Ошто чатакташкан милиция кызматкерлери кызматынан бошотулду
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) үч кызматкери чатакташкан окуя боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, иш Кылмыш кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен козголуп, бирдиктүү реестрге катталды. "Ош ШИИБдин кайгуул кызматынын үч кызматкери жана төрт адам катышкан чатак 26-июлда катталган. Курманжан датка көчөсүндө унаа токтотуучу жай талашып, чатакташкан милиционерлер ошол эле күнү Сулайман-Тоо ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Читать дальше...