Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 23.10.2021

Садыр Жапаров: Мектепте исламды гана эмес, бардык диндерди окутуу тапшырмасы берилди (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын мектептери бардык диндерди бирдей окутууга өтөт. Бул тууралуу 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров айтты. Ал бул багытта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып ишти баштоо тапшырмасы берилгенин билдирди: “Мектепке диндерди таануу, бир эле исламга басым жасап окутуу эмес, дин таануу, шариятты билүү боюнча сабак киргизсек жакшы болот эле. Тапшырма берилген. Себеби биздин коомчулук алты башка диний агым менен жүрүп жатабыз. “Бир эле кыргыз улутубуз... Читать дальше...

Актер Алек Болдуин аткан тапанча боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Azattyk.org 

Америкалык актер Алек Болдуин украин тектүү оператор Галина Хатчинске аткан тапанча боюнча экспертиза жүргүзүлүп, ал октолгон болчу деген жыйынтык чыкты. Соттун протоколу 22-октябрда жарыяланды. Режиссердун жардамчысы актерго октолгон тапанча карматып, бирок ал коопсуз экенин айтканы, тасманын директорунун бул тууралуу маалыматы жок болгону кабарланды. АКШнын Нью-Мексико штатында «Раст» деген фильмди тартуу учурунда белгилүү актер операторду жана режиссерду атып алган. Оператор Хатчинс ооруканага жетпей көз жумган. Читать дальше...

Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Эске сала кетсек, быйыл кыргызстандык балбан кыздар тарых жаратты. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль алды,

Президент бир жылда экономиканы өнүктүрүү үчүн жасалган иштерди айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында басма сөз жыйынын өткөрүүдө. Мамлекет башчысы экономиканы өнүктүрүү үчүн бир жыл ичинде төмөндөгү иштер жасалганын белгиледи. Кепилдик фондун капиталдаштырууга – 2 млрд. сом, ишкерлерге кепилдикке – 1,1 млрд. сом, ишкерлерге насыя катары – 3,6 млрд. сом бөлүнгөн. 680 ишкер 1 млрд. сом жеңилдетилген насыя алган. РСК жана "Айыл банктары" ишкерлерге 16,7 млрд. сом насыя берген. Дыйкан жана фермерлер 5,8 млрд. сом жеңилдетилген насыя алган. Читать дальше...

Президент тышкы саясаттын негизги багыттарын белгиледи

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндап жатып 23-октябрда маалымат жыйынында президент Садыр Жапаров “Кошуналар менен мамилени бекемдөө – тышкы саясатыбыздын маанилүү багыты” деп айтты. Ал чектеш өлкөлөр жана башка тышкы өнөктөштөр менен мамиле тууралуу маалымат берди. “Акыркы 4-5 жылда кошуна мамлекеттер менен кызматташтыгыбыз абдан салкындап кеткен. Кошуналар менен кылымдар бою чиелешип келген карым-катнашыбыз. Биз дайыма тең укуктуу диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты колдоп... Читать дальше...

Жапаров: мурда ипотека алгандардын пайызы төмөндөйт

Azattyk.org 

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан мурда берилген ипотеканын пайызы этап-этабы менен 4-6% төмөндөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн жылдык маалымат жыйынында билдирди. Президенттин айтымында, мамлекеттик ипотекалык компаниянын пайызы 4% төмөндөтүлдү. Жапаров ошондой эле, жыл башында 100 миң сомго чейин насыя алган 390 миң жарандын 3 айлык пайыздык төлөмдөрүн мамлекет төлөп бергенин, ага 734 млн. сом бөлүнгөнүн айтты. "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Читать дальше...

Садыр Жапаров: Электр тарифин өзгөртпөө чечимин кабыл алдык (видео)

Azattyk.org 

"Социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен электр энергияга тарифти өзгөртпөө чечимин кабыл алдык" деп билдирди бүгүн 23-октябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн жылдык маалымат жыйынында. Мамлекет башчынын айтымында, учурда жаңы кубаттуулукту иштеп чыгуу үчүн бир катар долбоорлор ишке ашууда (сүрөттө). Мындан сырткары, кайра калыбына келүүчү энергия булактарына да маани берилери белгиленди. Тармактагы абалдан улам Кыргызстанда электр тартышты жаралганын адистер белгилеп келишет. Читать дальше...

Быйыл Кыргызстан коронавируска каршы күрөшкө 3 миллиард сом сарптады

Azattyk.org 

2021-жылы Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш үчүн 3 миллиард сом сарпталды. Бул тууралуу 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, 1700 орунга эсептелген тогуз стационар даярдалды, жаңы мобилдик клиникалар жана дары-дармек сатылып алынды. "Бүгүнкү күндө 900 эмдөө пункту ачылды, калктын 40% коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын, 30% эки дозасын тең алды. Вакцина 20 млн. долларга сатылып алынды", - деди Жапаров. Бүгүнкү маалымат жыйынына... Читать дальше...



Садыр Жапаров: Мындан ары “алтын мандат” деген түшүнүк болбойт

Azattyk.org 

Парламентке шайлоодо мындан ары “алтын мандат”, “биринчи ондук” же “биринчи жыйырмалык” деген коррупциячыл түшүнүктөр болбойт. Бул тууралуу 23-октябрда Бишкекте өткөн жылдык жыйында президент Садыр Жапаров билдирди. Ал партия лидерлеринин тизмедеги алдыңкы орундарды жүз миңдеген долларга баалаган өнөкөтү токтой турганын айтты: “Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз. Партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып... Читать дальше...

Президент Садыр Жапаровдун жылдык маалымат жыйыны башталууда

Azattyk.org 

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жылдык маалымат жыйыны өткөнү жатат. Маалымат кызматынан кабарлашкандай, президент бийликке келгенинин бир жылдыгына карата маалымат жыйын өткөрүүдө. Анын жүрүшүндө Жапаров бир жыл ичинде аткарылган иштер боюнча баяндама жасайт жана журналисттердин суроолоруна жооп берет. Жыйынга 89 маалымат каражатынан 160тан ашык журналист катышууда. Маалымат жыйынына Акылбек Жапаров баш болгон Министрлер кабинетинин мүчөлөрү да катышууда.... Читать дальше...

КМШнын атайын кызматтары Бишкекте Ооганстандагы абалды талкуулашты

Azattyk.org 

Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү Бишкекте жыйын курушту. Бул тууралуу 23-октябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жыйынга улуттук коопсуздук жана укук тартибин коргоо органдарынын террорчулукка жана экстремизмдин башка да зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү менен алектенген өкүлдөрү катышты. Алар Ооганстандагы соңку абалга байланыштуу... Читать дальше...

COVID-19: Дагы үч адам каза болду, 119 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-октябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2650 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 119 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (59 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 467 адамга жетти. Бир күндө 73 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 663 бейтап жатат, дагы 640 адам үйдөн дарыланууда. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *