Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 29.10.2021

Автобус кабылган жол кырсыгынан эки адам реанимацияга түштү

Azattyk.org 

Бишкекте жүргүнчү ташуучу автобус жол кырсыгына кабылып, жыйырмадан ашуун адам жабыркады. Окуя 29-октябрда Чыңгыз Айтматов атындагы көчөдө, Түштүк магистралы менен кесилишкен жерден өйдөрөөк жакта болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, тогуз бала Балдар ооруканасына кайрылып, амбулатордук жардам алгандан кийин үйүнө жөнөтүлдү. Чоңдордон 12 адам Травматология жана ортопедия борборуна кайрылышкан. Алардын экөө сынык жараат менен реанимацияга түштү, абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат... Читать дальше...

Инсульт - улут саламаттыгынын коркунучу

Azattyk.org 

Кыргызстанда жылына 13-15 миңдей адам инсульт болот, анын дээрлик жарымы убагында сапаттуу жардам бере албай көз жумса, калганы сапаттуу калыбына келтирүү борборлору жок, жарым жан жашоого аргасыз. Өлкө инсульттан көз жумгандар, ага чалдыккандар боюнча Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин арасында биринчи орунда. Кара-Балтадан Бишкекке карай узун жол Айнуранын апасы 2016-жылы инсульт алган. Ал Бишкектен анча алыс эмес, Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында турчу. Оор абалдагы бейтаптын дартын аныктоо... Читать дальше...

Жапырт уулануу боюнча кылмыш иши козголду  

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “Империя пиццы” кафесинин тамагынан жапырт уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.  Шаардык милициядан билдиргендей, “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө.  “Империя пиццы” кафесинин тамагына ууланган адамдар боюнча тийиштүү маалыматтарды Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда Бишкек ШИИБине жана шаардык прокуратурага бергени маалым болду. Аталган кафенин тамагына ууланганын айтып... Читать дальше...

ДССУ: дүйнө калкын эмдөө үчүн миллиардаган каражат зарыл

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, эмдиги жылдын сентябрь айына чейин дүйнө калкын коронавируска каршы вакцина жана дары-дармек менен камсыздоо үчүн миллиардаган доллар зарыл. 28-октябрда уюмдун өкүлдөрү маалымдагандай, кеминде беш миллион адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн 23,4 миллиард доллар, ал эми дүйнө экономикасын сактап калуу үчүн 5,3 миллиард доллар керек. Ошондой эле уюм вакциналардын жана дары-дармектин баарына бирдей бөлүштүрүлбөгөнү -  коронавирус пандемиянын тезирек бүтүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтты. Читать дальше...

Борбор Азияда аялдар ишкерлигин колдоо боюнча программа ачылды

Azattyk.org 

Борбор Азия аймагындагы төрт мамлекеттин аялдар ишкерлигин колдоого багытталган аймактык программа жүзөгө ашырыла баштады. Программанын презентациясы 28-октябрда Бишкекте өттү. Ага Кыргызстандын өкмөтүнүн, аялдардын бизнес-ассоциацияларынын, жарандык коомчулугунун өкүлдөрү жана Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү онлайн байланыш аркылуу катышышты. Экономика ишмердүүлүгүнө катыштыруу үчүн Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн ишкер аялдарынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү... Читать дальше...

Ооган эненин көз жашы

Azattyk.org 

Сулуулугу дүйнө элдеринин көзүн күйгүзгөн касиеттүү Ысык-Көлү, мазмуну менен көлөмү океан сымал “Манас” эпосу, жер жүзүндөгү миллиондогон окурмандардын назарын залкар чыгармалары аркылуу өзүнө бура алган Чыңгыз Айтматову бар керемет өлкөдө жашап жатып, мен сиздин бешенеңизге жазылган татаал тагдырыңызды, эч кимге эч кандай азар бербей агызган көз жашыңызды элестеткен сайын санаам санга, оюм онго бөлүнөт, Ооган эне. Кырк жылдан бери зарлап агызган көз жашыңыз - "балакатка жетсе кар-зар кылбай асырайт... Читать дальше...

Иранда аялдарга футбол стадиондоруна кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн

Azattyk.org 

Иран парламенти жакын арада аялдарды футбол стадиондоруна киргизүү боюнча чечим кабыл алат. Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) соңку жылдары расмий Тегерандан аялдарды стадионго киргизүүнү талап кылып келген. Бул өлкөдө акыркы кырк жылдан бери аялдар стадиондон футбол көрө алышпайт. "Иран футбол федерациясы мыйзам долбоорун парламентке киргизди. Эгер ал жактырылса аялдар футбол стадиондоруна жакын арада кирип калышы мүмкүн", - деди Иран футбол федерациясынын жетекчиси Хасан Камранифар жергиликтүү медиага. Читать дальше...

Социалдык облигация пайдалануу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Azattyk.org 

Каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдери (ККУМ) программасынын алкагында социалдык облигацияларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча изилдөө жүргүзүлдү. Изилдөөнүн бет ачары Бишкекте 28-октябрда өттү. Анда айтылгандай, бул механизм өкмөткө долбоорлорду чындап натыйжа болгондо каржылоого мүмкүндүк берет, антпесе, тобокелдиктерди инвестор өзү тартат. БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен белгилегендей, социалдык облигация өкмөткө мурда белгиленген социалдык максаттарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Читать дальше...



30-октябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

30-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт.  Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 10…15; Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 10…15; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

18 мамлекет Кремлдин журналисттерге куугунтугу күч алганын айыптады

Azattyk.org 

18 мамлекет, анын ичинде Кошмо Штаттар жана Британия орус өкмөтү тараптан "көз карандысыз журналисттерди жана маалымат каражаттарын куугунтуктоо күч алышы" боюнча тынчсыздануусун билдирди. "Маалымат каражаттарынын эркиндиги үчүн коалиция" деген аталыштагы 28-октябрдагы билдирүүгө Украина, Түндүк Македония, Австралия, Канада, Чехия, Дания, Франция, Германия, Грекия, Исландия, Латвия, Литва, Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Словакия, Словения кол коюшкан. Билдирүүдө "маалымат каражаттарынын эркиндиги... Читать дальше...

Ири суммага алданып, куугунтукка кабылганын айткандардын акциясы уланды

Azattyk.org 

Ири суммада акчасын алдырганын жана арызданганы үчүн жакындары мыйзамсыз камоого кабылып жатканын айткандар тобу бүгүн 29-октябрда да Бишкекте нааразылык акциясын улантышты. Алар президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын алдында пикет уюштуруп, мамлекет башчысы Садыр Жапаровго үч пункттан турган кайрылуу жөнөтүштү. Алдамчылыкка шектүү Асыл Талипованы камакка алган Октябрь райондук милициясынын башчысы, азыр өзү камакта отурган Улан Аалиевдин бир тууганы Гүлзат Аалиева ага каршы жасалма арыз жаздыруу аракети жүрүп жатканын билдирип... Читать дальше...

БШКда жаңдоо тили менен  түз байланыш номери уюштурулду

Azattyk.org 

БШКнын CALL-борборунда 0996-550-011-255 вотсап номеринде угуусу жана сүйлөөсүндө кемчилиги бар шайлоочуларды маалыматтык жактан камсыздоо максатында жандоо тили менен видео байланыш иштей баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты жарыялады. Маалыматка караганда, Жогорку Кеӊешинин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоо, добуш берүү, үгүт жүргүзүү тартиби тууралуу маалымат алууга, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүү жана башка зарыл болгон маалыматтарды тактаса болот. Читать дальше...

Пакистанда кымбатчылык саясий абалды курчутту

Azattyk.org 

Пакистанда азык-түлүккө жана күйүүчү майга баанын кескин өсүшү калктын нааразылыгын жаратты. Бул өлкөдө өткөн алты айга салыштырмалуу товарлар эки эсе кымбаттап, өлкөдөгү инфляциянын деңгээли болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Баалардын жогорулашы саясий олку-солкулукка түрткү болгону кабарланууда. Рупий кунсузданып, баалар асмандады Пакистанда рупий кескин кунey жоготуп, бул күндөлүк керектөөчү товарлардын, азык-түлүктүн, дары-дармектин жана күйүүчү майдын эки-үч эсе кымбатташына алып келди. Мындай жагдай 220 млн. Читать дальше...

Жанын кыйган жигиттин жакындары ӨКМге нааразы

Azattyk.org 

Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттан боюн таштап каза болгон 22 жаштагы жигиттин жакындары суициддин алдын алууга тийиштүү чара көргөн эмес деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигин айыптап жатышат. Азырынча маркумдун өз жанын кыйганынын себеби белгисиз. Суицидге барган жигиттин жакындарынын дооматына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги макул эмес.

Шайлоо-2021: Талапкер Шайырбек Ташиевге эскертүү берилди

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого Сузактан №14 округдан талапкер болуп катышып жаткан Шайырбек Ташиев Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) эскертүү алды. Жазуу түрүндө эскертүү үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жүргүзгөнү үчүн берилгенин Боршайкомдун басма сөз кызматы 29-октябрда билдирди. БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна Ташиев боюнча арыз 23-октябрда түшкөн. Андан мурдараак "Фейсбуктун" Пери Орозбекова аттуу колдонуучусу Шайырбек Ташиевдин бир тууган агасы, Улуттук коопсуздук... Читать дальше...

Аида Касымалиева Жогорку Кеңеш төрагасынын милдетин аткарат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жатканына байланыштуу 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин төраганын орун басары Аида Касымалиева аткара турганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 24-октябрда Боршайком Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду кызматынан кетпегенине байланыштуу талапкер катары каттаган эмес. 2021-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан... Читать дальше...

Шайлоо-2021: үгүт өнөктүгү расмий башталды

Azattyk.org 

29-октябрдан баштап Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 56сы партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Бир мандаттуу 36 округдан 321 талапкер катталды. Каттоодон 21 партия өткөн. Алар: "Ата Мекен", "Ишеним", "Ынтымак", "Улуттар Биримдиги", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ыйман Нуру", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс" "Азаттык", Улуу-Журт", "Мекенчил Эл"... Читать дальше...

COVID-19: Маданият, эс алуу жана спорт тармагында иштегендер эмделүүгө милдеттендирилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда маданият, эс алуу жана спорт тармагында иштегендер да эми коронавируска каршы эмдөөдөн сөзсүз өтүүгө милдеттүү болот. Саламаттык сактоо министрлигинин 28-октябрындагы маалыматына караганда, өкмөттүн 2001-жылдын 21-декабрындагы «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу тууралуу токтомуна өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, эмдөөдөн сөзсүз өтүүгө милдеттүүлөр тизмесине маданият, эс алуу жана спорт тармагында иштегендер (музейлер, көргөзмө залдары, китепканалар... Читать дальше...

IRI: Кыргызстандыктар эң негизги көйгөй катары баалардын өсүшүн атады

Azattyk.org 

Кыргызстандыктарды эң олуттуу көйгөй катары жашоо деңгээли, баалардын өсүшү ойлондурат. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институту (IRI) 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду. Сурамжылоого катышкандардын 61% жашоо деңгээли жана баалардын өсүшүн эң башкы көйгөй катары атаган. Аталган институттун 21-февралдан 5-мартка чейин жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. Бул жолу жумушсуздук көйгөйү экинчи орунга (51%) түшкөн. Читать дальше...

Коронавирустан дагы эки адам каза болду, 116 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду, экөө тең вакцина албагандар. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2666га жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 116 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (54 адам) жана Чүй облусунда (33 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 181 105ке жетти. Азыр ооруканада 708 бейтап жатат, дагы 699 адам үйдөн дарыланууда. Читать дальше...

IRI: Кыргызстандыктар шайлоодо талапкердин билимине басым жасайт

Azattyk.org 

Кыргызстандыктар саясий партияларды жана талапкерлерди тандоодо чечимине таасир этүүчү фактор катары "билими жана сабаттуулугун" аташкан. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун (IRI) 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунда айтылат. Сурамжылоого катышкандардын 30% билимине жана сабаты маанилүү деп жооп берсе, 30% партияны жана талапкерди тандоодо адилеттүүлүк, абийирдүүлүк сапаттарына басым жасаган. 29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып... Читать дальше...

"Фейсбук" компаниясы аталышын Meta деп өзгөртөт

Azattyk.org 

"Фейсбук" компаниясы аталышын Meta деп өзгөртөт. Бул өзгөртүү Facebook, Instagram жана WhatsApp социалдык түйүндөрүнүн аталыштарына таасирин тийгизбейт. Meta деген ат ушул ресурстарга ээлик кылган компанияга гана тийиштүү болот. "Фейсбуктун" негиздөөчүсү жана башкы директору Марк Цукерберг 28-октябрда билдиргендей, жаңы аталыш компаниянын ишмердигин мыкты чагылдырып, социалдык медиадан виртуалдык реалдуулукка таасирин кеңейтет. 2015-жылы Google аталык түзүмүн Alphabet деп атоону чечкен.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *