Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 19.12.2021

"Омикрон": Нидерланд локдаун, Лондон өзгөчө кырдаал киргизди

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы  тездик менен жайылып жатканын билдирип, ал 89 өлкөдө катталганын кабарлады. Анын айынан Нидерланд локдаун киргизип, Лондондо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Нидерланд “омикронго” байланыштуу локдаун киргизген алгачкы өлкө болду. 19-декабрдан тартып азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башка жерлер - ресторандар, барлар жана көңүл ачуучу жайлар толук жабылды. Мектептер менен жогорку окуу жайлар аралыктан окутууга өттү. Бул өлкөдө үйгө эки кишиден ашык конок чакырууга тыюу салынды. Читать дальше...

Орусия "Ачык асман" келишиминен чыкты

Azattyk.org 

Орусия расмий түрдө "Ачык асман" келишиминен чыгып, 18-декабрдан тартып өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну токтотту. Москва мындай чечимди аталган келишимден Вашингтон 2020-жылдын ноябрь айында чыккандан кийин кабыл алды. АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп Орусия келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгын айткан. Москва айыптоолорду четке кагып, келишимдин бузулушуна АКШны айыптаган. Ошол эле жылдын июнь айында Орусиянын президенти Владимир Путин документти денонсациялаган. Читать дальше...

Капитолийге чабуул жасаган адам беш жылга кесилди

Azattyk.org 

Капитолийге жасалган чабуул боюнча Флорида сотунун өкүмү угузулду. Сот АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташы Роберт Палмерди беш жыл үч айга кести. Ал 6-январдагы чабуул учурунда полиция кызматкерлерине тактайды жана өрт өчүргүч баллонду ыргытып, кол салгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Өкүм жума күнү угузулду. 54 жаштагы Роберт Палмер кылган иши үчүн өкүнөрүн айтты. Айыптоонун версиясы боюнча Палмер ушул жылдын 6-январында Капитолийдеги окуялар учурунда Конгресстин батыш тарабындагы... Читать дальше...

Өлкө тарыхын балдардын сүрөттөрү аркылуу чагылдырган көргөзмө өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте Кыргызстандын балдары тууралуу баяндаган көргөзмө өтүп жатат. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде ЮНИСЕФ уюмунун 75 жылдыгына карата биргеликте уюштурулган көргөзмө “Кыргызстандын тарыхы фотосүрөттөрдө. Балдар” деп аталат. Экспозициядан 1946-жылдан берки тартылган 50 чакты архивдик фотосүрөттү көрүүгө болот. Анда кыргызстандык балдардын сүрөттөрү аркылуу өлкөнүн тарыхы баяндалат. Фотосүрөттөрдө Совет учурундагы, көз каранды эместиктин алгачкы жылдарындагы жана азыркы учурдагы балдардын жашоосу чагылдырылат. Читать дальше...

Садыр Жапаров “Кумтөрдөн” түшкөн таза киреше январга карата 300 миллион долларга жетерин айтты

Azattyk.org 

Кыргызстан "Кумтөрдүн" үзүрүн келерки жылдан тартып көрө баштайт жана январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн 19-декабрда Жалал-Абадда жергиликтүү эл менен жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчысы “Кумтөр” 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын, кол коюларын, эч кандай проблема жок экенин айтты жана кирешеге келерки жылы айлык-пенсия көбөйтүлүп, бир катар долбоорлор каржыланарын белгиледи. Читать дальше...

Кыргызстанда ВИЧ тездик менен жайылууда

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанда ВИЧ тез жайылып жатканын эскертти. Өлкө бул жаатта дүйнөдө алдыңкы катарда турат. Адистер ВИЧтин алдын алуу үчүн жыныстык катнашка чейинки профилактикалык дарыларды сунуштап жатышат. ВИЧ: Ден соолукка кандай кам көрүлүшү керек? Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы расмий аныкталып, каттоого алынган 10 миңден ашуун адам бар. Бирок адистер бул сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин эскертип келет. Акыркы жылдары бул оор илдетти жыныстык катнаш аркылуу жуктуруу жолу алдыга чыкты. Читать дальше...

Бюджеттен каржылануучу жумушта иштегендердин айлыгы көбөйөрү айтылды

Azattyk.org 

Келерки жылы Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен каржылануучу жумушта иштегендердин айлык маянасы көбөйтүлөрүн бүгүн 19-декабрда президент Садыр Жапаров билдирди. Ал Жалал-Абаддагы эки күндүк иш-сапары алкагында бүгүн облустук оорукананы жаңылоо иштерин көрүп чыкты жана мекеменин жамааты менен жолукту. Өз сөзүндө президент көпчүлүк дарыгерлер айлыгы аз болгондуктан чет жактарга барып иштөөгө мажбур болуп жатканын, келерки жылы медицина кызматкерлеринин да маянасын көбөйтүү планы бар экенин айтты. Читать дальше...



20-декабрдын аба ырайы

Azattyk.org 

20-декабрда Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.  Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...5... Читать дальше...

Немис министри "Түндүк агым-2" долбоорун геосаясый катачылык деп атады

Azattyk.org 

Германиянын экономика жана климатты коргоо министри “Түндүк агым-2” газ куурунун курулушу геосаясий жактан туура эмес чечим болгон деп эсептейт. Мындай пикирин министр Роберт Хабек 18-декабрда "Франкфуртер альгемайне цайтунг" гезитине курган маегинде билдирди. Ал Европа Биримдигинин бардык мүчөлөрү бул долбоорго каршы болуп, Германия менен Австрия гана кубаттап келгенин, эми куурдун курулушу аяктагандан кийин ал иштейби-жокпу деген суроо пайда болуп жатканын белгиледи. Министр Хабек бул маселени... Читать дальше...

Түндүк-Түштүк автожолундагы ири тоннелдин курулушу аяктоодо

Azattyk.org 

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү тоннелдин 2991-метринде курулуш иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн 19-декабрда жолдун курулушу менен таанышкан президент Садыр Жапаровго маалымдалганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандагы ири тоннелдерден боло турган бул объектте иштер эки тарабында тең жүрүп жатканы, жалпы узундугу 3800 метр экени, анын 3619 метри тешилип бүткөнү айтылды. Тоннелдин туурасы 10 метр жана бийиктиги 8,5 метр болору пландалууда. Читать дальше...

"Бишкектеги ыш үчүн баарыбыз жооптуубуз"

Azattyk.org 

"Азыркы кыргызстандык" рубрикасынын бүгүнкү каарманы кинорежиссер Илгиз Шернияз. Анын "Көк бөрү", "Мергенчи" деген тасмалары бир катар эл аралык жана жергиликтүү фестивалдарда, атай кетсек CINEMA CAMP, RURE, Hollywood Venus award, "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалар өлкөсүндө" байгелүү сыйлыктарга ээ болгон. 26 жаштагы Илгиз бир нече жергиликтүү жана эл аралык сынактардын катышуучусу жана лауреаты. Жакында эле "Фрунзе" деген фильминин бет ачары болду. Ал документалдык тасмасында Бишкектеги абанын булганышы тууралуу көйгөйдү көтөргөн. Читать дальше...

Сенатор Риш: Орусиянын Украина боюнча сунушу "аткарылгыс шарт"

Azattyk.org 

АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер боюнча комитетиндеги башкы республикачы Жим Риш Орусиянын Украинага байланыштуу сунуштары орус тарап “согуш үчүн себеп издеп жаткандай” деген пикирин билдирди. 18-декабрдагы билдирүүсүндө сенатор Орусиянын сунуштарын коопсуздук боюнча макулдашуу эмес, Кошмо Штаттарды жана НАТО уюмун орус презденти Владимир Путинди тынчытууга милдеттендире турган шарттар деп атады. Орусия НАТОну чыгышты көздөй жылып жатат деп, ал эми Кошмо Штаттар жана НАТО орус бийлигин Украина... Читать дальше...

Басма сөз: Кыргызстан качкындарга көмөктөшүүгө көңүлдөнбөйт

Azattyk.org 

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 13-19-декабрь, 2021-жыл. Al Jazeera 15-декабрдагы макаласын Кыргызстандагы ооган качкындарынын арсар абалына арнаган. Авторлор Айгерим Тургунбаева менен Агнешка Пикулицка Ооганстан менен чектешпеген, соода байланыштары анча өнүкпөгөн өлкө баш паанек издеген оогандар үчүн популярдуу багыт эместигин жазышат. Бирок Тажикстан менен Өзбекстанга жакындыгы жана англис тилиндеги окуу жайлары айрым оогандардын Кыргызстанга келишин шарттайт. Авторлор Мамлекеттик миграция кызматына таянып жазышкандай... Читать дальше...

Орусия Ооганстандан кыргыз жарандарын эвакуациялады

Azattyk.org 

Орусия Ооганстандан 18-декабрда эвакуациялаган 200дөй адамдын арасында өзүнүн жарандарынан тышкары оогандык студенттер жана Кыргызстандын жарандары бар экенин бул өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, төртүнчү жолу уюштурулган аскердик-транспорттук эвакуациялоого жалпысынан үч учак тартылды. Ал учактар менен Ооганстандын борбору Кабулга азык-түлүк жана дары-дармектен турган 36 тонналык гуманитардык жүк жеткирилип, кайра ошол жактагы орусиялык жарандар... Читать дальше...

Европада "омикрондун" жайылуусуна каршы жаңы чаралар көрүлүүдө

Azattyk.org 

Европанын бир катар өлкөлөрү коронавирустун “омикрон” штаммынын жайылышына байланыштуу жаңы чараларды көрүп жатышат. Вирустун бул өтө жугуштуу түрүн алдын алуу максатында Нидерланд өкмөтү 19-декабрдан баштап катаал “улуттук изоляция” жарыялады. Англиянын борбор шаары Лондондун мэриясы ооруканалар бейтаптарды тейлөөгө жетишпей жатканын олуттуу көйгөй деп атады. Германия Англияны COVID-19 боюнча кооптуу өлкөлөр тизмесине киргизди. Бул аталган өлкөдөн баргандар вакцина алган-албаганына карабастан... Читать дальше...

Мигранттардын абалы, бийликтин убадасы

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров тышта жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда ал тышта жүргөндөрдүн укуктарын коргоого жана өлкөнүн өзүндө жумуш орундарын түзүүгө убада берген. Мекендеги түйшөлткөн жумушсуздук Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4% өстү. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Иш жок болгондуктан Каракол шаарынын 49 жаштагы тургуну Зинат Исаева Польшага кеткен. Читать дальше...

БШК: Саккараевди талапкер кылып каттоо тууралуу чечим жокко чыгарылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоого №31 Чүй-Кемин округунан катышкан Медербек Саккараевдин талапкерлиги жокко чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер кылып каттоо тууралуу чечимин 18-декабрда жокко чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Боршайкомдун маалыматына караганда, Саккараев депутаттыкка талапкер болуп 11-октябрда расмий катталган, бирок башка өлкөнүн жараны эместиги тууралуу так маалымат көрсөтө алган жок. Ал Казакстандын жараны экени жөнүндөгү арыздар БШКга Саккараевдин шайлоодогу атаандаштарынан келип түшкөн. Читать дальше...

COVID-19: Дагы эки адам каза болду, 32 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2783 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 32 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (20 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 184 195 адамга жетти. Азыр ооруканада 301 бейтап жатат, дагы 346 адам үйдөн дарыланууда. Адистер расмий... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *