Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 18.12.2021

Таластагы жол кырсыкта эки өспүрүм каза болду

Azattyk.org 

17-декабрь күнү Талас районунун Чат-Базар айылындагы Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолундагы кырсыктан 13 жана 14 жаштагы эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" 18-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү жеңил унааны айдап бараткан 14 жаштагы бала рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзүп, жеринде каза болгон. 13 жаштагы жүргүнчү тез жардам унаасында үзүлгөн. Айрым маалыматтар боюнча, өспүрүм атасы үйүндө жок кезде унааны айдап кырсыкка кабылган. Читать дальше...

Кыргызстандын Чек ара кызматы "Байрактар" менен жабдылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылганын президенттик администрация билдирди. Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн 18-декабрда президент Садыр Жапаров жаңы техниканы көрүп чыкты. “Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, ишин көрсөтүштү. Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу... Читать дальше...

Айзаданын өлүмүнө шектүүлөр соттогу баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартууда

Azattyk.org 

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кезектеги сот отурумунда айыпталуучулар алгачкы көрсөтмөсүнөн баш тартып, коюлган күнөөнү четке кагып жатышат. “Клооп” басылмасы билдиргендей 17-декабрда Бишкек шаардык сотунда тараптардын апелляциялык арызын кароо уланды. Айыпталуучулар Замирбек Теңизбаевдин кызды уурдоо ниети тууралуу билбегенин айтышты. Быйыл жазында Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Читать дальше...

Ала качууга баш ийбеген кыз сүйгөнүнө жетти

Azattyk.org 

Сүйгөнүнө жолуккандар, кошулгандар - бактылуу. Меңди Мамазаированын “Жайдын эң ысык күнү” аңгемесинин каармандары да эңсегенине жетиш үчүн биртоп тоскоолдордон өтүштү. Кыргыз аңгемесинин классикасынан бактылуу сүйүү баяны тууралуу кеп кылабыз. Алоо сүйүүнүн аптабы Жайдын эң ысык күнү - саратан кайнап, жандуунун баары көлөкөнү качырып, салкын издеп калган чак го. Сөөктөн өткөн суукка караганда ысык кандайынан келгенде да жакшы. Быйылкы мээ кайнаткан саратанда Нуркан менен Назгүл шаардан чыга албай калышты. Читать дальше...

Президент улуттук коопсуздук үчүн жаңы коркунучтар жаралып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн жаңы коркунучтар жаралып жатканын бүгүн 18-декабрда Жалал-Абадда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып айтты. Президент өткөн айда Коопсуздук кеңешинин жыйынында улуттук коопсуздук концепциясы жактырылганын белгилеп, ал коопсуздукту камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга багытталган көптөгөн иш-чараларды камтый турганын билдирди жана жаңы коркунучтар деп "инновациялык технологиялардын өнүгүшүн... Читать дальше...

RFE/RL радиосу Беларусту журналист Кузнечикти тез арада бошотууга үндөдү

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу белорус кызматынын кабарчысы Андрей Кузнечиктин саламаттыгына жана коопсуздугуна байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди. Радионун президенти Жейми Флайдын билдирүүсүндө "Андрей Кузнечик жазасын өтөп бүттү, бирок, биздин билишибизче, белорус бийлиги аны барымтага алынган кишидей кармап турат. Андрей тез арада үй-бүлөсүнө кайтышы керек. Журналистика кылмыш эмес” деп айтылды. Журналистти Беларустун атайын кызматы быйыл 27-ноябрда кармап кеткен жана ага эки жолу он күндүк жаза чегерилген. Читать дальше...

БУУнун баяндамачысы Кыргызстанды укук коргоочу Рузиевге куугунтукту токтотууга үндөдү

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын баяндамачысы Мэри Лолор Кыргызстандын бийлигин укук коргоочу Камил Рузиевге карата куугунтуктоону токтотуп, ал айтып чыккан мыйзам бузуу фактыларын иликтөөгө чакырды. Женевада өткөн жыйында сүйлөп жатып ал Рузиев күч түзүмдөрүндөгү кыйноолорду жана алардын ишиндеги кемчиликтерди ашкере кылгандан кийин куугунтукка кабылганын айтты. «Кыргыз бийлиги Рузиев боюнча соттук териштирүүнүн адилеттигин камсыз кылып, ал жана башка да укук коргоочулар кабылган ырайымсыз... Читать дальше...

Садыр Жапаров УКМК жемкорлукка каршы ийгиликтүү күрөшүп жатканын айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери жемкорлукка каршы натыйжалуу иштеп жатышат деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 18-декабрда Жалал-Абадда мекеменин жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди. Президент УКМК кызматкерлери “милдетин так жана ырааттуулук менен аткарып, чалгын иштерин жана чалгынга каршы аракеттерди көрүп, паракорчулук, аткезчилик, терроризм, диний экстремизм, наркобизнес жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгилик жаратып жатышат” деди. Читать дальше...



Анкарада кыргыз-түрк дипломатиялык алакасынын 30 жылдыгы белгиленди

Azattyk.org 

Түркияда кыргыз-түрк дипломатиялык кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган жыйын өткөнүн 18-декабрда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги кабарлады. Кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө боюнча Анкара борборунда (ANKASAM) уюштурулган жыйынга элчи Кубанычбек Өмүралиев, окумуштуулар, түркиялык дипломаттар, эксперттер, журналистер жана бул аналитикалык борбордун жамааты катышты. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги, тарыхы талкууланды. Түркия Кыргызстан... Читать дальше...

Матраимовдун схемасы: бажычылардын иши иликтенди

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков “Азаттыктын” бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөсү боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, анын жыйынтыгында былык иштерге аралашкандардын көбү кызматтан бошотулганын билдирди. “Азаттык” иликтеп, андан кийин УКМК кылмыш ишин козгогон иште 40 бажы кызматкери катышканы айтылган коррупциялык схеманын башында турган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, анын жакын адамдары делген Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиевдин... Читать дальше...

Мас айдоочунун айынан "Тазалыктын" дагы бир жумушчусу каза болду

Azattyk.org 

Бишкекте мас айдоочунун айынан “Тазалык” ишканасынын дагы бир жумушчусу каза болгонун 18-декабрда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык ишембиге караган түнү болгон. Көчө шыпырып жаткан жумушчуну машине сүзүп, ал ошол жерден көз жумган. Кылмышка шектүү 41 жаштагы адам экени аныкталды. Наркология борборундагы текшерүү ал мас экенин тастыктаган. Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Жол коопсуздук жана автомототранспорттук каражаттарды... Читать дальше...

19-декабрдын аба ырайы

Azattyk.org 

19-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолорунда кар жаай,  Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 14…19; Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 12…17; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2... Читать дальше...

АКШ Иран боюнча сүйлөшүү создукканына тынчсызданып жатканы маалымдалды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Иран боюнча сүйлөшүүлөр создугуп жаткандыктан бул өлкөнүн ядролук курал иштеп чыгууну баштоосуна өтө аз убакыт калышы мүмкүн экенин билдирди. “Ак үйгө” жакын булактардын маалыматына караганда, буга байланыштуу АКШ тынчсызданууда. 17-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун байкоочулары ядролук комплекстеги байкоо камералары жаздырып алган видеолор жоголгону боюнча маселе көтөргөндүктөн Иран боюнча сүйлөшүүлөр кийинкиге калтырылган. Иранда бийлик алмашкандан бери бул өлкөнүн өзөктүк программасы... Читать дальше...

Европада “омикронго” байланыштуу чектөөлөр кирүүдө

Azattyk.org 

Коронавирустун “омикрон” штаммынын өтө тез жайылуусуна байланыштуу Европа өлкөлөрү бир катар чектөөлөрдү киргизип, Кошмо Штаттар ооруканага жаткандар көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуусун билдирди. 17-декабрда Германиянын жана Франциянын расмий өкүлдөрү вирустун “дельта” түрүнөн саламаттык сактоо системасына ансыз да күч келип турган чакта “омикрондун” айынан пандемиянын бешинчи толкуну башталышы ыктымал экенин маалымдашты. Британиялык окумуштуулар “омикронду” кайрадан жуктуруп алуу ыктымалдыгы... Читать дальше...

Китеп окуган муун мектептен түптөлөт

Azattyk.org 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду “Бүт Кыргызстан китеп окуйт!” аттуу долбоорду баштады. Долбоордун максаты - өлкө аймагы боюнча балдардын китеп окуу маданиятын жана муктаждыгын жаратуу. Китеп окуу акциясы бир жылга созулуп, жыйынтыгы келерки жылы жазуучунун туулган күнүндө чыгат.

Мигранттардын эл аралык күнү белгиленүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн 18-декабрда дүйнө жүзүндө Мигранттардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Мекенин таштап, чет жактан иш издөөгө мажбур болгондордун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында Бириккен Улуттар Уюму бул күндү 2000-жылы негиздеген. 6,5 милиион калкы бар Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө, көбү Орусияда. Мигранттардын эл аралык күнүнө карата президент Садыр Жапаров тышта жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду жана “Өз Мекениңерде байырлап баар табууга шарт түзүүнүн... Читать дальше...

Дүйшөбаев: Бакиевге кылмыш чөйрөсү жардам берген

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев конокто болду. Ал маегинде милицияга кадрларды тандоо критерийи кандай болгон, уюшкан кылмыштуу топтор менен бийликтин мамилеси, Акаев аны кантип министр кылып дайындаганы, Убактылуу өкмөткө кирип калышынын себеби, президент Жээнбековго кантип жакканы ж.б. тууралуу кеп кылат. - Уюшкан кылмыштуу топтор менен бийликтин алакасы барбы? - Албетте бар. 1990-жылдары базар экономикасына киргенден бери бул алака өсүп-өнүгө баштаган.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Кримчөйрө Бакиевге талап койгон

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев конокто болду. Ал маегинде милицияга кадрларды тандоо критерийи кандай болгон, уюшкан кылмыштуу топтор менен бийликтин мамилеси, Акаев аны кантип министр кылып дайындаганы, Убактылуу өкмөткө кирип калышынын себеби, Сооронбай Жээнбековго кантип жакканы ж.б. тууралуу кеп кылат.

Президент эки күн Жалал-Абадда болот

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 18-19-декабрда Жалал-Абад облусуна иш сапарда болорун бүгүн мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, президент бир катар объектилердин ачылыш аземине катышып, өнөр жай ишканаларынын, облустук клиникалык оорукананын иши жана жол курулушунун жүрүшү менен таанышат. 18-декабрда күндүн биринчи жарымында ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жаңы имаратынын ачылышына катышып, андан кийин жергиликтүү аксакаладар менен жолукту. Читать дальше...

COVID-19: Бишкекте ыктыярчы Адинайга арналган мурал пайда болду

Azattyk.org 

Бишкекте медицина кызматкерлерине жана маркум Адинай Мырзабековага арналган мурал пайда болду. Медициналык академиянын жатаканаларынын биринин дубалына тартылган 200 чарчы метрлик сүрөттөрдүн автору сүрөтчү Марлен Бакачиев. Бул окуу жайдын студенти, 22 жаштагы Адинай Мырзабекова 2020-жылы  коронавирус пандемиясы курчуп турганда Бишкекте күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жатып каза тапкан. Кийин ага «Эрдик» медалы ыйгарылган. Кыргызстанда расмий эсеп боюнча коронавирустан 2 миң 800дөй бейтап каза болду. Читать дальше...

Коронавирус менен дагы 40 адам катталды, эки бейтап каза болду

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2781 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 40 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (21 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 184 163 адамга жетти. Азыр ооруканада 294 бейтап жатат, дагы 357 адам үйдөн дарыланууда. Адистер расмий... Читать дальше...

Аялзаттын укугу үчүн күрөшкөн мырзалар

Azattyk.org 

Аялдарга карата зомбулук менен негизинен аялдар күрөшөт: акцияларды өткөрүшөт, жабыркагандарга жардам берет. Бүгүн биздин коноктор — зордук-зомбулукка активдүү каршы чыгып, бул жаатта бир топ иштерди аткарып жаткан мырзалар болмокчу.

"Азаттыктын" кабарчыларына Internews эл аралык уюмунун сыйлыгы тапшырылды

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун кабарчылары Internews уюмунун эл аралык сыйлыгына татыктуу болушту. «Умтулуу-2021» сыйлыгы Бактыгүл Чыныбаевага жана Дастан Үмөтбай уулуна 17-декабрда Бишкекте кесипкөй журналистика тармагындагы жыл сайын уюштурулуучу улуттук сынактын жеңүүчүлөрүнө арналган салтанатта тапшырылды. «Умтулуунун» атайын сыйлыгы «Улут саламаттыгы» темасын чагылдырууга кошкон салымы үчүн Бактыгүл Чыныбаевага, «Балдарды коргоо» номинациясындагы биринчи орун Дастан Үмөтбай уулуна («Клооптун» кабарчысы... Читать дальше...

ИИМ таксисттерди тартипке салмай болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда шаар ичинде жана кан жолдо такси кызматын көрсөткөндөрдөн лицензия алуу талабы киргизилгени жатат. Азырынча лицензиянын баасы жана шарттары так аныктала элек. Акыркы жылдары таксисттер катышкан жол кырсыктары көбөйгөндүктөн Ички иштер министрлиги (ИИМ) муну ушундай жол менен тартипке салууну көздөйт. Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы такси кызматын лицензиялоонун жол-жобосун иштеп баштады. Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *