Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Абакта инсульт алган аял дарыланууга муктаж

0
Абакта инсульт алган аял дарыланууга муктаж

Степное айылындагы аялдар абагында бир нече жылдан бери жазасын өтүп жаткан Раушан Мукамбетованын жакындары анын саламаттыгы кескин начарлап кеткенине тынчсызданып, ооруканага которууну өтүнүүдө.

Жаза аткаруу кызматы аялдын ден соолугу начар экенин ырастап, буга чейин менчик ооруканада дарыланып чыкканын билдирди. Сот "Мукамбетованын оорусу анын жаза мөөнөтүн жылдырууга негиз бере албайт" деген чечим чыгарган.​

"Арыктыгынан тааныбай калдым"

Жакындарынын айтымында №2 абакта оор кылмышка айыпталып, жазасын өтөп жаткан Раушан Мукамбетова төрт жолу инсульт алган. Анын күйөөсү Нурлан Бейшембиев жубайынын абалы оор экенин белгиледи.

"Келинчегим Раушан Мукамбетова абакта жатканда төрт жолу инсульт алды. Камалган учурда ден соолугу жакшы эле. Ал жакта психологиялык басымга кабылганын айткан. Ошол себептенби, биринчи инсультту тергөө абагында жаткан учурда алды. Ошондо эле биз суранып, "бошото тургула, биротоло айыгып, анан жазасын өтөсүн" дегенбиз. Түрмөнүн санитардык бөлүгүндө дарыламыш болушат, бирок андан натыйжа чыкпай дагы үч жолу инсульт болду. Баргандан баштап эле санчастта. Тамак жебейт, териси сөөгүнө жабышып скелетке айланды. Адеп ооруканага түшкөндө көргөнү барып, арыктыгынан тааныбай калыпмын".

Каракол шаарындагы медициналык окуу жайынын башкы бухгалтери болуп иштеген Раушан Мукамбетова окуу жайдын директорун өлтүрүүгө шек саналып, 2016-жылдын күзүндө кармалган.

Каракол шаардык соту бул ишти карап, аны окуу жайдын директорун өлүмүнө тиешеси жок деген негиз менен актаган. Бирок экономикалык кылмышка айыптап, "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "ишенип тапшырылган мүлктү менчиктеп алуу" беренелери боюнча алты жылга эркинен ажыраткан.

Мындан кийин маркум директордун жакындары жогорку инстанцияга арызданган. Ысык-Көл облустук соту Мукамбетованы директордун өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 15 жылга күчөтүлгөн режимде жазасын өтөөгө чечим чыгарган.

"Раушан ошондон бери абакта оор абалда жатат. Сол ыптасы кыймылдан калган, боюн түзөп дааратканага бара албайт. Жалаң памперс менен жатат. Тамак иче албайт. Концлагердин туткундарынан айырмасы жок. Төрт жолу инсульт алды. Түрмөнүн санчастында дарылап атканын айтышат, бирок эч кандай жылыш жок. Акыркы жолу инсульт болгондо катуу жыгылып, жамбаш сөөгү чыгып кетиптир. Аны да билбей жүрө бермек экенбиз, жакында эле остеопат дарыгер барып көрүп, ошондо аныкталыптыр. Врач сөөктү кайра ордуна салыш керек деген. Биз аны ооруканага которууну өтүнүп, Аламүдүн райондук сотуна кайрылдык. Сотко түрмөнүн дарыгерлери да келип, мекемеде жубайымды дарылоо мүмкүнчүлүгү жоктугун айтышкан. Бирок судья каршы чыгып койду".

"Балдарым эне мээримин көрбөй өстү"

Раушандын күйөөсү аялын жазадан куткарууну эмес, дарылануусуна уруксат берүүнү гана өтүнүп жатканын кошумчалады.

"Дарыгерлер "бул бир эле сеанс менен дарылап, айыктырып коюучу грипп же бронхит эмес, узак убакыт дарылоо керек" деп айтышкан. Ошондуктан, мен аны дарыланып алганча эле бошотуп турууну суранып жатам. Биз аны жазадан куткарууну өтүнгөн жокпуз. Болгону дарыланып алуусуна шарт түзүп берүүсүн соттон суранат элек".

Раушан Мукамбетова 2020-жылы мунапыска туш болуп, жаза мөөнөтү беш жылга кыскарган. Жолдошу алдыда анын дагы үч жарым жылы калганын айтып, азыркы абалы менен жазасын аягына чейин өтөй албайт деп кооптонот.

"Жубайым кармалган учурда уулум ондо болчу, быйыл 11-класста окуп жатат. Караколдун соту "уулу эрезеге жеткенче эркиндикте жүрсүн" деп чечкен. Ысык-Көл облустук соту аны да эске алган жок. Кызым да бойго жетип окуу жайды аяктап жатат. Балдарым эне мээримине зар болуп чоңоюшту. Уулума башында "апаң ооруканада" деп айтпай жүрдүк. Үч жылдан кийин "эми чоңойду, акыры билет" деп угуздук. Чоң энеси карады балдарды".

ЖАМК: Өтүнүч катты сотко бергенбиз

Жаза аткаруу кызматы Раушан Мукамбетованын абалы начар экенин ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, абактагы аял өзү басып-тура албайт:

"Степное айылындагы абакта оор абалда жаткан бир нече аял бар. Раушан Мукамбетованын абалы чынында оор, түрмөнүн ооруканасында жатат. Төрт жолу инсульт алды. Биз да аны саламаттыгына байланыштуу мөөнөтүн жылдырып турууну өтүнгөнбүз. Саламаттык сактоо министрлигинен атайын комиссия келип көрүп, бирок анын оорусу абактан дарыланууга бошотууга жол берген илдеттердин катарына кирбесин билдирген. Ооба, ал учурда басып-тура албайт, жанына өзүндөй эле жазасын өтөп жаткан врач аялды бекитип коюшкан, ошол аял карайт. Памперс киет. Буга чейин оор абалда Чүй облустук ооруканасына, андан ары жеке менчик ооруканада жатып, дарылануусуна шарт түзүлгөн. Ал жактан бир аз айыгып чыккандан кийин, кайра абакка которулган. Биз деле анын оор абалда экендигин, дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүсүн өтүнүп, сотко кайрылганбыз".

Акыйкатчы институту да Раушан Мукамбетованы дарылануусуна шарт түзүп берүү маселесин көтөрүп келет. Акыйкатчынын эксперти Санжар Тойболотов Мукамбетованын жагдайы тууралуу мындай деди:

"Акыйкатчы институтунан эксперттер Мукамбетованын абалын бир ай мурда көрдүк эле. Түрмөнүн ооруканасында экен, сүйлөшөлү десек, андай акыбалда эмес экен. Албетте, мыйзам бузган адам жазасын алышы керек, ошондуктан, биз аны оорусуна байланыштуу эркиндикке чыгарууну эмес, жаза мөөнөтүн жылдырып турууну өтүнүп, сотко кайрылганбыз. Дарыланып жаткан чакта жаза мөөнөтү эсептелбейт, дарыланып, айыккандан кийин түрмөгө кайтып, жазасын аягына чейин өтөөнү улантат".

Раушан Мукамбетованын жаза мөөнөтүн жылдырып берүү тууралуу анын жакындарынын арызын Чүйдүн Аламүдүн райондук соту 13-октябрда караган. Сотко Жаза аткаруу кызматынын, Акыйкатчы инстититунун, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери да кайрылып, абактагы аялдын абалы оор экенин белгилешкен. Судья Касмалиев Мукамбетованын оорусу анын жаза мөөнөтүн жылдырууга негиз бере албайт деген жүйө менен өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан.

Раушан Мукамбетованын жакындары Чүй облустук сотуна кайрылган. Облсот бул ишти 8-декабрда кароого койду.

Раушан Мукамбетова Каракол шаарында жайгашкан Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директору Анарбүбү Абсалиеванын өлүмүнө шек саналып, 2016-жылдын 17-ноябрында кармалган. Абсалиева 23 жолу бычак жеп, өз үйүндө киши колдуу болгон.

 

Абакта өчкөн өмүрлөр

Кыргызстандын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жатып, саламаттыгы начарлап, аягында көз жумгандардын катарында укук коргоочу Азимжан Аскаров да бар. Жакындары жана адвокаты Аскаровдун саламаттыгы начарлап жаткандыктан, аны дарылоого мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүп, бир нече жолу бийликке, Жогорку сотко кайрылышкан. Оорусу өтүшүп бара жатканын Аскаров өзү да белгилеп, абактан каттарды жазган. Бирок өтүнүчтөр четке кагылган.

Кыргызстандагы жабык мекемелердеги абал эл аралык да, мамлекеттик да стандартка туура келбей турганы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитетинде да белгиленген.

10-11-декабрь күндөрү аталган комитет Женева шаарында өлкөдөгү кырдаалды талкуулаган. Анда комитет буга чейин жабык жайлардын абалын жакшыртуу үчүн берген сунуштарын Кыргызстан аткарбаганы белгиленген. Талкууда абакта кайтыш болгон укук коргоочунун дарылануусуна мүмкүнчүлүк берилбегени да кыйноо фактысына кирери эскертилген.

Быйыл сентябрда №47 колонияда 66 жаштагы адам диабеттик комадан кийин көз жумган. Күз айларында Степное айылындагы аялдардын абагынан эмчек рагынын 4-стадиясы аныкталган аял жазасын өтүп чыгып, бир айдан кийин каза болгон. Бул фактыларды белгилеген Кыйноолорго каршы улуттук борбор аялдар абагында дагы бир аялдын саламаттыгы оор экенин белгилеп, аларды бошотууну талап кылган.

Кыргызстандын Жазык-процессуалдык кодексинин 36-беренеси боюнча соттолгон адам жаза өтөп жатканда айыккыс оор илдетке же психикалык ооруга чалдыкса, белгиленген мөөнөттөн эрте эркиндикке чыгууга укуктуу.

Бул мыйзамдын негизинде 2013-жылы кылмыш төбөлү Азиз Батукаев абактан бошонуп, Чеченстанга учуп кеткен. Ал ишке байланыштуу 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар аткаминерлер, оорусун тастыктаган медициналык комиссиянын мүчөлөрү камалган. Айрымдары бир нече жылга кесилген.







Выгодно ли покупать квартиру в новостройке?

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов


AlfaBiom выпустили на рынок России БАД с красным ферментированным рисом

Волжский нарцисс - Плес

Стильные образы на лето, в которых вы покорите окружающих

«585*ЗОЛОТОЙ» выступила партнером медиафестиваля творческой молодежи YOUPITER


When Narine asked Gambhir 'can I bring my girlfriend to IPL?'

Brentford B and Tiverton Town Friendlies Announced

Where to find Real Madrid vs Dortmund on US TV: June 1, 2024

Fentanyl distribution indictment follows Westminster traffic stop


НА ДЕТСКОМ ФЕСТИВАЛЕ ИСКУССТВ «НЕБО» СОСТОИТСЯ 5 ПРЕМЬЕР И ПОКАЖУТ НОВИНКИ ОТ ВЕДУЩИХ МОСКОВСКИХ ТЕАТРОВ

Георгий Бурков

Лето в урочище Кокоря

Одна ночь на Вуоксе


Конец близок в релизном трейлере Destiny 2: The Final Shape

Today's Wordle answer for Thursday, May 30

Supercell выпустил игру Squad Busters на смартфоны

Началась предрегистрация на Command & Conquer: Legions — релиз в конце 2024 года



Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером


Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 5 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

«ТМК-ТАГМЕТ» из Таганрога стал бронзовым призером чемпионата России по настольному теннису

Спортсмены из Химок выиграли Первенство Подмосковья по автокроссу


Евгений Селиверстов вместе с волонтерами провел забег «Бежим ЗА» в районе Братеево

Молили Матронушку. Почему с Заворотнюк прощаются в Покровском монастыре

Навка — об ушедшей из жизни Заворотнюк: нам очень её не хватает

«МК»: в США стоматологи перечислили самые вредные продукты для зубов и эмали


Кецманович отказался от борьбы в игре с Медведевым на "Ролан Гаррос"

Елене Рыбакиной поставили неожиданный «диагноз»

Россиянин Котов уступил итальянцу Синнеру в третьем круге "Ролан Гаррос"

Итальянская забастовка: Рублёв, Котов и Самсонова вылетели с «Ролан Гаррос», Потапова обыграла Ван Синьюй


Прощание с Анастасией Заворотнюк

Путин: вопросам воспитания детей уделяется первостепенное внимание государства

Жизнь в России безопаснее, чем в Европе, — экс-глава МИД Австрии

Умер актер из фильма «Дело об убийстве Церник» Александр Ланг


Музыкальные новости

Возлюбленная Тимати опубликовала фото топлес

100 лучших сольных песен The Beatles - 6

«Я счастлив, что больной ее никто не видел» — Цискаридзе о Заворотнюк

Музыка и стихи: концерт к 100-летию со дня рождения Булата Окуджавы состоится в Троицке


Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером

Поезда задерживаются из-за схода вагонов в Приамурье

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву


Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

В Республике Марий Эл с успехом прошел кинофестиваль «Движение по вертикали» памяти Станислава Говорухина

В Подмосковье стартует Кубок чемпионов Swimcup по плаванию на открытой воде


Движение на ряде набережных и улиц в центре Москвы перекроют из-за забега 1 июня

Дептранс: на закрытом участке метро Москвы работали 20 бесплатных автобусов

На МКАД в Москве частично пекрыли движение из-за массовой аварии

Движение поездов в Амурской области восстановлено по одному пути


Лучшие фото за май // Запоминающиеся кадры месяца

Лучшие фото недели // Запоминающиеся кадры 27–31 мая

Путин провел совещание с членами Совета безопасности России

Руководство Краснодара посетило китайский Харбин. Рассказываем подробности




Вышел второй подкаст онлайн-лектория «Иннагрика» о возможностях аграрной генетики для молодых исследователей

МК: американские стоматологи назвали неоднозначные продукты, от которых портятся зубы

Подмосковный НИКИ детства провел онлайн-марафон «Бегом за здоровьем» 1 июня

Первые звоночки и последствия: как живут и умирают люди с опухолью головного мозга


НАТО оказалась не готова к войне с Россией. Тайное соглашение США и Киева: Враг нацелился на Белгород - источники


Певица Пелагея разделила имущество с бывшим мужем

День защиты детей празднуют в мире 1 июня

Для пользы тела. «Мой спортивный район» начинает летние тренировки

Пассажир остановившегося в тоннеле метро поезда рассказал о происходившем в вагоне


БЕЛТА: Лукашенко и Путин обсудили представительство России на параде в Минске

Путин и Лукашенко обсудили по телефону предстоящий саммит ШОС

Путин и Лукашенко обсудили парад в Минске


Собянин посетил фестиваль "Москва – на волне. Рыбная неделя"

Собянин: 1 июня начнется фестиваль «Лето в Москве. Все на улицу!»

Собянин: Детский фестиваль искусств «Небо» станет праздником для всей семьи

Сергей Собянин поздравил москвичей с Международным днем защиты детей


Портал «Малый бизнес Москвы» насчитывает более 200 тыс пользователей

Жителям Подмосковья рассказали о лесопожарной обстановке в регионе на 1–3 июня

Очень дорого: во сколько обходится владение электромобилем в крупных городах

Июнь в Москве начнется с аномально жаркой погоды


Умер актер из фильма «Дело об убийстве Церник» Александр Ланг

В Кимрах Тверской области двое прохожих отобрали еду у инвалида

3 самых странных случая, как в СССР использовали церкви

Прощание с Анастасией Заворотнюк: толпа желающих собирается в Покровском монастыре в Москве – первые фото


В Архангельске в рамках арктического форума провели ночную уборку

В Архангельске с рабочим визитом побывал «арктический» министр

ТСД промышленного класса Saotron RT-T60

Развитие центров экономического роста и создание аварийно-спасательных центров на территории АЗРФ обсудили на заседании президиума госкомиссии по Арктике


Портативный сканер штрих-кодов Heroje H133U на базе CMOS-матрицы

Литературно-музыкальный вечер «Песня как признание в любви»

ВТБ начал выдавать ипотеку на жилье в Крыму

Банки начали выдавать ипотеку на жилье в Крыму


Кипшидзе: РПЦ одобряет решение ВС РФ о равноправии родителей в спорах о детях

Маму и детей актрисы Анастасии Заворотнюк сняли на прощании с актрисой в Москве

Прощание с Анастасией Заворотнюк

Смолянка и её служебная собака стали лучшими на всероссийских соревнованиях кинологов ФСИН














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *