Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 07.12.2021

Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлар арасында экинчи орунга чыкты

Azattyk.org 

World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 7-декабрда 198ге жетти. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка кооптуу дегенди түшүндүрөт. Уюмдун баасы боюнча азыр Бишкек дүйнөдөгү абасы саламаттыкка өтө зыян жана булганган деген он шаардын катарында турат. Ноябрда Кыргызстандын борбору бул индексте баарынан озуп, биринчи орунга чыккан. Ал кезде көрсөткүч (AQI) 200дөн ашып, 300гө жакындаган. Негизи, аба таза болгондо атайын изилдөөчү жабдыктар 50дөн ылдый көрсөткүчтү көрсөтөт. Читать дальше...

Башкы прокуратура: Парламент жоопко тартууга макул болбосо Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигенов бошотулат

Azattyk.org 

Эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигенов камактан бошотулушат. Бул тууралуу бүгүн 7-декабрда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматта айтылгандай, эгер Жогорку Кеңеш макулдук берсе алар кылмыш-жаза жообуна тартылат, ал эми макулдук берүүдөн баш тартуусу үч саясатчынын “камактан бошотулушуна негиз болот жана депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө аларга карата иш убактылуу токтотулат”. Читать дальше...

Нью-Йоркто АКШнын жарандыгы жокторго шайлоо укугу берилиши мүмкүн

Azattyk.org 

АКШнын жараны болбогон Нью-Йорктун тургундары жергиликтүү шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болушу ыктымал. Бул тууралуу тиешелүү мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү долбоору Нью-Йорк шаардык кеңеши менен жана мэриянын кароосуна көрсөтүүгө даярдалууда. Документ кабыл алынса, мэрди, шаардык кеңештин депутаттарын жана башка шайлануучу кызматтагы кызмат адамдарын шайлоого жарандыгы жок 800 миңдей адам катыша ала турганы "Америка абазы" кабарлады. Ошол эле учурда жарандыгы жоктор дагы деле президентти же Конгресстин мүчөлөрүн шайлоодо... Читать дальше...

Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими

Azattyk.org 

Чүйдүн Сокулук районунда бойго жете элек кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар соту болуп өттү. 7-декабрда Исмаил айылында ондогон адам чогулуп, кылмышка шектүү буга чейин да ушундай иштерди жасаганын жүйө келтирип, анын айылда жашаган ата-энесин, жубайы менен үч баласын көчүп кетүүнү талап кылышты. Шектүүнүн жакындары айылды таштап кетүүгө макул эмес.

Бээжин - 2022: АКШнын саясий кадамы

Azattyk.org 

Баткенде өмүр бою соттолгон эки жарандын жазасы өзгөртүлүп, 20 жылга кесилди. Сокулуктун аксакалдар соту өспүрүм кызды зордуктоого шектүү “айылдан көчүп кетсин” деген чечим чыгарды. Вашингтон Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялады.

АКШ Кытайга дипломатиялык бойкот жарыялады

Azattyk.org 

Баткенде өмүр бою соттолгон эки жарандын жазасы өзгөртүлүп, 20 жылга кесилди. Сокулуктун аксакалдар соту өспүрүм кызды зордуктоого шектүү “айылдан көчүп кетсин” деген чечим чыгарды. Вашингтон Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялады.



Москвада ок атуудан үч адам каза тапты

Azattyk.org 

Москванын түштүгүндөгү Рязанский көп функционалдуу борборунда белгисиз адам ок чыгарган. Алдын ала маалыматтар боюнча үч адам октон көз жумду. Алар - борбордун бир кызматкери, имаратка келген бир киши жана 10 жаштагы секелек кыз болгон. Бул тууралуу Москвадагы “112” куткаруу кызматынын телеграмм- каналы билдирди. Орусиянын баш калаасындагы куралдуу кол салуу фактысы болгонун Москванын мэри Сергей Собянин да ырастады. Ар кайсы булактардан алынган маалымат боюнча, каза тапкан үч кишиден тышкары үч же төрт адам жарадар болгон. Читать дальше...

Акыйкатчы шайлоонун "оюндары"

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан кеткен Токон Мамытовдун ордуна акыйкатчыны тандоо жараяны башталды. Ал 2021-жылдын 20-октябрында кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча, акыйкатчынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы омбудсменди шайлоо 30 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш. Азыркы учурда бул кызматты көздөгөндөрдүн аты-жөнү белгилүү боло баштады. Арасында бийликтин "көзү түшкөн" талапкерлер бар экени айтыла баштады. "Шайлоо өткөн жумада эле болмок" Мыйзам боюнча... Читать дальше...

АКШнын алты сенатору өзбек бийлигине эскертүү берди

Azattyk.org 

Америкалык алты сенатор АКШнын өкмөтүнө Өзбекстанга бул өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу кысым көрсөтүүгө чакырды. АКШ Сенатынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес баштаган беш демократ сенатор бул тууралуу АКШ менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунун алдында биргелешкен билдирүү жасашты. Америкалык сенаторлор 6-декабрдагы Ак үйгө жолдогон катында Өзбекстандын “адам укуктарын сактоо багытында жылыш бар экенин” моюнга алып, бирок Борбор... Читать дальше...

Москва соту Google компаниясын дагы доого жыкты

Azattyk.org 

Москванын соту Google компаниясын Орусияда тыюу салынган мазмундагы материалдарды чыгарып берүү боюнча эрежелерди бузганы үчүн дагы бир жолу ири өлчөмдө айып пул төлөөгө милдеттендирди. Бул жолу ага 5 миллион рубль (67 600 доллар) айып пул салынды. Орусиянын баш калаасы Москванын Таган райондук соту 7-декабрда бул тууралуу чечим чыгарды. Анда Google компаниясы берилген көрсөтмөгө ылайык, тыюу салынган мазмундагы материалдарды өчүрбөгөнү айтылат. Кечке жуук сот Google компаниясына каршы коюлган... Читать дальше...

Эндрю Качинс: Мени каралоонун артында ФСБ турду

Azattyk.org 

Борбор Азиядагы Америка Университетинин (АУЦА) мурунку президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан депортациялынышынын артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) турат деп эсептейт. Бул тууралуу америкалык илимпоз 3-декабрда Калифорниядагы Стэнфорд университетиндеги жолугушууда айтты. "Кыргызстан менен АКШнын мамилелери буга чейин да начарлап келген. Кыргызстан Орусиядан көз каранды өлкө. АКШ-Орусия мамилесинин начарлашы кырдаалды ого бетер курчутту. Кыргызстан суверендүү саясат жүргүзө албайт. Читать дальше...

Кытай АКШнын дипломатиялык бойкотуна жооп кайтарды

Azattyk.org 

АКШнын чечими февралда Бээжинде өтө турган Олимп оюндарынын ачылыш аземине президент Жо Байден да, башка жогорку даражалуу расмий адамдар да катышпайт дегенди билдирет. Ошондой эле, башка дипломаттар да Кытайга барышпайт. АКШ делегациясынын курамында спортчулар жана машыктыруучулар гана болот. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян "Кытай буга байланыштуу Кошмо Штаттарга катуу нааразычылыгын билдирет" деп жооп берди. Ошондой эле, Бээжин Вашингтонго каршы чечкиндүү чараларды көрө турганын билдирди. Читать дальше...

Казакстанда мунапыс мыйзамы күчүнө кирди

Azattyk.org 

7-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койгонун расмий басма сөз кызматы кабарлады. Бул мыйзамда анча оор эмес жана орточо оор кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткан соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда бошотуу, айрым оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жаза өтөө мөөнөтүн кыскартуу каралган. Жергиликтүү агенттиктердин маалыматы боюнча, өзгөчө көңүл жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына: ардагерлерге... Читать дальше...

АКШ Кытайда өтчү Олимпиадага дипломаттарын жибербейт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын укуктарынын басмырланышына каршылык билдирип, эмдиги жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарына расмий өкүлдөрүн жана дипломаттарын жибербейт. Вашингтон Шинжаңдагы уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарына жасалган Кытай бийлигинин аракеттерин геноцидге теңеп келет. «Дипломатиялык бойкот» деген эмне? Президент Жо Байдендин администрациясы Кытайдын баш калаасында өтө турган оюндарга АКШ өкмөтүнүн расмий жана дипломатиялык өкүлдөрүн жибербейт. Читать дальше...

Бишкек мэриясынын өкүлү пара опузалоого шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди. УКМК тараткан маалыматка ылайык, ал транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеген кезде 45 миң доллар акча каражатын опузалап алган фактысы аныкталган. Шектүү Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына киргизилди. УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мамлекеттик кызматкерлерди буга чейин да кармаган. Читать дальше...

Казакстанда орус жарандыгына өткөн 1,5 миң кишиге ашыкча пенсия төлөнгөн

Azattyk.org 

Казакстанда кош жарандыгы бар дээрлик бир жарым миң пенсионер аныкталып, аларга 6,3 миллиард теңге (14 миллион доллардан ашык) ашыкча мамлекеттик бюджеттен төлөнгөнү аныкталды. Бул тууралуу 6-декабрда Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Серик Шапкенов депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Шапкеновдун айтымында, бул сандар өкмөттүн жарандар үчүн мамлекеттик корпорациясынын маалыматтарын Орусиянын пенсиялык системасынын маалыматтары менен салыштыруунун жыйынтыгында аныкталган. Читать дальше...

Нарын: карагай отургузган токойчулар

Azattyk.org 

Ат-Башы районунда токойчулар ийне жалбырактуу дарактардын көчөтүн өстүргөн атайын питомниктерди куруп, табияттын камын көрүүдө. Тоолуу аймакта төрт түлүк эсепсиз көбөйгөндүктөн жайыттар такырланып, карагайдын көбөйүшү да басаңдап кеткен.

Жашоодо адашпаш үчүн гид болчу адам керек. Шевченконун мотивация берген маеги

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине көл жээгинде эксклюзивдүү интервью берди. Аны менен шеф-редактор Эркин Алымбеков маектешкен.

Рохинжа качкындары "Фейсбукка" 150 миллиард доллар доо койду

Azattyk.org 

Улуу Британиядагы жана АКШдагы ондогон мусулман рохинжа качкындары "Фейсбукка" каршы 150 миллиард доллар доо арыз менен сотко кайрылды. Арыз ээлери бул социалдык тармакта мусулман азчылыгына каршы жек көрүүнү күчөткөн сөздөр таркатылып жатканын мисал келтирип, буга жакында эле META болуп аты өзгөргөн "Фейсбук" компаниясын айыпташууда. Доодо жалган маалыматтарды жана экстремисттик идеяларды жайылткан социалдык медиа алгоритмдери чыныгы жашоодо зордук-зомбулукка айланып баратканы айтылат. "Фейсбук"... Читать дальше...

Бишкектеги фестивалда Азимжан Аскаров жөнүндө фильм көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан "Бир Дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалында  абакта кайтыш болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндө фильм көрсөтүлдү.  Даректүү тасма “Акыйкат үчүн акыркы мүмкүнчүлүк” деп аталып, ага Молдовадагы белгилүү журналист, документалист Марина Шупак режиссёрлук кылган.  Аскаровдун тагдыры баяндалган фильм буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрүндө жабык көрсөтүлгөн.  2010-жылдагы июнь окуялары үчүн айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүрүнүн аягына чейин камалып, 2020-жылы... Читать дальше...

Москвада кыргыз жараны поездге боюн таштады

Azattyk.org 

Москвадагы метростанциялардын биринде кыргызстандык 22 жаштагы жигит жүрүп келаткан поездге боюн таштады. Ал ооруканага жеткирилип, операция жасалып жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Назгүл Жусупакунова 7-декабрда "Азаттыкка" билдирди. Элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

БШК: кол санактын протоколдору системага киргизилди

Azattyk.org 

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага киргизилип бүттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Кол санакка ылайык, парламенттик шайлоодогу жараксыз бюллетендердин саны 3 926га кыскарган. Бир мандаттуу округдардагы кол санак 2-декабрда бүткөн. БШК шайлоо жыйынтыгы мыйзамда каралган негизде чыгарыларын билдирди. Буга чейин шайлоо жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыялана турганы айтылган. "Азаттыктын" жеке булактары жаңы парламент... Читать дальше...

Өзбекстанда соода борборундагы жарылуудан эки адам каза болду

Azattyk.org 

7-декабрга караган түнү Өзбекстандын түштүгүндөгү Сурхандарья облусунун Денов шаарындагы соода борборунда жарылуу болду. Анын кесепетинен эки адам каза таап, тогуз киши жаракат алганын Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Куткаруучулар кабарлагандай, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 3:57де болгон. Сөз болуп жаткан имарат шаардын чок ортосунда жайгашкан эки кабаттуу “Инденим” соода борбору. Жарылуу имараттын дубалдарын жарым-жартылай уратып, жалбырттаган өрттүн чыгышына алып келди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *