Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 23.12.2021

Чеченстандын дин башкармалыгы Эрдоганды "эки жүздүүлүккө" айыптады

Azattyk.org 

Чеченстандын Мусулмандар дин башкармалыгы жана Чеченстандын муфтийи Салах Межиев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды "эки жүздүүлүккө" айыптап, "тиешелүү чараларды" көрөрүн билдирди. Мындай маалымат башкармалыктын сайтында жарыяланды. Буга чейин Түркиянын Керфез шаарында Жохар Дудаевге эстелик коюлуп, анын атындагы парк ачылган. Дудаев өзүлөрүн Ичкерия чечен республикасы деп атап алган жикчил аймактын биринчи башчысы болгон. Бир күн мурда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров түрк бийлигин террорчуларды калкалып жатканы үчүн айыптаган.

Украинадагы кырдаал: Путин журналистке орой жооп берди

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда жылдык маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Бул жолку жыйын Украинага жакын аймакта миңдеген орусиялык аскерлер топтолуп, Батыш менен Киевдин кооптонуусун жаратып жаткан маалга туш келди. "Мага токтоосуз кепилдик бергиле" Орусиянын президенти Владимир Путин Батыштан "токтоосуз" коопсуздук кепилдигин талап кылды. Ал 23-декабрда жылдык маалымат жыйында британиялык Sky News телеканалынын журналистинин "Сиз Украинага кол салбайбыз деп жатасыз... Читать дальше...

ЕБ Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 19,4 млн. евро бөлдү

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 19,4 млн. евро же дээрлик 1,9 млрд. сом бөлдү. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, каражат өлкөнүн санариптештирүү жана билим берүү тармагына жумшалат. Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө бөлүнө турган 7,4 млн. евро 2019-2021-жылдарда Евробиримдик бөлгөн 32 миллион евронун акыркы траншы. Калган 12 млн. евро 2020-2023-жылдары Кыргызстанды санариптик трансформациялоо боюнча Жол картасын ишке ашырууга жумшалмакчы. Бул программанын... Читать дальше...

Сумаянын өлүмүнө шектүү катары кармалган адам коё берилди

Azattyk.org 

Тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган жаран кайра коё берилди. Жактоочу Мунар Сулайманов ал күбө катары суракка чакырылып, суроо-жооптон кийин үйүнө коё берилгенин "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты милиция дагы ырастап, шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганын, ошонун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын маалымдады. Ички иштер министрлиги ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип 48 жаштагы жаран кармалып... Читать дальше...

Түркиянын президенти 2022-жылы Кыргызстанга келерин билдирди

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 2022-жылы боло турган жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келүү ниетин билдирди. Бул тууралуу түрк лидери бүгүн, 23-декабарда президент  Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөшкөн учурда айтты. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттукташты. Жапаров Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган... Читать дальше...

Казакстанда өлүм жазасы жокко чыгарылды

Azattyk.org 

Казакстандын Сенаты 23-декабрда өлүм жазасын жокко чыгарган мыйзам кабыл алды. Тиешелүү өзгөртүүлөр киргенден кийин өлүмгө өкүм кылынгандардын жазасы өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылат. Казакстандын кылмыш кодексинде 17 берене боюнча өлүм жазасы каралган эле. Тактап айтканда мындай жазага террорчулукка баргандар, президенттин жана тунгуч мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө кол салууга аракеттенгендер жана согуш маалында өзгөчө оор кылмыштарга баргандар тартылчу. Анткен менен 2003-жылдан... Читать дальше...

Турмушка бышкан жалгыз бой энелер

Azattyk.org 

Бишкекте жалгыз бой энелерге арналган фотокөргөзмө ачылды. Ага "Азаттык" радиосунун фото кабарчысы Гүлжан Турдубаеванын жалгыз бой энелердин жашоо турмушун чагылдырган 20дан ашык документалдык сүрөтү коюлду. Көргөзмө балдарын жалгыз тарбиялаган энелерге дем берүү максатында уюштурулган.



"Азаттыктын" беларус кызматынын журналисти Кузнечикке кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Кузнечикке 23-декабрда кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты. Кузнечик 25-ноябрда кармалган. Аны бейбаштыкка айыптап, 10 суткага камашкан. Мөөнөтү аяктагандан кийин кое беришпей, дагы ошол эле айып менен камактагы мөөнөтүн он күнгө узартышкан. Журналист ага тагылган айыптарды мойнуна алган жок. Жакындарынын айтымында, Кузнечик азыркы отурган Окрестина убактылуу кармоочу жайынан Минскидеги башка жабык жайга которулары маалым болгон. Читать дальше...

Түркия: лиранын куну кайра түштү, баалар арзандады

Azattyk.org 

Түркияда президент Режеп Тайып Эрдоган улуттук валютаны олку-солкулуктан коргоо үчүн жаңы чараларды жарыялагандан кийин лиранын куну кайра түшүп кетти.  Президент Эрдоган 20-декабрдын кечинде сүйлөгөн сөзүндө жергиликтүү валютанын чет элдик валюталарга карата девальвациясы банктардын пайыздык ченинен ашып кеткен жагдайда лира менен сакталган депозит ээлеринин чыгымын өкмөт төлөп бере турганын жарыялаган эле. Түрк лидери дүйшөмбүдө атайын иштелип чыккан чаралар пакетин жарыялагандан кийин АКШ долларынын наркы 6% өстү. Читать дальше...

Соодагерлер өкмөттүн чечимине каршы чыкты

Azattyk.org 

“Дордой” базарынын соодагерлери контролдук кассалык машинаны (ККМ)колдонууга каршылыгын билдирип чыгышты. Алар бул чечим жокко чыгарылбаса, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кыла турганын айтып жатышат. Бир күн мурун ушундай эле талап менен “Таатан” соода борборунун ишкерлери акция өткөрүшкөн. Ал эми Салык кызматы кассалык машинаны орнотуу менен көмүскөдөгү экономиканын көлөмүн азайтуу аракети болуп жатканын билдиришти. Соодагерлердин каршылыгына кабылган бул кадамдар жаңы Салык кодексинин алкагында ишке кирүүдө. Читать дальше...

УКМК чек арада ок Кыргызстан тараптан атылбаганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 23-декабрга оогон түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында ок атылган окуя боюнча маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлү 22-декабрдан 23-декабрга караган түнү Баткен районуна караштуу Дахма жерлигинде белгисиз адамдар аң уулоочу куралдан тажик жарандарынын үйүн көздөй эки жолу ок чагарганын маалымдаган. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын... Читать дальше...

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди

Azattyk.org 

Кыргызстанга биринчи партия менен жүк ташуучу жаңы он вагон алынып келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев "Бишкек-1" темир жол станциясында өткөн иш-чарада билдирди. Ал өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу жана жүктөрдү ташууга болгон муктаждыктарды канааттандыруу максатында 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынганын айтты. "Ишканада көп убакыттан бери темир жол составы жаңыртылган эмес. Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик... Читать дальше...

“Үнү каткан улар” - Жолон акынга арналган эмгек

Azattyk.org 

Публицист, адабият таануучу Ризван Исмаилова “Үнү каткан улар” аттуу китебин чыгарды. Бул көркөм даректүү баян кыргыз поэзиясындагы чыгаан акын Жолон Мамытовдун өмүр-тагдырына арналган. “Сыябан” подкастында Ризван Исмаилова менен Жолон акын, ага арналган китеп жана адабияттагы талант таануу багытынын оош-кыйыштары тууралуу сүйлөштүк. Маекти Бурулкан Турдубек кызы сунуш кылат.

Аялына кол көтөргөн судьяга эскертүү берилди

Azattyk.org 

Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов тууралуу коомдук тармактарда тараган тасманын чоо-жайын Жогорку соттун жетекчилиги териштирди. Жыйынтыгында "судья кынтыксыз болушу керек" деген эскертүү берди. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди. Анын айтымында, Кылычбек Истамкулов аялына кол көтөрүүгө үй-бүлөлүк пикир келишпестик себеп болгонун түшүндүргөн. "Жубайы жаңы жылга байланыштуу отуруштан кийин кызуу абалында автоунааны айдаганы жатканда,... Читать дальше...

"Господин комузчу"

Azattyk.org 

Бир ирет Маданият министрлигине барганымда мурда филармонияда оркестрде иштеп кеткен ардагер музыкант таанышыма жолугуп ал-акыбалды сурашып калдым. Ал пенсиясы аздыгына, маданият тармагы каралбай калганына кейип-кепчип арманын айтып бүтө алчудай эмес. Эс алуу багындагы отургучта орун алдык. - Господин келатат,- деп калды. Карасам, колуна газетаны бүктөй кармап чыкыйган бир киши биз тарапка басып келаткан экен. Аны менен учурашып, бир аз туруп узатып коюп кайра келди. -Кайран талант, кезинде атагы дүңгүрөп турган. Читать дальше...

Таластагы талаштуу курулуштар

Azattyk.org 

Таласта акыркы жылдарда курулган имараттардын сапатына адистер нааразы болуп келет. Алардын бири облустук драма театрдын имараты. Анын сапатсыз салынганы, курулушка бөлүнгөн акчалар мыйзамсыз коротулганы айтылган. Имаратты салган “Курулуш-Арсенал БМ” жоопкерчилиги чектелген коому Өкмөттүн Таластагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге таандык экени айтылат. “Азаттык” бул компания салган облустагы имараттардын сапатын жана андагы коррупциялык схемаларды иликтеди.

"Арызданган ишкерлер көбөйдү"

Azattyk.org 

2021-жылы мурунку жылга караганда Бизнес-акыйкатчы институтуна эки эсе көп даттануу түштү. Ишкерлер көбүнчө салыктык башкаруу боюнча кайрылышкан. Жаңы мыйзамдарды жана кодекстерди кабыл алууда ишкерлердин пикири толук камтылбай жатканы айтылып келет.  Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев “Азаттык” радиосуна бизнес коомчулугунун маселеси жана сунуштары тууралуу маек курду.  - Саламатсызбы, Нурлан мырза. Бизнес-акыйкатчы институтуна ишкерлер кандай көйгөйлөр менен көп кайрылышат? ... Читать дальше...

Бактыбек Калмаматовдун тарапташтары маалымат жыйынын өткөрдү

Azattyk.org 

Саясатчы Бактыбек Калмаматовдун камалышы боюнча анын адвокаты Мырза-Айым Камчыбекова, "Азаттык" партиясынын лидери Исмаил Исаков жана партия мүчөлөрү 23-декабрда маалымат жыйынын өткөрдү. Алар Калмаматовду камактан бошотууну талап кылды. Адвокат Мырза-Айым Камчыбекованын айтымында, атайын кызмат Калмаматовго "Фейсбуктагы" Нур Азиз аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айып коюп жатат. "Бактыбек Калмаматовго "Фейсбукта" Нур Азиз деп катталган колдонуучу жазган посттор үчүн айып коюлуп жатат. Читать дальше...

Гонконг: Тянанмен курмандыктарына арналган эстелик алынды

Azattyk.org 

Гонконг университети Тянанмен аянтындагы курмандыктардын элесине арналган эстеликти алып салды. Бул 1989-жылдагы окуяларды эске салган Гонконгдогу жалгыз эстелик эле. Кытайдын өзүндө бул темага тыюу салынган. 31 жыл мурда Бээжиндин Тянанмен аянтында коммунисттик Кытайдын тарыхындагы эң чоң саясий протест башталган. Борбордук аянтка чогулган 1 миллиондон ашуун студенттер жана жарандар өлкөдө саясий реформаны талап кылган.  Алты жумага созулган демонстрация танктар коштогон аскерлердин жардамында күч менен басылган. Читать дальше...

Азиянын күрөш уюму Тыныбекованы "Жылдын мыкты балбаны" атады

Azattyk.org 

Азиянын күрөш уюмунун тандоосу менен кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова "Азиянын мыкты балбаны" деп табылды. Тыныбекова быйыл Токио Олимпиадасынан күмүш, дүйнө жана Азия чемпионаттарынан алтын медал уткан. Уюм грек-рим күрөшүнөн Мохаммедреза Гераи, эркин күрөштөн Хассан Алиазам Йазданичаратини "Азиянын мыктысы" деп тапты. Аталган балбандар экөө тең ирандыктар. Сыйлоо аземи 2022-жылы апрелде Монголияда өтөт. 28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону. Читать дальше...

Тоолуу Бадахшан облусунун 66 тургунуна Тажикстандан чыгууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун 66 тургунуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тизме боюнча бийлик үн ката элек. Жарандык активисттердин айтымында, тизмеге негизинен 25-28-ноябрь күндөрү Хорогдогу каршылык акциясына катышкандар кирген. 25-ноябрда Тоолуу Бадахшандын Шохдар айылында милиция менен аскер күчтөрүнүн атайын операциясы учурунда жергиликтүү тургун Гүлбиддин Зиебеков көз жумган. Буга нааразылык билдирген миңдеген адам обладминистрациянын алдына чыгып, бийликтен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан. Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору 24-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал экенин билдирди. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 5…10; Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 5…10; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз 18…13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7; Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7; Бийик тоолордо түнкүсүн -22…-27... Читать дальше...

Путиндин жылдык маалымат жыйыны башталды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык пресс-конференциясын өткөрүп жатат. Бул жолку маалымат жыйын орус аскерлери Украинага жакын аймакта топтолуп, батыштын кооптонуусун жаратып жаткан учурга туш келди. Буга чейинки маалымат жыйындар үч сааттан ашык созулчу. Ал эми былтыркы жыйын төрт жарым сааттан ашык убакытты алган. Пандемияга байланыштуу журналисттер ПЧР тест тапшырып киришти. Соңку апталарда Батыш мамлекеттери, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта орусиялык жүз миңден ашуун аскерлеринин жайгашуусу боюнча коңгуроо кагып келишет. Читать дальше...

Улуттук хоккей лигасы Бээжинге оюнчуларын жибербейт

Azattyk.org 

Эл аралык хоккей федерациясы жана Эл аралык Олимпиада комитети Улуттук хоккей лигасынын (NHL) Бээжинге оюнчуларын жибербөө тууралуу чечимине тынчсыздануусун билдиришти. Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф бул "өкүнүчүтүү кабар экенин, ошентсе да бул чечимге түрткөн кырдаалды түшүнөрүн" билдирди. Эл аралык Олимпиада комитети "америкалык оюнчулар дагы бир ирет чемпион болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жатышканына" тынчсыздануусун билдирди. Германия менен Швециянын хоккей курама... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *