Гонконг университети Тянанмен аянтындагы курмандыктардын элесине арналган эстеликти алып салды. Бул 1989-жылдагы окуяларды эске салган Гонконгдогу жалгыз эстелик эле. Кытайдын өзүндө бул темага тыюу салынган.
31 жыл мурда Бээжиндин Тянанмен аянтында коммунисттик Кытайдын тарыхындагы эң чоң саясий протест башталган. Борбордук аянтка чогулган 1 миллиондон ашуун студенттер жана жарандар өлкөдө саясий реформаны талап кылган.
Алты жумага созулган демонстрация танктар коштогон аскерлердин жардамында күч менен басылган. Канча адам каза болгону ушул күнгө чейин расмий айтылган эмес. Укук коргоочулар миңдеген адам каза тапканын айтып келет.
Бийиктиги сегиз метрге жеткен эстеликтин автору даниялык скульптор Йенс Гальскьет бул кабар аны нес кылганын билдирди.
"Сөз эркиндиги менен таанымал университет мындай ишке барат деп эч ким күткөн эмес",-дейт студенттердин бири.
Гонконгдо былтыртан бери бийликке каршы пикирин билдирген активисттер куугунтукталып келет. Кытай бийлиги 2020-жылы Гонгконгду Кытайдан бөлүүгө багытталган аракеттерге каршы деген негизде мамлекеттик коопсуздук тууралуу өзгөчө мыйзам кабыл алган. Бээжин буга чейин Гонгконгдун автономиялык укугун чектеген бир катар чараларды көргөн.
1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.
Что тебе спица. Как гениальный врач Илизаров изменил костную хирургию
Путин: укрепление связей с африканским континентом является приоритетом для РФ
"Святой Ленин" спасает мир и возглавляет "восстание ИИ машин... хороших по существу". 8 серия, СЕРЬЁЗНЫЕ НОВОСТИ.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Теннисист Медведев снялся с турнира ATP в Нидерландах из-за травмы
Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема
«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros
Андреева рассказала о своих планах на предстоящий матч с Соболенко во Франции