Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Медиа уюм президенттик администрациянын акциясын сындады

0
Медиа уюм президенттик администрациянын акциясын сындады

Кыргызстан медиаларынын аракеттеги платформасы уюму президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү уюштурган "Сөз эркиндиги" аллеясына көчөт отургузуу акциясын сындаган билдирүү таратты.

Анда мындай иш-чара сөз эркиндиги чектелип, журналисттерге, медиага жана блогерлерге куугунтук жүрүп жаткан маалга туш келгени белгиленген.

"Бийлик президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн аракеттери менен Конституциянын сөз эркиндиги жана ой-пикирлердин плюрализми боюнча беренелерин ким колдоно аларын аныктады. 1-апрелде ишембилик өтүп, борбор калаанын сейил багына бак-дарактар отургузулат. Сейил бакта экологиялык долбоордун алкагында "Сөз эркиндиги" аллеясы пайда болмокчу. Кыргызстандын өзүнчө бир аймагындагы “сөз эркиндигинин” символу катары отургузулган бак-дарактар өз оюн эркин айта алышат жана жазалоодон коркушпайт. Ошол эле маалда “Азаттык Медиага” каршы сот процесстери уланып, уюмдун сайты жана эсептери бөгөттөлүп турат. Тролль фабрикалары социалдык тармактарда көз карандысыз маалымат каражаттарына, журналисттерге жана блогерлерге карата куугунтуктоо кампаниясын жүргүзүп жатышат. Жарандык активисттерди жазган посттору жана билдирүүлөрү үчүн айып төлөөгө мажбурлашууда. Кыргызстандын Конституциясы жана эл аралык милдеттенмелери менен кепилденген сөз эркиндиги - мамлекеттин бардык аймагында, мезгилдин кандай гана учуру болбосун иш жүзүндө болушу зарыл. 1-апрель күлкү күнү парктын бир аллеясында гана аны эстеп коюу акылга сыйбаган иш", - деп жазылган билдирүүдө.

Уюм президенттик администрация сунуштап жаткан Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч келтире турганын белгилеген.

Бул билдирүүгө байланыштуу президенттик администрация азырынча комментарий бере элек.

Бишкекте 1-апрелде “Ынтымак” сейил багындагы “Сөз эркиндиги” аллеясына "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында 200 көчөт отургузулду. Иш-чараны президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы уюштурду.

Март айынын башында Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун билдирген.

Freedom House уюмунун Европа жана Евразия чөлкөмү боюнча улук изилдөөчүсү Майкл Смельцер Кыргызстанда “Азаттык” радиосу кысымга туш болуп жатканын айтып, тынчсыздануусун билдирген. 

Эл аралык уюмдар, АКШ, Британия, Франция, Германия жана башка мамлекеттер Бишкекти сөз эркиндигин коргоого чакырып келет. Буга чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырган.

Ушул тапта 20дан ашык саясатчы, блогер, активист Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат. "Азаттык" радиосунун интернет сайты 2022-жылдын октябрь айында бөгөттөлгөн, соттук иштер уланууда











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *