Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

"Көптөгөн үй-бүлөлөр курсак тойсун деп жашап калды"

0

Дүйнөлүк банктын маалыматында дээрлик 2,2 миллион кыргызстандык күнүнө 96 сомго жашайт деп айтылат. Бул деген 1.1 АКШ доллары.  2020-жылы жакырчылыктын деңгээли Кыргызстанда 21-25,3% чейин өскөн. Калктын дагы сегиз пайызы жакырчылык чегинде турат.  

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өлкөдөгү пандемияга чейинки жана андан кийинки калктын экономикалык, социалдык абалын талдап чыкты. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперти Элизабетта Д’Амико "Азаттыкка" курган маегинде коронавирус пандемиясына байланыштуу көп үй-бүлөлөр жумушсуз калып, киреше булагын жоготконун белгиледи. 

 - Сиздердин изилдөөгө караганда, жакырчылыктын деңгээли Кыргызстанда 21 пайыздын 25,3% өскөн. Буга коронавирус пандемиясыны, өлкөдөгү саясий кырдаал таасир берди. Мындан башка дагы себептер барбы?

-Жакырчылыктын жогорулашынын бир нече себеби бар. Негизгиси эле коронавирус пандемиясына байланыштуу. Ошондон улам көп үй-бүлөлөр жумушсуз калды же киреше булагын жоготту. Андан дагы маанилүүсү - чет өлкөдө жүргөн мигранттардан акча келбей калды. Азыр Кыргызстанда мигранттардан келген акча менен жашаган үй-бүлөлөр абдан көп. Ушул каражат токтогондо жакырчылыктын чегинде жашаган адамдардын көбү ошол чектен дагы ылдый түшүп кетти.

Пандемиядан улам жакыр жашап калган адамдардын саны гана өспөстөн ортодогу ажырым дагы кеңейди. Башкача айтканда, мурда жакырчылыкта жашап келген болсо, азыр биротоло кыйынчылыкка туш болду. Ошондой эле жардылар менен жакшы жашагандардын ажырымы да кеңейди.

Биз кереше азайды деп айтып жатабыз, аны менен кошо киреше булактары дагы азайды. Экономикалык кыйынчылыкты жеңүү үчүн киреше булактардын диверсификациясы же көп жерден акча табууга мүмкүнчүлүк болгону пандемияны жеңүүгө, анын соккуларына туруштук берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Киреше булактары азайып, келечектеги соккуларга ушул үй-бүлөлөр туруштук бере албай жатат. Биздин изилдөөдөгү маалымат көрсөткөндөй, ушундай кыйынчылыктардан улам көп үй-бүлөлөр кризистик стратегияны колдонуп жатат. Башкача айтканда, витаминдүү тамактарды азыраак колдонуп, билим алууга азырак каражат жумшап, арзаныраак, кумшекери көбүрөөк, курсак тойо турган азыктарга басым жасап жатышат. Ушундай жолдор аркылуу же мүлк сатуу жолу менен кризистен чыгып жатышат. Бул изилдөө Улуттук статистика комитети менен бирге жүргүзүлгөн. Ушундай эле кризистик стратегияны 12% үй-бүлө колдонсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 36% өсүп кеткен. Коронавирус пандемиясы 2020-жылы болгонуна карабастан ушундай стратегияны колдонгондордун саны дагы деле өсүп жатат. Демек, пандемиянын таасири азыр деле бар жана көпкө, узакка созулуп жатат.

 - Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 20 пайызга деле оңой түшкөн эмес. Бул донор уюмдар менен иштешүү сыяктуу бир топ жылдык аракеттин жыйынтыгы болчу. Бир жылда эле жакыр деген адамдардын саны дээрлик 10% көбөйүптүр. Бул көрсөткүч дагы өсөбү, аны кыскартууга дагы канча убакыт талап кылынышы мүмкүн дегендей анализ барбы?

 - Бул өтө оор суроо, келечекте кандай болорун так айтуу кыйын. Себеби, жакырчылык  - экономикалык термин. Ал көп жагдайларга, анын ичинде өлкөнүн өндүрүштүк дүң өнүмүнө байланыштуу. Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, өлкөнүн социалдык коргоо, камсыздандыруу системасын күчтөндүрүү маанилүү болуп жатат. Азыркы учурда бир гана жакырчылык өспөстөн жакырлардын абалы дагы начарлап жатат. Кыргыз өкмөтү азыр бул иштерди колго алууда, бирок ким жакыр жашап жатканын жана каякта жашап жатканын так аныктоо абдан маанилүү. Жакырчылык азык-түлүк коопсуздугу менен тыгыз байланышта. Себеби, киреше булактары азайган сайын жарандар тамактанууга бөлгөн акчасын азайтышты. Демек, алар азыраак, күнүнө үч эмес эки жолу тамак жеп калышты же сапатына көнүл бурбай калышты.

Алсак, витаминдүү тамак эмес, курсак тойо турган, майлуу, нан, ун, кумшекер сыяктуу ден соолукка пайдасы жок тамактарга басым жасап калышты. Жакырчылыктан чыгуу үчүн туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу абдан маанилүү болуп эсептелет. Мисалы, бир үй-бүлө өздөрү туура тамактанбай, курсагын нан менен чайга толтуруп жүрө берсе, алардын жакырчылыктан чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы азаят. Ошондуктан пандемиядан кийин Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үч эселеген жүктү көтөрүп калды. Биринчиден, жакырчылыктын деңгээли өстү, азык-түлүк коопсуздугу начарлап жатат. Үчүнчүдөн, туура тамактанууга көңүл бурулбай калууда.

 - 2016-2019-жылдары тапкан акчасынын 60% азык-түлүккө жумшаганы айтылган. Бул сан пандемияда дагы өстүбү?

 - Биз бул жерде чыгамдарынын 60% азык-түлүккө колдонуп жатат дегенди айтканбыз. Балким каражаттарынын бир бөлүгүн кийинкиге сактап жатышабы, мал-жандык сатып алып жатышы мүмкүн. Бирок чыгымдардын 60% азык-түлүккө кетип атат. Бул өтө чоң көрсөткүч. Себеби, билим алууга да каражат жумшашы керек. 2020-жылы калктын жакырчылыкка баткан эң төмөнкү 20 пайызын алсак алар чыгымдарынын 65% азык-түлүккө колдонуп калды. Бүгүнкү күнү пандемияны саламаттыкка байланыштуу кризис деп алсак өтө жаңылыш, тайыз баа берип калган болобуз. Аны менен бирге тамак-ашка, мунайга баа өсүп жатат. Мунун баары аялуу үй-бүлөгө таасир этүүдө. Базардагы бир аз эле өзгөрүүлөр калктын ушул катмарын дагы көбүрөөк акча сарптоого түртөт. Ушул маселе менен күрөшүү үчүн өкмөт бааларга жогорку чекти коюп койгон. Баалар кайсы бир чектен аша албайт. Ушул дагы жакырчылык деңгээлин кармап турганга көмөктөшүп жатат.

 - Кыргызстанда 2 млн. ашуун жаран жакырчылыкта жашайт экен. Алар тамак-ашка көбүрөөк каражат жумшап, билим берүү, ден соолукка көп көңүл бурбай калды. Бул келечектин маселеси, анын кесепети кандай болот?

 - Ооба, туура. 2,2 млн. киши жакырчылыкта же жакырчылыктын алдында турат. Алардын баарын эле жакыр деп айтууга болбойт. Бирок азык-түлүк коопсуздугу маселесин алсак, 2019-жылы деле туура тамактануу, витаминге бай азыктарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар адамдардын саны калктын 48% пайызын эле түзгөн. Бул өтө төмөнкү көрсөткүч. Маселе мурда эле бар болчу, кризис муну өтө эле тереңдетип салды. Муну кантип алдын алса болот деген маселе боюнча айтсак, туура тамактануу, азык-түлүк коопсуздугу деген түшүнүктөр социалдык коргоо системасына киргизилип, өзүнчө саясат жүрүш керек. Аны менен бирге бул багытта мониториг жүргүзүү да абдан маанилүү. Бир гана канча көлөмдө жашылча-жемиш, алма же буудай өндүрүлгөнүнө эле эмес башка жагдайларга көңүл бурушубуз керек. Бир гана баага басым жасаган туура эмес. Атайын индикаторлорго көңүл бурушу керек. Азыр Дүйнөлүк азык-түлүк программасы кыргыз өкмөтү менен бирге ошол багытта иш алып барып жатат.

Мен өзүм Италиядан болом. Бизде дагы маданиятыбызда нан, камыр, майлуу тамактарды жегенди жакшы көрөбүз. Кыргыздар дагы ошондой экен. Колориясы көп, энергия бере турган, бирок ден соолукка көп пайдасы жок, витамини аз азыктарды жегенди жакшы көрүшөт экен. Адамдарды кыска убакыттын ичинде туура тамактанууга үйрөтүү деген туура эмес. Бул көп убакытты, аракетти талап кылат. Экинчиден, жашылча-жемиш же ушундай жесеңер жакшы деген менен калкка анын баасы жеткиликтүү болбосо, кымбат болсо дагы болбойт. Азыр нан жеп эле жүрө берген ден соолукка кандай таасир эте турганын түшүндүрүп беришибиз керек.

 - Изилдөөдө белок, темир камтылган азыктар көп пайдаланылбай турганы көрсөтүлгөн. Негизи кыргызстандыктар өздөрү канчалык маани берет экен ушул маселеге?

 - Негизинен бул көйгөй маалыматтуулукка байланыштуу. Бул маселелер жалпыга маалым деп айта албайбыз. Буга жарандар көңүл бурбайт деп дагы айта албайбыз. Мисалы, кичине балага чайына кумшекер кошуп беришет. Балким зыян экенин билбей туруп кошуп берип жатат. Кээде ата-энелер баласы күнүнө курамында шекери көп кола, ванта ичип жатканын билбей туруп чайына кошумча кумшекер кошуп берип жатат. Ата-эне баласына жамандык каалабайт. Демек, маалымат жетишсиздигинен болуп жатат.

Азыр Кыргызстанда, жалпы Азияда кошумча салмак көйгөйү жаралууда. Бүгүнкү күндө жалпылап алганда калктын 40% көбү кошумча салмакка туш болду. Азык-түлүк коопсуздугу, туура тамактануу дегенде эле жетишсиз тамактанууга басым жасашат. Туура бул дагы чоң көйгөй, бирок өтө эле көп тамак жеп, кошумча салмак алган дагы ден соолукка зыян. Кыргызстанда калктын 20 пайыздайы семиз десек болот. Азыр Кыргызстанда балдар, өспүрүмдөр жана чоң кишилер арасында ушул маселе байкалып жатат. Бул аз угулган менен өтө чоң көйгөй жана келечекте жалпы калктын саламаттыгын эске алганда чоң маселе жаратышы мүмкүн. Бул дагы туура жана витамидүү тамактанууга байланыштуу.







«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове

Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.

Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде


Пегас сделал важное заявление о будущих турах на предстоящий зимний сезон

Proenza Schouler Pre-Fall 2024

Гастроэнтеролог Садыков рассказал, как не допустить отравления бутилированной водой летом

Петербургский Пушкинский бал


Creepy King Charles Painting Is Vandalized by Radical Animal Rights Activists, Gets a Cartoon Face and Speech Balloon!

McDonald's Grimace showed Mets fans what happens when something goes right this season

America’s Space Infrastructure: So Vulnerable It Destabilizes Geopolitics

Kai Havertz’s fiancee Sophia stuns in see-through outfit on hen weekend as fans say Arsenal star is ‘so lucky’


Новая технология моделирования ДНК ускорит биомедицинские исследования

Большая часть российских автомобилистов готова перейти на б/у запчасти

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Северные ночи...


Моя Говорящая Кошка 3.2

MMORPG Tarisland выпустили в Китае раньше времени

В новом трейлере Indiana Jones and the Great Circle Индиана спускается на корабле с горы

Состоялся релиз The Case of the Golden Idol на iOS и Android


Досвідчені садівники обирають великі технічні горщики для своїх рослин і квітів


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России

Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!


Инго Экосистема стала победителем национальной премии FinTech Awards Russia

Мария Багреева: Москва лидирует среди мегаполисов G20 по уровню безработицы

Почти 100 тысяч москвичей стали донорами крови в 2023 году

Депутат бундестага Котре: санкции против Мосбиржи нанесут ущерб ФРГ и Евросоюзу


Мужчину задержали в Подмосковье за незаконное создание религиозной организации

Новостройку по программе реновации передали под заселение в Северном Измайлове

Сочувствующий ВСУ бард Никитин награждал детей на фестивале в Москве

«Городу не хватает единого стиля»: Новосибирск оказался на последнем месте в рейтинге имиджа городов в восприятии населения


Хачанов вылетел с турнира ATP в Хертогенбосхе после первого же матча

Глава ATP вручил Яннику Синнеру награду первой ракетки мира

Самсонова вышла в четвертьфинал турнира WTA в Хертогенбосе

Мирра Андреева может стать новой Марией Шараповой


В Татарстане прогнозируется до +35 градусов

В Поморье пройдет традиционный этно-джазовый фестиваль «СеноФЕСТ»

Shot: обвиняемый по статье УК РФ брат Галкина владеет квартирой за 44 млн руб

Врачебная ошибка: как защитить себя и куда обращаться


Музыкальные новости

В Москве при участии Бутмана отрылся джазовый фестиваль

В Москве при участии Бутмана открылся джазовый фестиваль

Извиняющийся Баста, разрыв концессии, шокирующее убийство: самые читаемые новости Красноярска

Певец Ваня Дмитриенко поделился впечатлениями от концерта в Томске 12 июня


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов


Азербайджан назначил столицей тюркского мира талышский город Ленкорань. Талышские организации мира бьют тревогу

Курорт «Горячинск» поддерживает «Балет на Байкале. Бурятия»

Рассылка для АКТЕРА – ЛУЧШИЙ способ найти СЪЕМКИ и РАБОТУ в Кино, на ТВ и Рекламе.

Казаков, казачек и казачат Кубанского казачьего центра «Баско» наградили за активное участие в Кадетском движении России


Зарядные станции для электрокаров в некоторых регионах России станут обязательными - закон

Пробки на дорогах Подмосковья оценили в 4 балла утром 13 июня

Быстрые и Удобные Маршрутки Могилев-Минск

В ЦДКЖ 18 августа ждут любителей группы «Рекорд Оркестр» на Квартирнике Евгения Маргулиса


Россия и Турция обсуждают варианты решения проблем с банковскими переводами

Появление российского флота у берегов Кубы напомнило Западу о словах Путина

Путин обсудил с и. о. президента Ирана взаимодействие внутри БРИКС

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: признание Нато надо применить!




В НМИЦ ЛРЦ Минздрава России прошел День донора

Главный врач клиники "Мегастом", стоматолог Владимир Лосев: что будет, если слишком долго носить брекеты

Гастроэнтеролог Садыков рассказал, как не допустить отравления бутилированной водой летом

Горчичное масло: секрет нежного вкуса и польза для здоровья


США обязаны передать Киеву "эскадрильи истребителей", заявил Зеленский

Почему Зеленский не убедил саудовского принца, кража денег РФ, что готовят против России на саммите НАТО: обзор мировой политики 13 июня

Зеленский: США передадут Киеву новые ЗРК Patriot и «эскадрильи истребителей»


Новороссийские шахматисты приняли участие в полуфинале турнира "Шахматные звёзды 4.0"

В Москве тушат пожар в здании у метро «Динамо»

Пожар у станции «Динамо» в Москве потушен

Площадь пожара в здании у метро «Динамо» в Москве составляет 400 квадратов


Белорусский дипломат оценил непомерные претензии Пашиняна к Лукашенко

Пашинян предложил Лукашенко извиниться перед армянами из-за слов про Карабах. Что на это ответили в Белоруссии?

Видео: Истерика в Ереване: Пашинян против Лукашенко

«Скоро бросится на Путина»: американский пудель Пашинян прыгнул на Батьку


Собянин: Более пяти тысяч семей в СВАО получили новые квартиры по реновации

Сергей Собянин. Неделя мэра

Собянин: выборы в Мосгордуму будут серьезным экзаменом

Собянин рассказал, как переразметка позволяет улучшить движение на дорогах Москвы


Участникам клуба «Лето Побед» рассказали о защите экологии

«Зеленая» повестка: участники экофорума выяснили, как реализуются приоритетные природоохранные программы

РЭО назвал топ-3 регионов по количеству пунктов приема вторсырья

Зарядные станции для электрокаров в некоторых регионах России станут обязательными - закон


Мария Багреева: Москва лидирует среди мегаполисов G20 по уровню безработицы

Shot: обвиняемый по статье УК РФ брат Галкина владеет квартирой за 44 млн руб

В Татарстане прогнозируется до +35 градусов

В Поморье пройдет традиционный этно-джазовый фестиваль «СеноФЕСТ»


Стало известны победили в шоу "Сокровища императора"

Архангелогородцев и гостей города приглашают посетить мероприятия фестиваля «Гармоничная Россия»

Более 1500 участников отрядов Поморья отправятся в юбилейное трудовое лето

Празднование Дня России в Архангельске завершил гала-концерт участников фестиваля «Гармоничная Россия»


Полиция ищет пассажира, упавшего на ребенка с верхней полки

Музыкально-поэтический вечер «Жизнь не кончена, песня не спета»

Севастополь появился на вышитой карте Крыма

Выступлением самарских артистов в Крыму открылся масштабный Фестиваль, посвященный 225-летию со дня рождения А.С. Пушкина


В Татарстане прогнозируется до +35 градусов

Новостройку по программе реновации передали под заселение в Северном Измайлове

Мария Багреева: Москва лидирует среди мегаполисов G20 по уровню безработицы

«Мы наблюдаем возведение нового железного занавеса»: экономисты в Новосибирске прокомментировали введение санкций против ММВБ














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *