Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 16.08.2021

"Дөөлөт манасчы" даректүү тасмасы тартылууда

Azattyk.org 

Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков тууралуу даректүү тасма тартыла баштады. “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы редактору Темир Бирназаров “Азаттык” радиосуна 15-августта билдиргендей, "Дөөлөт манасчы" тасмасы 20 мүнөттүк болот, ал үчүн мамлекеттен 450 миң сомдой акча каралган. Кийин башка да манасчылар жана өнөр адамдары тууралуу тасма тартуу пландалууда: “Фильмди Ырыс Окенова тартат. Биз “Кыргызфильмден” каражат бөлүп берели деп тематикалык планга киргизгенбиз. Азыр каражатын күтүп жатабыз. Каржы... Читать дальше...

ИИМ: Интернетке ким эмне деп жазганы мониторинг болуп турат

Azattyk.org 

Милиция органдары интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын жазганы боюнча дайыма мониторинг жүргүзүп турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги өткөн ишемби күнү  билдирүү таратып, адамдын улутуна, тилине, дилине карата кастык козуткандар аныкталса дароо чара көрүлөрүн эскертти. Мекеме белгилегендей, мындай аракеттер кылмыш катары бааланат жана Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган. Өткөн аптада Бишкекте балдар аянтчасынын кызматкери... Читать дальше...

Прокуратура Панфилов паркы боюнча материалдарды каттоого алды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык прокуратурасы Панфилов паркында ижарага берилген тилкелер боюнча материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн шаардык милицияга жөнөттү. Бул тууралуу 15-августта “Азаттык” радиосуна Бишкек мэриясынын «Шаардагы парктар» ишканасынын директору Калича Умуралиева билдирди. Анын айтымында, Иван Панфилов атындагы парктын жерлери 2008-жылы жеке компанияга ижарага берилген, ошондон бери ал рекреациялык милдетин аткарбай, акчасы шаардын бюджетине түшпөй келет... Читать дальше...

Салыкка байланыштуу турукташтыруу фонду түзүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча даярдалып жаткан атайын долбоордун алкагында өзүнчө фонд түзүлөт. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул турукташтыруу фонду бюджеттик каражаттарды экономикалык өнүгүү боюнча артыкчылыктуу программаларды каржылоо үчүн топтоого мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, бюджетти орто мөөнөткө пландоо азыркыдай үч жыл эмес, беш жыл болору пландалууда. Аталган долбоор талкууланган жыйында пандемиянын айынан экономикада оор кесепеттер болгону, азыр абал турукташа баштаганы... Читать дальше...

Шайлоо учурундагы талаш-тартыштардын себебин талдаган жыйын өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн 16-августта Бишкекте журналисттер үчүн шайлоо өнөктүгү учурунда пайда болгон талаш-тартыштардын себебин жана кесепеттерин талдаган жыйын өтөт. Талкууну уюштуруп жаткан “Жалпы иш” коомдук фонду билдиргендей, анда буга чейинки шайлоолор учурунда катталган талаш-тартыштар боюнча анализ жасалат. Уюмдун маалыматына караганда, 2017-жылкы президенттик шайлоо учурунда тигил же бул жалпыга маалымдоо каражатынын аккредитациясын токтотуу, жарыяланган материалын алып салуу же төгүндөө сыяктуу талап коюлган 15 арыз түшкөн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *