова шаарынын жанында чалгын-көзөмөл миссиясын аткарып жатканда чабуулга туш болушканы айтылган. Ички иштер министри Сулейман Сойлу 9-июнда Иран менен чек арада курулуп жаткан дубал даяр болуп калганын айткан. Министр курулуш коопсуздугун камсыздоо... Читать дальше...

Өзбекстан илдет жуккан туристке кенемте төлөйт

Azattyk.org 

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев пандемия маалында Өзбекстанга келип, коронавирус жугузуп алган ар бир туристке 3 миң доллардан кенемте төлөп берүү тууралуу буйрукка кол койду. Өлкөнүн Туризм департаменти президенттин буйругун "туристтерди тартуу максатын көздөгөн жарнама" деп түшүндүрдү.

COVID-19: Сот Бразилиянын президентин беткап тагынууга милдеттендирди

Azattyk.org 

АКШ өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү өлкөнүн бардык аймагында коронавирус кеңири жайылып жатканынан улам тынчсыздануусун билдиришүүдө. Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институттун жетекчиси Энтони Фаучи эпидемияны ооздуктоо үчүн алдыдагы эки жумада болгон аракет көрүлүшү керектигин белгиледи. Ал өлкө коронавирустун алгачкы толкунан чыга электигин эскертти. АКШда ушул тапта күн сайын оору жуккан 30 миңдей учур катталып жатат. Карантин чаралары киргизилген маалда бул көрсөткүч 20 миңге чейин төмөндөгөн. Читать дальше...

Улуттук консерваториянын директору кызматына төртүнчү ирет конкурс жарыяланды

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын директорлук кызматына конкурс жарыялады. Бул кызматка талапкерди 2-июлга чейин билим берүү мекемелери жана каалоочулар өздөрүн өздөрү көрсөтө алышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" министрликтин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов билдирди. Анын айтымында консерваториянын жетекчилигине конкурс төртүнчү ирет жарыяланып жатат, бирок талапка ылайык жетекчи табылбай калууда. Кыргыз... Читать дальше...

Чек ара кызматы: Кыргыз-өзбек чек ара кызматкерлери Чечмеде жолугушту

Azattyk.org 

Бүгүн, 24-июнда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен багытындагы өкүлдөрү менен Өзбекстандын чек ара кызматкерлери жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Эки тараптын жолугушуусу Кадамжай районундагы Чечме айылында болду. Сүйлөшүүгө чектеш жайгашкан аймактардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ички иштер органдарынын жетекчилери да катышты. Жолугушууда тараптар Өзбекстандын чек ара кызматы тарабынан 23-июнда Чечме айылындагы булактын жанында жүргүзүлгөн топографиялык иштерин талкуулашты. Читать дальше...

Жээнбеков Москвадан кайткандан кийин үч күн обочолонууда болот

Azattyk.org 

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайткандан кийин үч күн обочолонууда болот. Бул тууралуу 24-июнда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. Анын айтымында, анализинен коронавирус чыккан эки кызматкер 14 күнгө обочолонот. Алар менен Москвага чогуу учуп барган президент жана башкалар анализ тапшырып, жыйынтыгы чыкканча болжол менен үч күн өзүнчө болушат. Стамалиева кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Москвага учар алдында COVID-19га анализ тапшырганын, баарыныкы таза чыкканын кошумчалады. Читать дальше...



Пакистандык журналисттер кармоочу жайда сабалганын билдиришти

Azattyk.org 

Журналисттердин укуктарын коргогон уюмдар пакистандык эки кабарчы куралдуу кошуундар тарабынан кыйноого туш болгонун билдиргенден кийин күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга үндөштү. "Samaa News TV" каналынын кабарчысы Саид Али Ахакзай жана "Khyber News TVнын" кабарчысы Абдул Матин Ахакзай Ооганстан менен чек арадагы карантин борборундагы начар абал тууралуу репортаж жасап жаткан жеринен кармалган. Алар Белужистан провинциясында үч күн кармоочу жайда жатып, ошол жерде уруп-сабоого туш болгонун айтышкан. Читать дальше...

Абакта отурган экс-депутат Осмоналиев коронавируска анализ тапшырды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган экс-депутат Каныбек Осмоналиев абалы начарлап, коронавируска анализ тапшырды. Мекеменин басма сөз кызматы 24-июнда кабарлагандай, шейшемби күнү ага "Тез жардам" чакыртылган: "Учурда Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле Осмоналиев COVID-19га карата ПЧР анализ тапшырды". Маалыматта УКМК кызматкерлери өлкөдөгү эпидемиологиялык... Читать дальше...

Мексикада күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Azattyk.org 

Мексиканын жээгинде шейшембиде 7,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Анын эпкини башкалаа Мехико жана өлкөнүн түштүк, борбордук бөлүктөрүндө, бардыгы болуп жети штатта сезилди. Борбор шаарда бери дегенде төрт киши каза тапты, ондогон имараттарга зыян келтирилди. Андан тышкары зилзала жер көчкүгө алып келип, кээ бир жерлерде жолдор буулуп калды, электр жарыгы өчтү. Президент Андрес Мануэл Лопес Обрадор мунай иштетүү жана электр энергияны өндүрүү ишканалары өңдүү инфраструктурага табигый кырсыктын залакасы тийбегенин билдирди. Читать дальше...

Бишкекке Сеулдан жана Ханойдон 42 кыргызстандык келди

Azattyk.org 

T-way аба компаниясынын Сеул - Бишкек аба каттамындагы чартердик учагы менен Түштүк Кореяда жана Вьетнамда жүргөн 42 кыргызстандык жаран Бишкекке жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чартердик каттам Түштүк Кореянын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында уюштурулган. Учуп келген бардык жарандар медициналык талаптарга ылайык, обсервацияга алынат. Май, июнь айларында Түштүк Корея аркылуу Вьетнам, Филиппин, Жапония өлкөлөрүнөн жүзгө жакын кыргызстандык келген. Тышкы... Читать дальше...

Мүйүздөн жаа жасап чет өлкөгө саткан уста

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүк уста Баттал Байзаков тоо текенин мүйүзүнөн жаа жасап, аны дүйнөнүн төрт бурчуна сатыкка чыгарып жүрөт. Жаанын баасы миң доллардан 5 миң долларга чейин барат. Эми ал бул эмгегин араб өлкөлөрүнө чыгарам деп турат.

Путин байлардын салыгын көтөрүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин кирешеси 5 миллион рублдан (72,700 доллар) ашкан жарандарга салыкты азыркы 13 пайыздан 15 пайызга көтөрүүнү сунуш кылды. Конституциялык өзгөртүүлөр боюнча реферундумга бир жума калганда жасаган кайрылуусун президент  Путин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга арнады. Анын айтымында, муну менен жылына 60 миллиард рублга (864.6 миллион доллар) көбүрөк салык чогултулат. Бул каражатты сейрек илдеттерге кабылган балдарды дарылоого жана медициналык техника сатып алууга жумшоо сунуш кылынды. Читать дальше...

Пхеньян Сеулга каршы аскердик планынан убактылуу баш тартты

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореяга каршы аскердик планынан убактылуу баш тартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Пхеньяндын борбордук маалымат агенттиги кабарлады. Лидер чечимин Корея жумушчу партиясынын аскердик комиссиясынын жыйынында жарыялады. Акыркы жумаларда Пхеньян менен Сеулдун ортосундагы мамилелер курчуй түшкөн. Түндүк Корея бийлиги диссиденттер үгүт баракчаларын таратып жатышканына нааразы болуп, кошуна менен бардык байланыш каналдарын үзүп салган. Көп узабай түндүк кореялык... Читать дальше...

ЖЭБ иши боюнча соттолгон Айбек Калиевдин экинчи кылмыш иши кыскартылды

Azattyk.org 

"Энергохолдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге алдамчылык боюнча козголгон экинчи кылмыш иши кыскартылды.Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту ушундай чечим чыгарганын Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев 24-июнда "Азаттыкка" бышыктады. Айбек Калиевге кытайлык ТВЕА компаниясынан алынган автоунааны ишенимге кирип, алдоо жолу аркылуу үчүнчү тарапка саткан деген айып былтыр сентябрь айында тагылган. Буга автоунаанын жаңы ээсинин арызы негиз болгон. Айбек Калиев муну ойлоп табылган иш деп... Читать дальше...

Бердымухамедов Жеңиштин 75 жылдыгына арнап ыр жазды

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 22-июнда өкмөттүн Ахал облусундагы көчмө жыйынында Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арнап жазган ырларын окуп берди. Президент вице-премьерлерге неберелери жасаган түркмөндөрдүн улуттук тумарын, каркыралар тартылган сүрөттү тартуулады. Расул Гамзатовдун «Каркыралар» деген чыгармасынын негизинде жазылган ырын окуп берди. Бердымухамедовдун ырынын котормосун жергиликтүү расмий маалымат каражаттары басып чыгарышты. Ошондой эле президенттин... Читать дальше...

25-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

25-июнда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35; Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 29…34; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13... Читать дальше...

Монголияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

“Монголиянын Элдик партиясы” 76 орундуу Улуу Хуралда 2016-жылы жеңип алган 65 мандатты сактап калууга аракеттенүүдө. Негизги атаандашы - Демократиялык партия. 3,2 миллион калктуу өлкөдө 29 шайлоо округунда 600 талапкер ат салышып жатат. Өзгөчө шаар аймактарында күрөш курч болууда. Борбор калаа Улан-Батордогу бир округда бир орун үчүн 28 талапкер ат салышып жатат. Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7де ачылып, кечки саат 10до жабылмакчы. Жыйынтыктар 25-июнда чыгат деп күтүлүүдө. Читать дальше...

Жээнбеков Москвадагы парадга катышкан жок

Azattyk.org 

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Москвадагы парадга ардактуу конок катары катыша алган жок. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Москвага учуп барганда кыргыз делегациясы коронавируска анализ тапшырып, экөөнүкү таза эмес болуп чыкты. Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, "Алгоритмге ылайык, президент Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан карманды. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды". Читать дальше...

Тажикстандын жана Ооганстандын кыргыздар жашаган аймактарына гумжардам жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Тажикстандын жана Ооганстандын этникалык кыргыздар жашаган аймактарына гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 21-июнда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб жана Жергетал райондоруна Ош шаарынан оор жүк ташуучу тогуз автоунаа жөнөп кетти. Аларга 200 тонна ун, 4 миң даана жууркан, 550 кутуга салынган тазалоо каражаттары жүктөлгөн. Ошол эле күнү Ооганстандын Чоң Памиринде жана... Читать дальше...

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамдар жандана элек

Azattyk.org 

Бул маалыматты Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги таратты. Элчилик расмий маалымат берилмейинче учакка билет сатып албоого үндөдү. Ага ылайык, айрым аба компаниялардын сайтында Кыргызстанга каттамдар жанданганы тууралуу кабарлар пайда болгон. Ушундан улам ага ишенген кээ бир мекендештер билет сатып алышкан. Элчиликтин билдирүүсүндө “Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдары жандана элек. Элчилик каттамдар ачылганы тууралуу расмий маалымдамайынча, учакка билет сатып албоону сунуш кылабыз” деп жазылган. Читать дальше...

Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлердин иши боюнча жарыш сөз уланууда

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча апелляциялык арыздарды кароону улантууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык соттун канцеляриясы кабарлады. Маалыматка караганда, отурумду соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиев алып барууда жана анда жарыш сөз жүрүүдө. Буга чейин "Акипресс" маалымат агенттиги шаардык сотто мамлекеттик айыптоочулар Албек Ибраимовго 20 жыл, экс-мэр Кубанычбек Кулматовго, «Альто Групп» компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеевге... Читать дальше...

Нарын: Памирликтер дыйканчылыкты өздөштүрүп жатат

Azattyk.org 

Абибулла Мухаммед уулу Ооганстандын Памир аймагынан Ат-Башыга 2018-жылы үй-бүлөсү менен көчүп келген. Учурда ал жаңыча жашоого көнүп, дыйканчылыкты акырындык менен өздөштүрө баштады. Аялы да бош отурбай, кол өнөрчүлүк менен киреше тапкысы келет. Айылдаштары болсо аларга жаңы там салып берүүнү ойлонуштуруп жаткан кези.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *