Октябрь окуясы: Айыпталуучулар тергөө менен макул эмес
Октябрь окуялары боюнча айыпталып жаткан саясатчылар тергөөнүн жүрүшү менен макул эместигин билдирип чыгышты. Алар бир жыл мурдагы окуя боюнча сурала турган адамдар көп экенин, элдик толкундоолордун жардамы менен Садыр Жапаров бийликке келгенин айтып жатышат. Бийлик ал кезде чындап эле мамлекеттик башкарууну басып алууга аракет болгон деген жүйө келтирди.
Айыпталуучулардын жүйөсү
17-декабрда октябрь окуялары боюнча кезектеги соттук териштирүү уланып, кийинки отурум 2022-жылдын 14-январына белгиленди. Жараянда кылмыш ишине айыпталуучу катары өтүп жаткан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов жана Курсан Асановдун адвокаттары аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип, бирок сот канааттандырган жок.
Жактоочу Замир Жоошев айыпталуучулар тергөө менен макул эместигин билдирди.
“Айыпталуучулар жана алардын адвокаттары сотко өтүнүч келтирип, ишти кайра прокурорго кайрадан өткөрүлүп берилишин талап кылдык. Анткени октябрь окуялары боюнча тергөө ар тараптуу жүргөн эмес. Көпчүлүк күбөлөр суралган эмес. Айыпталуучуларды “башаламандык уюштурду” деп айыптап жатышпайбы. Ал башаламандык революция катары сыпатталып, аны Садыр Жапаров өзү уюштурганын “Комерсантъ” басылмасына айткан. Мындан тышкары Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчилиги каралган жок. Ушундан улам тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу максатында иштин кайра тергелишин талап кылганбыз. Бирок сот биздин өтүнүчтү четке кагып койду”.
Октябрь окуяларына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Азыркы тапта Султанбеков менен Сагынбаев үй камагына чыгарылган. Ал эми мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө каралып жатканы белгилүү болду. Мунун себебин эч ким түшүндүрө элек. Бабанов “Кумтөр иши” боюнча кармалып, кайра бошотулган.
Саясатчы Жеңиш Молдокматов сот учурунда өзүнүн камакта калтырылышы тууралуу мындай пикир айтты:
“Молдокматов эмне үчүн түрмөдө калышы керек? Себеби Молдокматов сүйлөбөшү, бийликке сын айтпашы жана аларга оппонент болбошу керек. Качанкыга чейин бийлик ушундай кадамдар менен иштейт? Мындай болбойт. Кандай башкаруу болуп атканын көрүп атабыз. Соттун буга чейинки чечимдери мыйзамсыз. Тергөөчүлөр, ишти алып барган прокурорлор жана соттор акыры жооп берет. Себеби биздин артыбызда чындык бар”.
Тергөөнүн материалдарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагынбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы жазылат. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин Ала-Тоо аянтына түшүп келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты жаратканы да кошумчаланган.
9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги Садыр Жапаровдун тарапкерлери тарабынан үзгүлтүккө учураган. Ал окуяда жети киши жабыркап, аягы жаңжал менен аяктаган.
Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 9-октябрда чындап эле бийликти басып алуу аракет болгонун билдирүүдө.
“5-9-октябрдагы окуяларды эки бөлүп караш керек. Бешинде шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көчөгө чыгып, бийликке башка бирөөнү отургузуп коюшту. Ал эми Атамбаев баштаган топ буга макул болбой, мылтыктарын көтөрүп алып аянтка барып жатпайбы. Ошондо ары жакта чогулгандар аларды ташбараңга алып кууп жиберген. Ошолор бүгүн камалып жатат. Алар “бийликти күтүүсүз эле башка бирөөлөр алып алды, биз деле ушундай жол менен алабыз” деген да. Ушуну ачык айтпай элди чаташтырып жатышат”.
9-октябрда Ала-Тоо аянтына барган саясатчылардын арасында мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Темир Сариев, азыркы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Элвира Сурабалдиева, Максат Сабиров баштаган бир топ саясатчылар да бар болчу.
"Эскилерди" эске салган, Жапаров жооп берген иш
Октябрь окуялары боюнча кылмыш иши козголуп, ага катышкандар кармала баштагандан бери ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди жана ИИМди жетектеп турган Кашкар Жунушалиевди жоопко тартуу талабын койгондор жок эмес. Башкы прокуратура Опумбаев менен Жунушалиевдин кайсы жакта жүргөнү аныкталып жатканын билдирген. Андан кийин бул боюнча маалымат айтылган жок.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кармалгандардын көбү Атамбаевдин тарапташтары экенине токтолду:
“Октябрь окуясы боюнча териштирүү Кой-Таштагы иштин эле уландысы. Анткени айыпталып жаткандардын баары Кой-Таш окуясына катышкан. Аларды ишин бекемдеш үчүн эле октябрь окуяларына байланыштуу ишти токуп чыгышты. Анда бир бала өлдү, ондогону жаракат алды. Бул боюнча күнөөлүү адамдарга кылмыш иши козголо элек. Бул эки президент - Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун ортосунда келишим болгонун көрсөтүп жатпайбы. Андыктан азыркы бийлик мурдагылардын айыбын ачпайт. Бийликти өткөрүп берип жаткандагы негизги талап ушул болгон”.
Айыпталгандар жана алардын тарапташтары октябрь окуяларынын арты менен Садыр Жапаров абактан чыкканын, аны бошотуп алган Камчыбек Ташиев баштаган адамдар бүгүнкү күндө жогорку кызматтарды ээлеп турганын айтып келишет.
Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында мындай сын-пикирлерден кабары бар экенин айтып, ага мындай деп жооп берген:
“Саясий куугунтук эмес. Ар бир адам өзүнүн жасаган ишине жооп бериши керек. “Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы, Ташиев менен Жапаров деле жооп берсин” деген журналисттер барсыңар. Бирок мен бир да мекемени басып алдымбы? Же Ташиев барып басып алдыбы? “Мына, биз сени отургуздук” дегенде да мен отурган жокмун ал жерге. УКМКны, ИИМди, прокуратураны, облустарды басып алышты. Биз бир күн ичинде ошону тартипке сала алдык. “Кээ бирөөнү куугунтуктайт, суракка чакырып жатат” деген сөздөр бар. Суракка чакырбаганда эмне кылат, чакырык жасап жатса? Мурдагыдай президент отуруп алып “Тигини кама, муну чыгар” деген заман жок азыр. Чакырык жасап жатса, ИИМ менен УКМК тынч отурушу керекпи? Система иштеп жатат, мыйзамдар иштеп жатат азыр”.
Октябрь окуялары учурунда Садыр Жапаров, Алмазбек Атамбаев баштаган саясатчылардан тышкары Равшан Жээнбеков да абактан чыккан. Ал 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган эле. Равшан Жээнбеков 10-январдагы Жапаров утуп чыккан шайлоого да катышып, үгүт учурунда жана андан кийин бийликтин дарегине сын-пикир айтып келген. 5-августта "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде кайра №1 тергөө абагына камакка алынган саясатчы өзүнө карата саясий куугунтук болуп жатканын айтып келет.