Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 27.10.2021

2021-жылы бюджет тартыштыгы 19,5 миллион сом болору айтылды

Azattyk.org 

Парламент бүгүн, 27-октябрда быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүүнү карап жатат. Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 188 миллиард 200 миллион сом, ал эми чыгашасы 207 миллиард 400 миллион сом болот деп белгиленген. Тартыштык 19 миллиард 463 миллион сом. Жогорку Кеңеш буга чейин кабыл алган мыйзамга ылайык, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 миллиард 891 миллион сом, ал эми чыгашасы 181 миллиард 354 миллион сом болот деп белгиленген. Читать дальше...

Таласта жол кырсыгына кабылган "Тез жардамдын" эки кызматкери каза болду

Azattyk.org 

Бакай-Ата районунда медициналык "Тез жардам" кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылып, 64 жаштагы айдоочу менен 55 жаштагы медайым каза тапкан. Облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттык” радиосуна маалымдашкандай, окуя 27-октябрда таңга маал болгон. "Тез жардам" Кызыл-Сай айылына чакырууга баратканда жол кырсыгына кабылган. Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык жыл башынан бери Кыргызстанда 5437 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыдан 29,2% көп. Читать дальше...

Инандыга кыргыз паспортун берүү боюнча мамкаттоонун мурдагы кызматкерине айып пул салынды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 20-сентябрындагы өкүмүнө ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Дүйшөн Сатыбалдиев Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен күнөөлүү деп табылып, 260 000 сом айып салынды. Бул тууралуу 27-октябрда Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты. Түркиянын жараны Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгын жана паспортун берүү боюнча тергөө ишинин алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкери тергөө менен кызматташкан. Читать дальше...

Ташкент менен НАТО өз ара кызматташтыкты талкуулады

Azattyk.org 

Коопсуздук маселелеринде Ташкент НАТОну маанилүү өнөктөш деп эсептейт. Бул тууралуу НАТОнун Борбор Азия жана Кавказ боюнча жаңы дайындалган атайын өкүлү Хавьер Коломин менен Өзбекстандын уюмдагы миссиясынын жетекчиси Дильер Хакимовдун кездешүүсүндө сөз болду. «Дунё» кабар агентиги билдиргендей, тараптар орток кызыкчылыктагы диалог мындан ары уланарын белгилешти. Өзбекстандын альянс менен “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагындагы кызматташуусунун келечегин талкууга алышты. Сүйлөшүүдө... Читать дальше...

Акылбек Жапаров бажыдагы көмүскө оюндар жоюлат деп ишендирди

Azattyk.org 

Бажы кызматынын жаңы дайындалган жетекчилигине бул тармактан түшкөн каражаттын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы - президенттик администрация жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы жетекчи бизнесмендер менен чогуу бажыдагы болгон көмүскө механизмдердин баарын бюджетке бура турган милдеттемелер менен кызматка барды. "Кыргызстанга келип, андан ары товарды Орусия, Казакстанга сатам дегендерге Бажы кызматы да... Читать дальше...

Пентагон талибдердин “ИМ” тобуна каршы күрөшүү кудуретинен күмөн санады

Azattyk.org 

Пентагондун жогорку даражалуу өкүлү “Талибан” кыймылынын “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму менен күрөшүүгө дарамети канчалык экени азырынча анык эместигин билдирди. АКШ коргоо министринин орун басары Колин Каль сенатта сүйлөгөн кезинде америкалык чалгын кызматтарына таянып, талибдер “Ислам мамлекети-Хорасан” тобун ооздуктоого кызыкдарлыгын, бирок чамасы жетеби деген маселени тактоо керектигин айтты. Сөз болгон террордук уюм “Талибан” Кабулдагы бийликти басып алгандан кийин бир нече кандуу кол салууну ишке ашырган. Читать дальше...

Чыңгыз Эсенгулов маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп Чыңгыз Эсенгулов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 27-октябрда билдирди. Жаңы дайындалган министрдин орун басарын эмгек жамаатына президенттин администрациясынын саясий-экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов тааныштырды. Чыңгыз Эсенгулов 34 жашта. Буга чейин өкмөт башчынын маалымат катчысы жана өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеген. "Алмаз-Нарын" радиосунда, КТРКда жана... Читать дальше...

АКШ Судандагы төңкөрүштө камалгандарды бошотууга чакырды

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 26-октябрда Судандын бийликтен кулатылган премьер-министри Абдалла Хамдок менен телефондон сүйлөштү. Бир нече күн мурун африкалык бул мамлекетте аскердик жетекчилик төңкөрүш аракетин көрүп, өкмөттүн жарандык мүчөлөрүн, арасында премьерди камакка алышкан. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайстын айтымында, Блинкен Хамдоктун бошотулушун кубаттады жана куралдуу күчтөрдү калган туткундарды кое берүүгө, алардын коопсуздугун камсыздоого чакырды. Читать дальше...



Апрель айында медиктер менен мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрү айтылды

Azattyk.org 

2022-жылдын 1-апрелине карата мугалимдердин, медицина, илим жана маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрация жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. "Айлык эки эсе, же 50% көтөрөбүз. Бул 2022-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы. Депутат Абдывахап Нурбаев жергиликтүү башкаруу органдарына мектептерге жардам берүүнү... Читать дальше...

Ирандын чабарманы Еврошаркеттин өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жандандырууну талкуулайт

Azattyk.org 

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдөгү чабарманы Али Багери Кани 26-октябрда Брюсселде Еврошаркеттин өкүлү Энрике Мора менен жолугушканы жатат. Канинин Твиттерге жазганына караганда, тараптар “конкреттүү жыйынтыкка алып келчү талкууларды жандантуу” аракетин көрөт. Сүйлөшүүлөр июнда Ирандагы президенттик шайлоону эскичил саясатчы Ибрахим Раиси жеңгенден кийин токтоп калган. Батыш өлкөлөрү жараяндын жанданышы кечеңдеп жатканына каматамачылык билдирип келет. Өткөн жумада Еврошаркеттин... Читать дальше...

"Түркияда кыргызстандык мигранттардын саны өсүүдө"

Azattyk.org 

Студиянын бул жолку коногу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев. Элчи өз жоопторунда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын динамикасы, гуманитардык алакалардын үзүрү жана түйшүгү, кыргызстандык мигранттардын укуктарынын корголушу, элчинин этикасы жана милдети маселелеринин терегинде кеп козгойт.

Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча документтер даярдалганын билдирди

Azattyk.org 

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бардык документтер даярдалганын бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Мунун алдында депутат Эмил Токтошев темир жол куруу боюнча сүйлөшүү качан жүрө турганына кызыккан. "Өзбек тарап менен акыркы сүйлөшүүлөрдүн бардыгы бүттү. Министрлер тик учак менен айланып учуп, тийиштүү кагаздарды даярдады. Биз президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарын күтүп жатабыз. Кытай коронавируска байланыштуу ачылбай жатат. Читать дальше...

Аба ырайы: жаан жаабайт, жылуу болот

Azattyk.org 

Гидрометеорология боюнча агенттиги 28-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабай турганын билдирди. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет деп билдирди. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 11…16; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 9…14; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15; Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 10…15; Бийик тоолордо түнкүсүн -12…-17... Читать дальше...

COVID-19: Арменияда каза тапкандар көбөйдү

Azattyk.org 

Арменияда коронавирустан көз жумгандар 26-октябрда эң жогорку чекке жетти. Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемеси ал күнү 57 киши каза тапканын маалымдады. Өткөн жумада эле COVID-19 илдети 330дан көп кишинин өмүрүн алды. Ошол эле маалда инфекцияны жугузуп алган адамдар да кескин көбөйдү. Соңку бир суткада вируска кабылган 1,5 миңден ашуун киши аныкталды. Саламаттык сактоо министри Анахит Аванесян ооруканалар бейтаптарга толуп баратканын эскертти жана элди коомдук жайларда, транспортто беткап тагынып жүрүүгө үндөдү. Читать дальше...

Айрым салыктар кыскарып, мүлк жана жер салыгы бириктирилет

Azattyk.org 

Кыргызстанда айрым салыктын түрлөрү кыскарат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин “Салык кодексинин долбоору жана аны колдонууга киргизүүгө багытталган” мыйзам долбоорун талкуулаган жыйында белгилүү болду. Жалпы мамлекеттик салык 6, жергиликтүү салык 2ден 1ге жана атайын режимдеги салыктар 8ден 6га кыскарат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев парламент жыйынында билдирди. Депутат Абдувахаб Нурбаев өкмөттүн аз айлык алган мугалимдерден салык алып, укук коргоо... Читать дальше...

Лейлектин акими шайлоого аралашканы үчүн кызматтан четтетилди

Azattyk.org 

Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов шайлоо бүткөнгө чейин кызматынан четтетилгенин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Жапаровдун айтымында, шайлоо маселесинде кайсы бир талапкерге же партияга жан тарткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө катуу жаза каралат. Лейлек районунун акими кызматынан четтетилип, Исфана шаар мэрине сөгүш берилди. “Президенттин шайлоону таза өткөрүү демилгесин ишке ашыруу багытында кайсы бир бийлик өкүлү шайлоого аралашканы... Читать дальше...

Баткен шаарында кечкисин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Баткен шаардык кеңеши 26-октябрдагы отурумунда шаардын аймагында кечки саат 21:00дөн эрте мененки саат 9:00гө чейин спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизген токтом кабыл алды. “Алкоголдун зыяндуу жактарын эске алуу менен коомдук тартипти сактоо максатында шаардык кеңештин депутаттары спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү боюнча токтом кабыл алды”,- деп айтылат билдирүүдө. Мындай токтомду кабыл алууга Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн  кайрылуусу себеп болгон. Шаардык кеңеш акыркы убакта... Читать дальше...

УКМК: Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 27-октябрдагы билдирүүсүндө, Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары Илич Марсбек уулу жана мурдагы орун басары Амангелди Исаев кармалганы кабарланды.  Расмий маалыматка караганда, айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо материалдык пайда алуу максатында өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алып жасалма тоскоолдуктарды жараткан кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө... Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйө баштады

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду. Үчөө тең вакцина албагандар. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2661 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 124 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (65 адам) жана Чүй облусунда (28 адам). Ош шаары, Ош, Нарын жана Жалал-Абад облусунда илдетти жуктуруп алгандар катталган жок. Бишкек - 65 Чүй облусу ... Читать дальше...

Оштун мэри башкармалыктардын жетекчилерин ротация кылууну сунуштады

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов парламенттик шайлоону таза өткөрүү, административдик ресурс колдонуунун алдын алуу үчүн аймактык башкармалыктардын жетекчилерин ротация кылууну сунуштады. Ал бул тууралуу 26-октябрда шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынында айткан. "Бул жакка мени "шайлоону өткөрүү үчүн алып келди" деп айтып жатышат. Ооба, мени "шайлоону таза өткөрүп бер" деп алып келишти. Мен бир да партияга чуркабайм. Силерди да ошого үгүттөйм. Мунун баары угулбайт, билинбейт деп ойлобогула. Читать дальше...

Беш тилди үйрөткөн Нарындагы медресе

Azattyk.org 

Нарын шаарында жайгашкан балдар медресесинде 70ден ашык бала окуп жатат. Окуу жайда негизги сабактар катары окутулган ислам дининин ханафий масхабы жана араб тили тышкары кыргыз, орус, англис жана түрк тилдери үйрөтүлөт.

Сирия, Ирактан кайтарылгандарды катарга кошуу мүшкүлү

Azattyk.org 

Ирактагы качкындар лагеринен келген кыргызстандык балдар жаш курагына жараша бала бакчага жана мектепке барып жатышат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Ирак менен Сириядан кайтарылгандардын реабилитация жана реинтеграция маселесин талкуулаган эл аралык жыйында сөз болду. Сирия менен Ирактагы согуш талаасынан кайтарылып келген жарандарды реабилитация кылуу, коомго аралаштыруу кандай жүрүүдө? Гүлмиранын баяны 28 жаштагы Гүлмира (аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү) 2017-жылы эки жашар баласын жетелеп, Сириядан Кыргызстанга качып келген. Читать дальше...

Кыргызстанда жумушсуздардын саны өстү

Azattyk.org 

Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине шилтеме кылып жергиликтүү сайттар жазды. Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Жумушсуздардын эң көбү Жалал-Абад облусунда. Анда 22 миң 195 адам туруктуу жумушу жок, бул облус калкынын 1,79 пайызын түзөт. Эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда – 2 миң 877 адам же жалпы калктын 0,9 пайызын түзөт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *