Ондогон уюмдар Интернетти чектөөгө каршы кайрылуу жарыялашты
Кыргызстандын жарандык жана медиа уюмдары Жогорку Кеңеште иштелип чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кабыл албоого чакырып, кол топтоп жатышат. Онлайн кайрылууга бүгүнкү күнгө карата алтымышка жакын уюмдун жана катардагы жарандардын колу коюлду. Алардын арасында жалпыга маалымдоо каражаттары, медиа уюмдар, байланыш операторлору жана провайдерлер, өкмөттүк эмес уюмдар бар. Кайрылуунун авторлору бул мыйзам эксперттердин, адистердин жана активдүү жарандардын пикирин эске албай, эреже бузуу менен кабыл алынып жатканын... Читать дальше...