Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 06.12.2021

Масадыков коопсуздук маселелерин талкуулаганы Иранга барды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков үч күндүк сапар менен Иранга барды. Маалыматтарга караганда, ал Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин катчысы Али Шамхани менен жолукту. Шамхани менен Масадыков Тегеран менен Бишкектин ортосундагы коопсуздук жана экономика тармагында кызматташууну кеңейтүү тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле Масадыков Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдоллахиян менен да жолукту. Абдоллахиян эки мамлекеттин транспорт жаатында кызматташуусун жогору баалап... Читать дальше...

Индонезия: Жанар тоо атылгандан кийин өлгөндөр 22ге жетти

Azattyk.org 

Индонезиянын Ява аралындагы Семеру жанар тоосу атылып, 22 киши көз жумду. Отуз чакты адамдын дайыны белгисиз. Куткаруу иштери аба ырайынын начарлашына байланыштуу бир аз убакытка токтоп турду. Күн ачылгандан кийин куткаруучулар 13 жашар өспүрүмдүн сөөгүн казып чыгышты. Ооруканага 56 адам жаткырылды. 4-декабрда жанар тоо атылганда, күл менен газ 15 миң метр бийиктикке көтөрүлүп жакынкы кыштактарды каптаган. Үч миңдей турак-жай, мектеп, жол, көпүрөлөр жабыркады. Семеру Индонезиядагы 120дан ашуун активдүү вулкандардын бири. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш: жаңы курамдын сапаты жана салмагы талкууда

Azattyk.org 

Саясий айдыңда парламенттин жаңы курамы талкууланып, сапаты, өзгөчөлүгү жана кемчилигин талдоо башталды.  Добуштарды кол менен саноо аяктап, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында протоколдордун 99.96% системага киргизилди. Башкача айтканда бир шайлоо тилкесинин гана маалыматтары калды. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов учурда жумушчу топтор арыз, кайрылууларды карап жатканын билдирди. “Мыйзам боюнча 20 күндүн ичинде чечим чыгарабыз. Азыр жумушчу топтор арыздарды карап жатат. Ал эми округдук... Читать дальше...

Салык кызматы аткаминерлердин байлыгын жарыялады

Azattyk.org 

Боршайкомдун Маалыматтык шайлоо системасына кол менен саналган бюллетендердин 99,96% киргизилди. Салык кызматы саясий жана мамлекеттик кызматкерлердин киреше, чыгашалары жана мүлкү тууралуу маалыматтарды жарыялады. Нур-Султанда казак лидери Касым Жомарт-Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки мамлекеттин соода-сатыгын беш миллиард долларга жеткирүүнү макулдашты.

БШК Акбөкөн Таштанбековду жоопко тартууга макулдугун берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековду кылмыш жообуна тартууга макулдугун берди. 6-декабрда БШКнын отурумунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Таштанбековду жоопко тартууга макулдук тууралуу өтүнүчү бир добуштан канааттандырылды. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул чечим саясатчынын талапкерлик макамына таасир этпей турганын, нааразы тараптар сотко кайрылууга укуктуу экенин айтты: “Биз кандай чечим кабыл албайлы, ал азыр талапкердин макамына таасир этпейт. Читать дальше...

Беларус Софья Сапеганы соттомой болду

Azattyk.org 

Оппозициячыл блогер Роман Протасевичтин сүйлөшкөн кызы, орусиялык Софья Сапега алты жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Беларус прокуратурасы ага "кастыкты козутуу" боюнча айып такты. Быйыл майда Афиныдан Вилньюска учуп бараткан учак күч менен Минскиге кондурулуп алар кармалган, кийин үй камагына чыгышкан. Жигити дайынсыз, өзүнө айып тагылды Софья Сапеганын кылмыш иши Минскинин сотуна өткөрүлгөнү кабарланды. Ага "кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Беларустун Тергөө комитети... Читать дальше...

Путин Индияга курал-жарак маселесин талкуулаганы барды

Azattyk.org 

Коргонуу, курал-жабдык, өзөктүк энергетика жана Ооганстандагы кырдаал Индия менен Орусиянын делегацияларынын жыйынында талкууланганын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 6-декабрда билдирди. Жыйын Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Модинин жолугушуусун утурлай өттү. Лавров ошондой эле АКШнын келишимдерди үзгүлтүккө учуратуу аракеттерине карабай Индияга С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин жеткирүү макулдашуусу улантыларын кошумчалады. 2018-жылы түзүлгөн 5,4 миллиард долларлык келишимге ылайык... Читать дальше...

Садыр Жапаровду жактаган адвокат сот болду

Azattyk.org 

4-декабрда президент Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун айрым судьяларын дайындады. Алардын арасында мамлекет башчынын мурдагы адвокаты Шарабидин Токтосунов Бишкек шаардык соттун судьясы болуп дайындалды. Ал өзү "тааныш-билиштик аркылуу сот тармагына келди" деген сөздү четке кагып жатат. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушундагы айрым дайындоолор коомчулукта соттордун эркиндиги тууралуу талаш-талкууга жем таштап келет. Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Шарабидин Токтосунов 2012-жылы... Читать дальше...



Акбөкөн Таштанбековдун адвокаты ага коюлган айып боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков бүгүн эртең мененки саат 8ден бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) кармалып турганын “Азаттыкка” анын адвокаты Жылдыз Касаналиева кечки саат 7де билдирди: “Кармоонун себеби катары биздин талапкер улут аралык кастыкты козуткан делген видеону айтып жатышат. Бирок Таштанбеков ал видеону жайылткан эмес. Анын атаандаштары үч жыл мурдагы видеону алып, интернетке салып, улам жайылтып жатышат. Эми шайлоодо эң көп алган талапкерди УКМК аркылуу шайлоодон четтетүүгө... Читать дальше...

УКМК: Депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбековго кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун 6-декабрда “Азаттык” радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда интернеттеги социалдык тармактарда №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер Акбөкөн Таштанбеков катышкан видео жарыяланган жана ал коомчулукта терс пикир жараткан... Читать дальше...

Москвада сегиз тажикстандык ишкерлерге кол салганы үчүн соттолду

Azattyk.org 

Москвада Тажикстандын сегиз жараны ишкерлерге куралдуу чабуул уюштурганы үчүн 8,5 жылдан 16 жылга чейин эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Москва облустук прокуратурасынын "Телеграм" каналында жарыяланды. Анда "Сот алты адам Москва жана Подмосковьенин аймагындагы ишкерлердин жеке турак жайларын тоногон топтун мүчөсү болгонун аныктады. Алар травматикалык жана башка куралдарды колдонуп, акча, баалуу буюмдарды, курал-жарактарды уурдап келишкен. Жалпы чыгым 11,5 миллион рублга барабар", - деп белгиленген. Читать дальше...

Кыргызстандык дзюдочу жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын байге утту

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык дзюдочулар жаштар арасындагы мелдеште бир алтын, эки күмүш байге алышкан. Федерация бул үчүн алардын жакындарына жана устаттарына ыраазычылык айтты.

Бишкекте Жаңы жылдык салют атылбайт

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэриясы экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу жаңы жылдык салюттан баш тартты. Бул тууралуу 6-декабрда мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Назгүл Жамгырчиева билдирди. "Коопсуздукту жана шаардык бюджеттин оптимизациясын эске алуу менен мэр Айбек Жунушалиев ушундай чечим кабыл алды. Мындан 800 миң сомдун тегерегинде акча үнөмдөлөт". Соңку жылдары суук мезгилде Бишкекти ыш каптап, дүйнөдө абасы эң кир шаарлардын башкы саптарынан түшпөй келатат. World Air Quality уюмунун... Читать дальше...

Өзбекстанда бийлик TikTok Fest фестивалына тыюу салды

Azattyk.org 

Өзбекстанда 25-декабрга пландалган TikTok Fest иш-чарасына бийлик "улуттук менталитетке туура келбейт" деген жүйө менен тыюу салды. Маданият министрлиги тараткан билдирүүдө "фестиваль социалдык тармактарда сынга алынганы", "жаштардын аң сезимине туура келбеси" жана өзбек элинин "улуттук менталитетине каршы келери" белгиленет. Фестивалга орусиялык видеоблогерлер Даня Милохин, Артур Бабич, Егор Шип жана башкалар катышмак. Фестивалдарды өткөрүүгө уруксатты Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жана... Читать дальше...

Фаучи "Омикрон" тууралуу жыйынтык чыгарууга эрте экенин айтты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи алдын ала маалыматтарга таянып, коронавирустун "Омикрон" деген жаңы түрү "Дельта" штаммына караганда алсызыраак болушу мүмкүн экенин айтты. Ал 5-декабрда CNN каналына берген маегинде "Омикрон" канчалык олуттуу экенин тактоо үчүн дагы убакыт жана маалымат зарылдыгын кошумчалады. "Ал чындыгында "Дельтага" салыштырмалуу жеңилирээк деген жыйынтык чыгаргыча этият болушубуз шарт", - деди башкы эпидемиолог. Ноябрь айынын орто ченинде алгач Түштүк Африка... Читать дальше...

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр баасын арзандаткан жарлык чыкты

Azattyk.org 

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 2022-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясына 50 тыйындан төлөйт. Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка 6-декабрда кол койгону расмий кабарланды. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, эгерде керектөө 700 кВт/саттан ашса 2,16 сомдон төлөнө баштайт.  Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында аз камсыз болгон 110 518 кожолукка электр жарыгынын баасын 50 тыйынга түшүрүү тапшырмасын берген. Калган 27 тыйын бюджеттен төлөнөт. Бул тариф канчага чейин созулары так айтылган эмес. Читать дальше...

Изилдөө Бишкектеги абанын сапаты зыяндуу чекке жеткенин көрсөттү

Azattyk.org 

World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 6-декабрда 170тен ашты. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка кооптуу дегенди түшүндүрөт. Уюмдун баасы боюнча азыр Бишкек дүйнөдөгү абасы саламаттыкка өтө зыян жана булганган деген он шаардын катарында турат. Ноябрда Кыргызстандын борбору бул индексте баарынан озуп, биринчи орунга чыккан. Ал кезде көрсөткүч (AQI) 200дөн ашып, 300гө жакындаган. Негизи, аба таза болгондо атайын изилдөөчү жабдыктар 50дөн ылдый көрсөткүчтү көрсөтөт. Читать дальше...

Балдар үйүндөгү тамак-ашка бөлүнгөн каражат эки эсе көбөйөт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бир катар социалдык мекемелердеги тамактанууга каралган акча каражатын эки эсе көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 1-январдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы мекемелерде жашаган балдардын, улгайган жарандардын, майыптыгы бар адамдардын жана жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын тамак-ашына каралган каражат эки эсе көбөйөт. Читать дальше...

Нур-Султан менен Ташкент соода көлөмүн 5 миллиард долларга чыгарат

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Нур-Султанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен барды. Аны Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев тосуп алып, эки лидер чакан чөйрөдө сүйлөшүштү. Жолугушуудан кийин Токаев тараптар 6-декабрда Өнөктөш кызматташтык жөнүндө декларацияга кол коюшарын билдирди. Президент буга чейин эки өлкө стратегиялык өнөктөштүк принициптерине таянып келишкенин, эми алардын алакасы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн кошумчалады. Маалыматтарга караганда, Нур-Султан менен Ташкент соода... Читать дальше...

Укук коргоочулар Равшан Жээнбековго байланыштуу президентке кайрылышты

Azattyk.org 

Бир катар укук коргоочулар камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду эркиндикке чыгаруу маселеси менен президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Ондон ашуун укук коргоочу кол койгон кайрылууда белгиленгендей, "Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, эгерде айыпталуучуга карата соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо жана тергөө абагында кармоо мөөнөтү бир жылдан ашса, анын бөгөт чарасы өзгөртүлүшү керек. Укук коргоочулар кодекс эрежелеринин "тандалма жүрүп жатканын" айтып, президенттик аппараттын... Читать дальше...

Мьянма: Аун Сан Су Чжи төрт жылга кесилди

Azattyk.org 

Мьянмада (Бирма) сот өлкөнүн мурдагы жарандык лидери, Нобель сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжини төрт жылга эркинен ажыратты. Ага коронавирус чектөөлөрү маалында санитардык эрежелерди бузган жана коомду бөлүнүп-жарылууга шыкактаган деген айыптар тагылды. Бул жыл башында бийликке аскердик хунта келгенден берки Аун Сан Су Чжиге чыгарылган биринчи өкүм. Ага дагы бир нече беренелер боюнча айып тагылышы мүмкүн. Жалпысынан өлкөнүн мурдагы жарандык лидери 100 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал. 76 жаштагы... Читать дальше...

Жапаров дыйкан-фермерлер жер салыгынан бошотуларын билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъектилерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул жарлыкка ылайык Министрлер кабинетине кыргызстандыктарды 2022-2025-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу жана бул салыктын жоюлушуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялоо тапшырылган. "Министрлер Кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялап, 2022-жылдан... Читать дальше...

Жумгалда кызын зордуктоого шектелген киши 15 жылга кесилди

Azattyk.org 

Жумгал райондук соту өз кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөн деген шек менен кармалган 54 жаштагы тургунду 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу райондук соттон тастыкташты. Ал 15 жылга соттолуп, аталык укуктан ажыратылган. Ушул жылдын сентябрь айында өз кызын зордуктап жүргөн деген шек менен, мурда аялын өлүмүнө айыпталып,  соттолуп чыккан адам кармалган. Кылмышка шектүү  2010-жылы абакка кесилген. Сот аны 16 жылга эркинен ажыраткан.  2018-жылы пробацияга илинип, эркиндикке чыккан. Башкы... Читать дальше...

"Көптөгөн үй-бүлөлөр курсак тойсун деп жашап калды"

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банктын маалыматында дээрлик 2,2 миллион кыргызстандык күнүнө 96 сомго жашайт деп айтылат. Бул деген 1.1 АКШ доллары.  2020-жылы жакырчылыктын деңгээли Кыргызстанда 21-25,3% чейин өскөн. Калктын дагы сегиз пайызы жакырчылык чегинде турат.   БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өлкөдөгү пандемияга чейинки жана андан кийинки калктын экономикалык, социалдык абалын талдап чыкты. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперти Элизабетта... Читать дальше...

Быйыл чет элде кароосуз калган 16 өспүрүм Кыргызстанга алып келинди

Azattyk.org 

2021-жылдын 11 айында чет мамлекетте кароосуз калган кыргызстандык 16 өспүрүм мекенине алып келинди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 16 өспүрүмдүн экөө Казакстандан, калганы Орусиядан табылган. Баары ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосу жок эле башка мамлекеттин аймагына өтүп кетишкен. Мекенине кайтарылган балдардын үчөө кыз, 13ү эркек. Алар адегенде Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, профилактикалык иштерден соң туугандарына өткөрүлүп берилген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *