Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 08.04.2023

КРИК О ПОМОЩИ. Почему не арестован директор ЦОВП Кара-Суйского района Кадыр Аталиев, оставивший больных без мяса?..

PR Kyrgyz 

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

                                                                                             КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

АЧЫК КАТ (Кара-Суу райондук ЖДПБ эмгек жамааты атынан)

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Биз Кара-Суу райондук Жалпы Даарыгерлер Практикалык Борборунун жамааты өзгөчө татаал кырдаалга туш келдик. Бул маселе биздин жетекчиликке Кадыр Аталиев келгенден баштап, курч алды. Читать дальше...

Түндүк Корея суу астында жүрүүчү дронду дагы сынады

Azattyk.org 

Түндүк Корея суу астында сүзө алган, өзөктүк куралды алып жүрүүчү Haeil-2 дронун сынады. Бул тууралуу түштүк кореялык "Рёнхап" агенттиги билдирди. Сыноо 4-7-апрелде болгон. Аппаратты Түштүк Хамгён провинциясындагы порттон кое беришкен. Дрон сегиздик траекториясында кыймылдап, миңдеген чакырымды басып өтүп, андан кийин пландуу түрдө суу астында жарылган.  Пхеньян сыноонун натыйжасында суу астында жүрүүчү стратегиялык каруу-жарактын жөндөмүн текшерүүгө мүмкүн болгонун билдирди.  Бул марттын аягынан... Читать дальше...

Тажикстан: айла-амал менен аскерге чакырылган уландар

Azattyk.org 

1-апрелден баштап Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгү башталды. Өлкөнүн бардык аймактарында жаштарды куралдуу күчтөрдүн катарына тартуунун ар түрдүү ыкмалары колдонулуп жатканы жөнүндө маалыматтар байма-бай тарап жатат. Тажикстандык активисттер бир райондо аскер курагындагы балдары бар үй-бүлөлөрдүн жарыгы өчүрүлүп, мамлекеттик мекемелерде аларга кызмат көрсөтүлбөй жатканын айтышты. Укук коргоочулар жаштардын армияда кызмат өтөөдөн баш тартуусунун бирден бир себеби андагы катаал шарт экенин белгилешет.

Рак, кант диабети жана жүрөк оорусунун алдын алууга 600 млн. сом бөлүндү

Azattyk.org 

2023-жылдын эсебинен кант диабети, рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн 600 млн. сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, бөлүнгөн акча дары-дармек, керектүү каражат, иммуносупрессор сыяктуу керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат. Керектүү каражаттарды алуу үчүн саламаттык сактоо уюмдары министрликке арыз менен кайрылган. Учурда каражаттарды сатып алууга тендер жарыяланды. Министрликтин маалыматына караганда, медицинанын... Читать дальше...

Шайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Azattyk.org 

Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, коомдук коопсуздукту сактоо, укук тартибин камсыздоо үчүн ыкчам штаб түзүлдү. "Учурда шайлоо тилкелеринде милиция кызматкерлери бекитилди. Шайлоо күндөрү коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында тиешелүү сандагы милиция кызматкерлери тартылат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында. Читать дальше...

"Агамдын сүйгөн кызына үйлөндүм". Баткенде курман болгон Жеңишбек

Azattyk.org 

22 жашында кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон Жеңишбек Иманбековдун сүйлөшкөн кызы анын бир тууган иниси Дүйнөбек менен баш кошкон. Жаш жубайлар азыр Жеңишбек туулуп- өскөн Жумгалдын Миң-Куш айылында жашап жатат.

Үргөнч: өзбек коому кордолгон секелектерди коргоп чыкты

Azattyk.org 

Өзбекстандын Үргөнч шаарындагы балдар үйүндөгү жашы жете элек үч кызды зордуктаганы үчүн соттолгон аткаминерлердин жеңил жаза менен кутулуп кеткени социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Бул окуя NeMolchi.uz долбоорунун зомбулукка каршы материалынан кийин гана ачыкка чыккан. Анда үч секелек кызды облустук бийлик өкүлдөрү 10 ай бою зордуктап келгени айтылат. Үргөнчтүн балдар үйүндөгү үч өспүрүм кыз аткаминерлердин кордугуна кабылганы эки жыл мурда эле билинген. Nemolchi.uz долбоору өткөн айда... Читать дальше...

Ээн журттагы таттуу өрүк, жалгыз аял

Azattyk.org 

Унутта калтырылган ата конуштун аялуу арманын ал жерде киндик каны тамган, балалыгы, жаштыгы калган адам гана билет. Пенде баласы менен табияттын чиелешкен байланышы тууган жерге катылган. Тынымбай Нурмагамбетовдун “Ата конуш” аңгемесинин сюжеттик негизин мына ушул уңгулуу ой түзөт. Жоголгон уй Муканын сүттүү ую Аймүйүз бошонуп кетиптир. Кошуна-колоңдор жабылып издешип жака белден таба алышпады. Желин байлап калгандан тарта уйду аркандап жакшы эле карап жатышкан. Аркандалган малга жем, суу берип... Читать дальше...



Репрессия курмандыгы болгон кыргыз аскерлери

Azattyk.org 

Тарыхчылардын болжолунда 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын маалында кыргыздын ондогон алгачкы чыгаан аскер жетекчилери атылып, кыйноодон жок болуп кетишкен. Алардын катарында алгачкы комиссар Аден Истамбеков да бар. Куугунтук курмандыктары» түрмөгүбуздүн бул жолку чыгарылышында репрессияланган аскер интеллигенциясынын тагдыры, таржымалы, куугунтуктун кесепеттери тууралуу сөз болду. Маекке журналист Алмаз Батилов жана тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев катышты.

Күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга 807 миң сомдук айып салынды

Azattyk.org 

Акыркы үч айда күйүүчү майды мыйзамсыз саткан 270тей адам кармалып, 807 миң айып пул салынды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кабарлады. Маалыматка караганда, жол жээгинде мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү майларды тазалоо иштеринин натыйжасында 19,5 миң литр май алынган. Жол көзөмөлдөө кызматкерлери мындай башаламан, мыйзамсыз соода кооптуу экенин, кокустан жарылып кетүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга 3 миң сомдон айып салынып, товары алынат. Читать дальше...

Ыңкылаптарды көргөн жаштар: үмүт жана сабак

Azattyk.org 

Өлкөдөгү ар кандай туруксуз саясий кырдаалдарда, кыйын учурларда, ошол эле чек ара чырында, пандемияда жаштар дайыма өз салымын кошот, ыктыярчы болуп, ар кандай демилгелүү топторго уюшат. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы бийлик алмашуу менен коштолгон үч ири ыңкылапта да жаштар чечүүчү роль ойногон. Жаштар бул окуялардан эмне күткөн? Үмүттөр акталдыбы? Катышканына өкүнүшпөйбү? “Азаттык+” программасынан көрүңүз.

УКМК ишкерди опузалап, акча талап кылгандар кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) ишкерди опузалап, ур-токмокко алып акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, кылмыштуу топтун мүчөлөрү апрель айында жеке ишкерди күч колдонуп автоунаага салып, Бишкектин четине алып барган. “Физикалык күч колдонуп, темир буюм менен денесине оор залал келтиришкен. Андан соң 350 миң сом акча каражатын талап кылып, күрөөгө “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаасын алып кеткени аныкталды”, - деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, 8-9-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. 8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Читать дальше...

Жеңилдетилген насыя 1,5 миң дыйканга берилди

Azattyk.org 

6-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча жеңилдетилген насыя 1,5 миңге жакын дыйканга берилип, жалпы суммасы 704 млн. сомго жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин финасы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы Улан Намазбеков “Азаттыкка” билдирди. Насыя өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча берилген. Намазбеков “Агрокредит” долбоору боюнча 461 млн. сомдук насыя да берилгенин кошумчалады. Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында депутат Эмил... Читать дальше...

Баткенде кызмат адамдары аткарылган ишти ашыкча баалаган деп шектелүүдө

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу канал” ишканасынын кызмат адамдарынын абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталганын кабарлады. Маалыматта алар шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо долбоорун ишке ашырууда иштин көлөмүн ашыкча баалаганы белгиленген. Бул үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 2017-жылы (ЕРӨБ) 6 млн. евро бөлгөн. Атайын кызматтын маалыматына караганда, учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө... Читать дальше...

CPJ журналист Шахида Якубдун Өзбекстанга киргизилбегенин сындады

Azattyk.org 

Өзбек бийлиги көз карандысыз журналист жана документалист Шахида Якубду (Толаганова) эмне үчүн Өзбекстанга киргизбөө чечимин кабыл алганын түшүндүрүшү керек. Бул тууралуу Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 6-апрелде тараткан билдирүүсүндө айтылат. 5-апрелде Шахида Якуб Ташкентке барганда аны Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропорттон чек арачылар өткөрбөй коюшкан. Бийлик өкүлдөрү анын себебин түшүндүргөн эмес. Көпкө күткөндөн кийин 49 жаштагы журналист эки баласы менен Ригага учуп кетүүгө аргасыз болгон. Читать дальше...

The Bell: Мишустин аткаминерлердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды

Azattyk.org 

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин өкмөттүн бардык аткаминерлерин атайын уруксаты жок өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды. Алар чет өлкөгө расмий иштер боюнча гана чыга алышат. Бул тууралуу The Bell басылмасы эки маалымат булагына таянып жазды. Ага ылайык, өкмөттүн бардык жетекчилери, анын ичинде министрлер, аппарат жетекчилери, алардын орун басарлары, департамент башчылары өлкөдөн чыгардан мурда Мишустиндин колу коюлган уруксат кагазы болушу шарт. The Bell мындай чектөө президенттин администрациясында... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *