Сөз эркиндигин, интернетти чектөөгө каршылар акцияга чыгышты (видео)
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында ушу тапта сөз эркиндигин жана интернетти чектөөгө каршы митинг өтүп жатат. Бул иш-чараны уюштуруу демилгеси соңку күндөрү социалдык тармактарда көтөрүлүп, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана катардагы жарандар бүгүн чогулууну чечишкен. Иш-чарага, катышуучулардын айтымында, элүүдөн ашуун адам катышууда. Алар эгер парламентте талкууланып жаткан мыйзам кабыл алынса, интернетте өз пикирин ачык айтып чыккан адам экстремист деп таанылып, ага чара көрүлүшү ыктымал экенин белгилешти. Читать дальше...