Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 13.12.2021

Өзбек бийлиги аялдарды коргоону күчөтөт

Azattyk.org 

АКШдагы торнадо 100дөй кишинин өмүрүн кыйды. Катуу куюндан улам ондогон адам дайынсыз жоголуп, айрым шаарчалар талкаланды. Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук кардиология жана терапия борборун текшерип, 15тен ашуун мыйзам бузууну аныктады. Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы орточо 10% кымбаттады.

Кара-Суудагы окуяга шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги 13-декабрда Кара-Суу шаарында болгон окуяга байланыштуу мурда соттолгон үч киши кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар мурда да куралдуу каракчылык менен алектенип жүргөнү белгилүү болду. Шектүүлөр 13-декабрда Кара-Суунун Нурахунов көчөсүнөн кармалган. Окуя болгон жерде “Дэу-Лассети” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөлгөн. ИИМдин маалыматында машиненин өрттөлгөн себеби айтылган эмес. "Савай айылынын тургуну 13-декабрда саат 09:50 чамасында Кара-Суу шаарынын... Читать дальше...

Депутат Кумтөрдүн алтыны кайда сатылып жатканына кызыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 13-декабрдагы жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов Кумтөр кенинен казылып жаткан алтын кайда сатылып же сакталып жатканы жөнүндө суроо салды.  "Өзүбүз иштетип жатабыз, канча алтын өндүрдүк, канча салык түштү, алтынды каякка, канчадан саттык? Сатпасак кайда сактап жатабыз?" – деди депутат. Финансы министри Алмаз Бакетаев ишкана салыкты толук төгүп жатканын айтып, бирок суммасын атаган жок. Ал эми алтын боюнча маалыматы жок экенин билдирди. Читать дальше...

Бишкек мэриясы балаты жана аянтты кооздоого 5,6 млн. сом сарптайт

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы жаңы жылдык коздоого жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө таратты. Мэрия "Бишкексвет" жарыялаган 5 млн. 687 миң сом тендер 25 метрлик балатыдан сырткары Ала-Тоо аянттын кооздоого сарпталуучу каражат экенин белгилейт. Мекеме былтыркы жылы сатып алынган кооздоочу материалдарды колдонуу жетишсиз экенин билдирди. Жакынкы күндөрү шаардын борбордук көчөлөрүн кооздоо башталат. Мэрия сарпталган каражаттарды көзөмөлдөө үчүн жарандык активисттерди жана блогерлерди шаардык штабга чакырат. ... Читать дальше...

Мексика аркылуу АКШга жетүүнүн азап-тозогу

Azattyk.org 

Соңку жылдары жүздөгөн кыргызстандык Мексика аркылуу АКШга кирүүнүн амалын издеп жүрөт. “Америка кыялына” жетеленген мекендештердин айрымдары максатына жеткени менен дээрлик көпчүлүгү миңдеген доллардан кол жууп, кайра Бишкеке кетүүгө мажбур болгон. Бүгүн Азиянын борборунан алыскы Америкага жетүүнүн "тар жол, тайгак кечүүсү" тууралуу баяндайбыз. "Орус жарандыгы бар кыз издейм" "Бишкек – Стамбул – Амстердам - Канкун" рейси алыскы Мексикага эс алганы бараткан туристтин кадимки жол багыты. Бишкектен... Читать дальше...

COVID-19: Британияда "омикрон" штаммынан биринчи бейтап каза болду

Azattyk.org 

Британияда коронавирустун "омикрон" штаммынан биринчи бейтап көз жумду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү премьер-министр Борис Жонсон билдирди. Өкмөт башчы сөз болгон вариантка чалдыккан бир нече киши ооруканада жатканын тастыктады. Бардыгы болуп Британияда "омикронду" бир миңден көп киши жугузуп алды. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму алдын ала маалыматтарга таянып, биринчи болуп Түштүк Африкада катталган жаңы штамм башкаларга караганда тез жайыларын, колдогу вакциналар андан жетиштүү коргобой турганын билдирген. Читать дальше...

Мунай менен футболдун шаары

Azattyk.org 

Жалал-Абад аймагында мындан 70 жыл мурда кара май кени табылганда түптөлгөн Кочкор-Ата шаары - кыргыз мунайынын борбору. Чакан шаардын тиричилиги толугу менен “Кыргызнефтегазга” байланган. “Данисте” берүүсү кыргыз мунайын өндүрүү, мунайчылардын турмушу жана алар түптөгөн айтылуу “Нефтчи” футбол клубунун ийгилиги тууралуу баяндайт.



Чаткалда алтын казган ишканага нааразы болгондор жол тосушту

Azattyk.org 

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жумушчулары жана жергиликтүү тургундар компанияга нааразы болуп жол тосушту. Акимдин айтымында, 12-декабрда алар ишкананын үч айдоочусунун жумуштан алынганына жана “экологиялык талаптар сакталбай жатат” деп нааразы болуп топтолушкан. Учурда жол ачылып, чогулгандар тарап кетишти. “Чоң жүк ташуучу машиненин үч айдоочусун жумуштан кетиришкен. Алар талаптагыдай иш алып барбаганы себептүү иштен алыныптыр. Читать дальше...

Еврошаркет Москвага жаңы санкциялар салынарын эскертти

Azattyk.org 

Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги жыйында орус аскерлери Украинага басып кире турган болсо, Москвага каршы жаңы экономикалык санкциялар салынарын эскертишти. Шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Йозеп Боррелл жолугушууда жазалоочу чаралар кабыл алынбасын, бирок министрлер АКШ жана Британия менен координацияланган ыктымал чараларды талкуулашарын билдирди. Биримдиктин дипломаттары маалымдашкандай, Орусия менен Германияны туташтырган "Түндүк агым-2" кууру бутага алынышы мүмкүн. Читать дальше...

Министр Бейшеналиевди отставкага кетирүү талабы айтылды

Azattyk.org 

Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлеринин бир бөлүгү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылып жатышат. Буга борбордун директору Акпай Сарыбаевдин кызматтан алынышы себеп болгон. Министрлик борбордо каржылык мыйзам бузуулар көп экенин билдирүүдө. Акпай Сарыбаевди жумуштан алган аудит 2021-жылдын октябрь айында Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук кардиология жана терапия борборунун ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында... Читать дальше...

Прокуратура: каржы пирамидасынан беш миң жаран 3 млн. долларга алданган

Azattyk.org 

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жазык кодексинин 214-беренеси (“Каржы пирамидаларын уюштуруу”) менен кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Тергөөнүн жүрүшүндө каржы пирамидасынан алданган жарандардын саны беш миңден ашып, жалпы чыгым 3 млн. АКШ доллар болгону аныкталган. Расмий маалыматка ылайык, каржы пирамидасын беш украиналык жана үч кыргыз жараны түзгөн. "Алар маркетинг иш-чараларын бурмалоо жолу менен жүргүзүп, жарандардын салган акчасы жыл сайын... Читать дальше...

"Тайм" журналы Илон Маскты "жылдын адамы" деп атады

Azattyk.org 

Америкалык SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маск "Тайм" журналынын версиясы боюнча "Жылдын адамы" деп аталды. Басылма белгилегендей, Маск "дүйнөдөгү эң бай адам гана эмес, коомдогу масштабдуу өзгөрүүлөрдүн бай мисалы болуп калды. Бул инсан планетаны сактап калууну, жаңы планеталарды багындырып, элди ошол жерге көчүрүүнү көздөйт". "Тайм" 1927-жылдан бери жылдын адамын аныктап келет. Адатта аяктап бараткан жылы дүйнөдөгү окуяларга оң же терс таасир эткен бир киши же адамдардын тобу тандалат. Читать дальше...

ИИМ Жумгалда жол кырсыктарын алдын алуу чаралары көрүлөрүн маалымдады

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Жумгал-Кочкор жолундагы автоунаа кырсыктарын алдын алуу чаралары көрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. 12-декабрда Баш-Кууганды айылынын тургундары Жумгал-Кочкор жолун тосуп, митингге чыгышкан. Алар жолду тейлөө иштери тынымсыз жүргүзүлүп, жолго суу сээп турууну талап кылышкан. Жергиликтүүлөр жолдун чаңы сапырылып, автоунаа кырсыктарынан адам өмүрү кыйылып жатканын айтышкан. Милициянын маалыматында, чогулган элге жергиликтүү милиция жетекчилери... Читать дальше...

Президент окубай калган балдарды мектепке киргизүү боюнча жарлык чыгарды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "Балдардын билим алууга конституциялык укугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Жарлыкка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги эки жумада мектепте окубай жаткан балдардын эсебин алып, мектепке киргизүү боюнча зарыл чараларды көрүш керек. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте бир ай ичинде турмушу оор, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды таап... Читать дальше...

Полковник Айткурмановдун өлүмү боюнча тергөө башталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги милициянын пенсиядагы полковниги, мекеменин Тергөө кызматынын мурдагы жетекчиси Сыргак Айткурмановдун өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу маалымат берди. ИИМдин билдирүүсүндө, 44 жаштагы полковник 13-декабрда эртең менен эстен танган абалда ооруканага түшүп, каза болуп калган. "Ал эртең мененки саат 7лер чамасында №4 шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө “Тез жардам” менен жеткирилген. Дарыгерлердин аныктамасына ылайык, Айткурманов баш-мээдеги жаракат диагнозу менен эс-учунан танган абалда түшкөн. Читать дальше...

АКШдагы торнадо 100дөй кишинин өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

АКШдагы торнадодон кеминде 94 адам мерт болду. Жума күнү түндө башталып, таңга чейин созулган катуу куюндан улам 300 чакырымдык аймакта ондогон адам дайынсыз жоголуп, айрым штаттарда бүтүндөй шаарчалар талкаланды. Жаратылыш кырсыгынан кийин Кентукки штатындагы Доусон Спрингс шаарчасы дээрлик жер менен жексен болуп калды. "Бул өтө кейиштүү. Жердеги тозок десек болот. Эл бардык нерсесинен айрылды. Өтө жаман", - деди шаарчанын тургуну Рид Гири. 10-декабрдын түнүндө АКШнын орто батышындагы жана түштүгүндөгү алты штатта... Читать дальше...

АКШ Кыргызстанга дагы 49 миң доза Pfizer вакцинасын берди

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга 49 миң доза Pfizer вакцинасын берди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги билдирди. Вакцинаны жеткирүү эл аралык COVAX программасынын алкагында ишке ашкан. "Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын болушу бул пандемияны токтотуу үчүн абдан маанилүү. Бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана вирустун жаңы кооптуу штаммдарынын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”, - деди АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер. Саламаттык... Читать дальше...

Камактагы депутат Жетигеновдун маселеси парламентте каралат

Azattyk.org 

Чүй облусунун  Сайлык айылында 12-декабрда Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Бакыт Жетигеновдун тарапташтары анын бошотулушун талап кылып акцияга чыгышты. Депутат өткөн айда "бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген айып менен камалган 15 адамдын арасында болгон. Парламент аны жоопко тартууга макулдук берип-бербөө маселесин 15-декабрда караганы жатат. Мурунку аптада убактылуу депутаттык комиссия Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген эмес. Жогорку Кеңеште Бакыт Жетигеновго... Читать дальше...

"Бир шаарча тыптыйпыл болду": АКШдагы торнадонун кесепети

Azattyk.org 

АКШнын орто батышындагы жана түштүгүндөгү торнадодон кеминде 94 адам мерт болду. Жума күнү түндө башталып, таңга чейин созулган бороон-чапкын, куюндан улам ондогон адамдар дайынсыз жоголуп, айрым штаттарда бүтүндөй шаарчалар талкаланды. Аза күткөн тургундар, кыйраган турак-жайлар, туш келди жыгылган бак-дарактар жана талкаланып, көңтөрүлүп калган автоунаалар. Торнадодон кийин Кентукки штатындагы Доусон Спрингс шаарчасы таанылгыс болуп өзгөргөн. Жергиликтүү жашоочулар бир шаарча көз ачып жумгуча тыптыйпыл болгонуна ишене албай турушат. Читать дальше...

Болгариянын жаңы өкмөтү коррупция менен катуу күрөшүүгө убада берди

Azattyk.org 

Болгарияда 4 партиядан турган башкаруучу коалиция куралды. Өткөн ишембиде "Өзгөртүүлөрдү улантабыз" деген антикоррупциялык партиянын теңтөрагасы, премьерликке талапкер Кирилл Петков өлкө президентине жаңы кабинеттин долбоорун тапшырды. Парламенттеги добуш берүү 13-декабрга пландалган. Петковдун айтымында, жаңы өкмөт "паракорчулукка каршы айыгышкан күрөш" жүргүзөт. Жаңы коалиция өлкөнү 4 жыл башкармакчы. Бул аралыкта сот системасынын реформасы ишке ашууга тийиш. Жаңы өкмөт алдында ошондой эле электрэнергиясынын бааларынын өсүшү... Читать дальше...

Беларуста БШКны 25 жыл жетектеген Ермошина кызматтан кетти

Azattyk.org 

Беларуста жаңы конституция боюнча референдум алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси алмашты. Бул кызматты 25 жыл аркалаган Лидия Ермошинанын ордуна мурдагы билим берүү министри Игорь Карпенко келди. Александр Лукашенко жаңы дайындоо тууралуу жарыялап жатып, “оңой эмес мезгил” күтүлүп жатканын, комиссияны жетектөөгө “тажрыйбалуу киши” керектигин белгиледи. 68 жаштагы Ермошина башка кызматка барып барбасы белгисиз. Ал төрайым болуп 1996-жылы Лукашенкону сындап келген Виктор Гончардын ордуна дайындалган. Читать дальше...

Элчи кызматына талапкерлерди жаңы парламент карай турган болду 

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстан менен Венгриядагы элчи кызматына сунушталган талапкерлерди караган жок. Комитеттен билдиришкендей, бул маселени Жогорку Кеңештин жаңы курамы карай турган болду. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Фархат Иминов, Венгриядагы элчиликке  Талант Кушчубеков сунушталган. Фархат Иминов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2015-жылы "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, 2018-жылы мандатын тапшырган. Читать дальше...

Чаткал: чачылган чачыранды алтын

Azattyk.org 

"Азаттык" Чаткалда чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын иликтеп чыкты. Ошондой эле лицензиялар колдон колго өткөн, айрым учурда ээси ким экени белгисиз учурлар бар экени аныкталды. Токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан жана айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегендиктен чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *