Украина жарандык берүү тартибин жеңилдетти
Жогорку Рада Донбасста Украина үчүн согушкан чет элдик ыктыярчылар жана саясий көз карашынан улам куугунтукка кабылган орусиялыктар үчүн украин жарандыгын алуу тартибин жөнөкөйлөттү. УНИАН агенттиги кабарлагандай, айрым адамдардын паспортту жөнөкөй шарт менен алуусуна багытталган “Украинанын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү Жогорку Раданын 285 депутаты колдоду. Бул мыйзам саясий ишеними боюнча куугунтукка алынган Орусиянын жарандарынын, Куралдуу күчтөрдө келишимдик негизде... Читать дальше...