Аба ырайы: Тоолордо кар жаайт
Эртең 5-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй облусунда жамгыр карга айланат. Жолдор тайгак болот. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,
Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11,
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Нарын жергесинде түнкүсүн -15...-10, күндүз -3...+2,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-13, күндүз 0...-5°.
Бишкек шаарында күн бүркөк болот. Абанын температурасы түнкүсүн 1...3, күндүз 10...12°.