Ош: Алимбеков менен Атазовдун тиреши
Ош облусундагы Төлөйкөн округунан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан талапкерлер Шайлообек Атазов менен Нурбек Алимбековдун тиреши шайлоо өнөктүгү башталгандан бери токтой элек. Алимбековго салыштырмалуу аз добуш алып калган Атазов атаандашын добуш сатып алууга айыптап, аны Жогорку Кеңеште да көтөрүп чыккан. 9-декабрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумуна талапкер Шайлообек Атазов өзү катышып, Нурбек Алимбековду талапкерлердин тизмесинен четтетүүнү суранып, бирок сунушу четке кагылган. Читать дальше...