Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 25.06.2020

Жер трансформациясын талап кылгандардын акциясы уланууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин алдында Чүйдүн Аламүдүн жана Сокулук райондорунун 50 чакты тургуну катышкан акция бүгүн да уланды. Алар 18-июндан бери пикетке чыгып, 25-июнга караган түнү ошол жерде түнөгөнүн “Азаттыкка” айтып беришти. Акциянын катышуучулары Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетер алдында жерди трансформациялоо жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып берсин деп жатышат. Мыйзам долбоору буга чейин парламентте биринчи окууда колдоо тапкан. Экинчи окууда каралганы жатканда өкмөт аны чакыртып алган. Өкмөт 18 депутат сунуш киргизгенин... Читать дальше...

Косово лидерлери оор кылмышка айыпталууда

Azattyk.org 

Гаагадагы атайын прокуратура согуш кылмыштары үчүн айыптагандан кийин Косовонун президенти Хашим Тачи Вашингтондогу сапарын аягына чыгарбай Приштинага кайтууну чечти.

Штаб: Мамлекеттик органдардын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтүүсү керек

Azattyk.org 

Мамлекеттик органдар кызматкерлерин аралыктан иштөөгө өткөрүү маселесин карап чыгышы керек. Мындай талап 25-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда коюлду. Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков өлкөдө эпидемиологиялык абал оорлогонун айтып, мекемелердин кызматкерлери саламаттыгын коргоо үчүн аралыктан иштөөгө өтүшү керектигин белгиледи. Мындай чара мамлекеттик органдардын ишине терс таасирин тийгизбей тургандай уюштурулуусу зарыл экенин кошумчалады. Ишти үзгүлтүккө учуратпоо... Читать дальше...

Париждеги Эйфел мунарасына көрүүчүлөр киргизиле баштады

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан улам март айынын ортосунда жабылган Франциянын баш калаасындагы Эйфел мунарасы 25-июндан тартып көрүүчүлөр үчүн кайрадан ачылды. Мунаранын администрациясы конокторго убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Ага ылайык, көрүүчүлөрдүн баары беткап кийип, бири-бири менен аралыкты сакташы керек. Жогору жакка жөө гана көтөрүлүүгө болот жана бул бери дегенде 30 мүнөт убакытты талап кылат. Алдын ала маалымат боюнча лифттер 1-июлдан тартып иштей баштайт. Мунаранын экинчи кабатындагы ресторан 30-июнда ачылып... Читать дальше...

"Пакистан эл аралык аба жолдору" ондогон учкучту иштен четтетет

Azattyk.org 

"Пакистан эл аралык аба жолдору" 426 учкучунун 150гө чукулун учакты башкаруудан четтеткени жатат. Улуттук компания мындай чечимин айрым учкучтар лицензияларын алдамчылык жол менен алганы тууралуу кабар ачыкка чыккандан кийин, 25-июнь күнү жарыялады. Аталган компаниянын май айында кыйраган учагынын чоо-жайын изилдеген өкмөттүк комиссия бир күн мурда өз корутундусун парламентке сунуштаган. Анда Пакистандын авиация министри Сарвар Хан "Пакистан эл аралык аба жолдору" улуттук аба компаниясынын ишинде кемчиликтер бар экенин... Читать дальше...

Милиция: Бишкекте каракчылык кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык милициясы башкалаада каракчылык кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, эки адамдан турган топ былтыр сентябрь айында “Престиж” деп аталган акча алмаштыруу жайынын кызматкерлерин тапанча менен коркутуп, 70 миң сом алып кетишкен. Ноябрда “Малайзия эмеректери” дүкөнүнө кирип, сатуучуларын тапанча менен коркутуп, 60 миң сом алып кетишкен. Көп өтпөй, борбор калаадагы «Эко-Исламик-Банктын» кичирайондордун биринде жайгашкан филиалынан 1 миллион 536 365 сомду тоноп алып кетишкен. Читать дальше...



Жогорку Кеңештин төрт депутаты коронавирустан дарыланып жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары арасынан коронавирус табылгандары төртөө. Соңку маалымат ушундай экенин 25-июнда парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди. Ал "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазганына караганда, Жогорку Кеңеш аппаратынын төрт кызматкери да учурда вирустан дарыланып жатат: "Дагы эки ЖК депутатынан COVID-19 аныкталды. Баары төрт депутат, төрт аппарат кызматкери дарыланууда. ПЧР-тест тапшыруу иштери уланууда".  Төрт депутат ким экени айтылган жок. Бирок өткөн аптада... Читать дальше...

АКШда COVID-19 жуккан учур апрелден берки эң чоң чекке жетти

Azattyk.org 

АКШда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 34,7 миңден ашык адамдан катталды жана бул апрель айынын аягынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Мындай жагдайдан улам Нью-Йорк, Нью-Жерси жана Коннектикут штатынын губернаторлору оору көбөйүп жаткан сегиз штаттан, тактап айтканда, Алабама, Арканзас, Флорида, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Техас жана батыштагы Аризона менен Ютадан келгендерди 14 күндүк карантинге алууну чечти. Оору очогуна айланган Техаста акыркы эки аптанын ичинде ооруканага жаткырылган бейтаптардын саны эки эсеге... Читать дальше...

Бишкектин Гинекологиялык ооруканасынын акы төлөнүүчү төрөт бөлүмү жабылууда

Azattyk.org 

Бишкектеги Гинекологиялык оорукана коронавируска байланыштуу жабылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 25-июнда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди. Анын айтымында, оорукананын акы төлөнүүчү төрөт бөлүмү азырынча жабылууда, аялдарга ыкчам гинекологиялык жардам берүү жагы күчтөндүрүлүп жатат: “Жабылган жок. Сизге туура эмес маалымат беришкен. Ал ооруканада мамлекетке акы төлөнүүчү төрөт бөлүмү бар. Ошол бөлүм гана жабылып жатат. Читать дальше...

Өзбекстанда чакан ишкерлер жер, мүлк салыгынан бошотулат

Azattyk.org 

Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы Мамлекеттик салык комитетинин башчысы Музаффар Юсуф Назаровго шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, Өзбекстанда ушул тушта 142 миңден ашык чакан ишкерлик менен алектенген фирма-ишкана бар жана алар 33 миллион долларга жакын салык төлөөдөн бошотулат. Назаров ошондой эле ишкерлер ушул жылдын апрель-май айларына чейин жер менен мүлккө төлөнчү 12 миллион доллардан ашык салыктан да бошотулганын белгиледи. Буга байланыштуу буйрукка президент Шавкат Мирзиеёев кол койду. Читать дальше...

Аялдар маршына чыккан активисттин өтүнүчүн сот четке какты

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук соту быйыл жазында аялдар маршына чыгып, милициянын колуна түшкөн активист Гүлмира Токушеванын адвокатынын өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди. Анын айтымында, милиция “Бузуулар жөнүндө кодекстин” “бийлик өкүлүнүн талабына баш ийбөө” деген беренесинин негизинде түзгөн токтому менен Токушевага 3 миң сом айыппул салган. Жактоочу бул токтомго арызданыш үчүн адегенде ал боюнча сотко кайрылуу мөөнөтүн жаңыртып берүүнү суранган. Читать дальше...

26-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

26-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...

COVID-19: Жээнбековдун анализи таза чыкты, вирус тастыкталган экөө үйдө дарыланууда

Azattyk.org 

Москвага барып келген расмий делегациянын курамындагы эки адамдан коронавирус тастыкталды, президенттин анализи таза чыкты. Бул тууралуу 25-июнда мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 24-июнда Москвадан келери менен баары тең кайрадан тест тапшырышты: “Мамлекет башчынын анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков обочолонууну улантат жана ишин аралыктан жүргүзөт. Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт... Читать дальше...

Төрага Жумабеков: “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам айрыкча оппозицияга керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин жалпы сессиясы 25-июндагы отурумунда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” талаштуу мыйзам долбоорун добуш берүүгө жөнөттү. Долбоорду талкуулоо учурунда парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоору ар бир адамга, айрыкча оппозициядагыларга өз укугун коргоого мүмкүнчүлүк берерин белгиледи: “Бул мыйзам долбоору ар бир адам маалымат айдыңында өзүнүн намысын коргоп алуусун камсыздайт, алдыда дагы боло турган көп башаламандыктардын алдын алат. Интернетте троллдорду, фейктерди ачып алып... Читать дальше...

Трамп менен Дуда коргонуу тармагындагы келишим тууралуу макулдашты

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп менен Польшанын президенти Анджей Дуда эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу тармагындагы келишимге жакын арада кол коюлат деп үмүттөнүп турушканын айтышты. Келишим ишке кирсе, Кошмо Штаттар Польшага кошумча аскердик күчтөрдү жөнөтө алат. Президент Трамп мындай кадам "Орусия үчүн катуу эскертүү" болорун 24-июнда Вашингтондогу биргелешкен маалымат жыйында айтты. Анджей Дуда коронавирус пандемиясы башталгандан бери АКШга барган алгачкы чет өлкөлүк лидер болду. Ал Польшадагы... Читать дальше...

Орусияда Конституцияны өзгөртүү боюнча добуш берүү башталды

Azattyk.org 

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү бир апта, тактап айтканда 25-июнь-1-июль күндөрү өтөт. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн эң негизгиси - президент Владимир Путиндин кызматтык мөөнөттөрүн жокко чыгарган жана ага кийинки шайлоого катышуусуна жол ачкан жобо болуп саналат. Орусиянын бардык аймагында 96 миңден ашык, ал эми дүйнөнүн 144 өлкөсүндө 250дөн көп добушкана ачылды. Коронавирус пандемиясынан улам айрым жерлерде шайлоо бекеттери эшикте, чатырларда уюштурулду. Ошондой эле... Читать дальше...

Дубнов: Кыргызстанда укуктук аң-сезим өсө элек

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл эки айга кести. Сот ал кездеги президент кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууда «коррупцияны уюштурган» деп тапты.

Жогорку сот "Азаттыктын" өтүнүчүн четке каккан чечимди күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Жогорку сот “Азаттык” радиосунун кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин өтүнүчүн четке каккан чечимдерди күчүндө калтырды. Бул иш 25-июнда каралганын Алагушев билдирди: "Жогорку сот Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун аныктамаларын күчүндө калтырды. Эки инстанция тең ишти Ленин райондук сотунун кароосуна өткөрүп берүү өтүнүчүн четке каккан болчу". Алагушев быйыл 29-январда Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч медиага жана журналистке койгон доосу... Читать дальше...

Депутат Жээнчороев: "Маалыматты манипуляция жөнүндө" долбоор демократияга каршы келет (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика-Ата-Журт" саясий партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун "демократияга каршы жазылган чагымчыл, аткарылбай турган" долбоор деп атады. Муну ал өкмөт тарабынан каражаты жана аны ишке ашыра турган органдары аныкталбагандыгы менен негиздеди. Депутат долбоордун аталышы эле чагымчыл экенин белгилеп, ага каршы добуш берүүгө депутаттарды чакырды. Депутат Элвира Сурабалдиева виртуалдык фейктердин ордуна турмуштагы фейктер менен күрөшүү зарылдыгын белгиледи... Читать дальше...

Парламент “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого киришти

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуштаган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окуудан карала баштады. Депутаттар Дастан Бекешев, Наталья Никитенко баштаган бир катар депутаттар кесиптештерин мыйзам долбоорун колдобоого чакырышты. Депутат Дастан Бекешев жалган маалыматтар мамлекеттик телерадиолордон деле берилип келгенин мисал кылып, ал үчүн эч ким жооп бербей келе жатканын айтты. Ал эми депутат Наталья Никитенко бүгүнкү күнү Кыргызстан сөз эркиндиги менен гана сыймыктана аларын айтып... Читать дальше...

Депутат Акаев: Лицензияны 300 сомго сатып алган компания 7% салык төлөсүн

Azattyk.org 

Кен иштетүүгө уруксат кагаздын дээрлик баары чет өлкөлүк компанияларга берилгенин белгилеген Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мындай ишканаларга кен иштетүүдөн түшкөн кирешенин салыгын 7% көтөрүү аздык кыларын айтты: “Учурунда лицензиялар 300 сомго сатылган. 300 сомго. Кыргыз өкмөтү, Кыргызстан андан кандай киреше, кандай пайда көрүп жатат? Маселе мына ушунда. Мына, Ала-Букада канча кен иштеткен ишкана бар, райондун акыбалын караңыз. Киреше салыгын көтөрүү керек. Эч бир кен ишкана жабылбайт, кадимкидей иштейт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *