Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 10.10.2021

Сузак айыл өкмөтүнүн имараты күйүп кетти

Azattyk.org 

Сузак айыл өкмөтүнүн имараты күйүп кетти. Эртең менен саат сегиздерде башталган өрттүн себеби азырынча белгисиз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак районундагы бөлүмүнүн кызматкери Азизбек Осмонов "Азаттыкка" окуя боюнча учкай маалымат берди: "Бизди көмүрканадан өрт чыкты деп чакырышты. Имараттын биринчи кабаты күйүп кетти. Алгач документтер менен эмеректерди сыртка алып чыктык". Эки кабаттуу имараттын биринчи кабаты күйүп, өйдөгө тутанган. ӨКМ өкүлү чатырдагы жалын өчүрүлүп жатканын саат ондордо маалымдады. Читать дальше...

Балбан кыздардын багын ачкан күрөш мектеби

Azattyk.org 

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыздар тарых жаратты. Алардын ийгилиги күрөш дүйнөсүн таң калтырып турат. Анткени Ослого кыргызстандык үч кыз барып, үчөө тең байгелүү кайтышты. “Айсулуу эжедей чемпион болом” Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатындагы балбан кыздардын жеңиши 9 жаштагы Жасминаны аябай таасирлентти. Таластын Көк-Сай айылында жашаган кичинекей спортчу 1-класстан бери күрөшкө катышып, азыр өзү теңдүү балдардын көбүн жыгат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *