Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 20.04.2023

Казакстан: Кенч үстүндөгү кедей айыл

Azattyk.org 

Жанга баткан жакырчылык. Иш издеген мунайчылар. Аткарылбаган убадалар. Акордого каршы маанай күч Маңгыстау облусунда мунайчылардын нааразылыгы токтобой жатат. Жакында алар Астанага келип, ачык асман алдында түнөгөн мунайчылардын кармалышы Маңгыстауну кайра козгоп, Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында эки миңдей кишини көчөгө чыгарды. Нааразылыктын соңку толкуну бул облустагы Жетыбай айылында башталган. “Азаттыктын” казак кызматынын журналисттери кендин үстүндө кедей жашаган Жетыбай айылына барып келди.

АКШ элчилиги кыргызстандык жети кишиге “Манас-Вашингтон” сыйлыгын тапшырды

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги “Манас-Вашингтон” аттуу сыйлык негиздеп, аны Бишкекте биринчи жолу тапшырды. Бул тууралуу 20-апрелде сыйлык тапшыруу аземине катышкан “Азаттыктын” кабарчысы кабарлады. Элчиликтин Фейсбуктагы баракчасында жазылгандай, аталган сыйлык билим берүүгө, спортко, аялдардын тең укуктуулугун камсыз кылууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо тармагына салым кошкон адамдарга ыйгарылды. Кыргызстандын ар бир облусунан бирден адам тандалып алынган. Баткен... Читать дальше...

Мас абалда автоунаа айдаган судья кызматтан алынды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 20-апрелде жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында жарыяланды. Судьялар кеңешинин сунушуна ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбековдун, Бишкек шаардык сотунун судьясы Анара Өмүралиеванын жана Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Маалыматта... Читать дальше...

Жарандык коом Атыр Абдрахматовага байланыштуу бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Алтымыштан ашуун бейөкмөт уюмдун, жарандык коомдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнө кайрылып, омбудсмен Атыр Абдрахматованын айланасындагы жагдайларга тынчсыздануу билдиришти. Алар акыйкатчыны кысымдан коргоого, ишмердигин улантууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышты. 20-апрелде таратылган кайрылууга кол койгондор омбудсмендин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиши эл аралык стандарттарга карама-каршы келери жана дүйнөлүк коомчулук аны терс кабыл алары белгиленген. Читать дальше...

BIRTOPS “Киргизия” деген сөздү “Кыргызстан” деп оңдогон кеңейтме иштеп чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы BIRTOPS креативдик агенттиги көз карандысыз программисттер менен чогуу веб-браузерлер үчүн атайын “Киргизия” деген сөздү “Кыргызстан” деп оңдогон кеңейтме (расширения) иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган агенттик өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында жарыялады. Топтун түшүндүрмөсүндө жазылгандай, кеңейтме Google Chrome браузердин веб-версиясы үчүн иштелип чыккан. Интернет колдонуучу аталган браузеринин онлайн дүкөнчөсүнөн “МЫ – КЫРГЫЗСТАН” аттуу кеңейтмени таап, орнотуп алат. Андан кийин... Читать дальше...

Азербайжанда тыңчылыкка шектелип 20 киши кармалды

Azattyk.org 

Азербайжанда Иранга тыңчылык кылган деген шек менен 20 адам кармалды. Бишкектеги жол кырсыгында 20 бала жабыркады. Жеткинчектердин төртөө 3-балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн, азыр алардын абалы туруктуу. Кытайга каттаган Ош - Эркеч-Там жолунда 600дөн ашуун жүк ташуучу унаа 15-чакырымга чейин тизилип калды. Кезек күткөн айдоочулар Бажы көзөмөлүндөгү тейлөөгө нааразы.

Талаштуу берене: Конституциялык сот өкмөттү колдоду

Azattyk.org 

Конституциялык сот Баш мыйзамдагы “пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан төмөн болбошу керек” деген беренени талкуулап, чечим кабыл алды. Анда Конституциядагы бул талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбай турганы, ал максат экени жазылган. Айрым юристтер менен депутаттар соттун чечимин сынга алып, бийлик төрт айдан бери Конституциядагы негизги талаптардын бирин аткарбай келатканын айтышууда. Маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлүп, өкмөт башчы мамлекет социалдык төлөмдөрдү алына жараша гана төлөй турганын билдирген. Читать дальше...



Президент Жапаров латын арибине өтүүгө эрте экенин билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 20-апрелде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды. Анда кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечеги жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери талкууланды. Каныбек Осмоналиев президентке 2021-2025-жылдарга Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы, анын ичинде мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилди жакшыртуунун жүрүшү тууралуу айтып берди. Читать дальше...

Эдил Байсалов жол кырсыгынан жабыркаган балдардан кабар алды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте жол кырсыгында жаракат алып, ооруканада жаткан балдардын абалын көрдү. Бул тууралуу шаардык №3 балдар бейтапканасына барган “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жабыр тарткан окуучуларга мүмкүн болгон жардамдын баары көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Ооруканага кырсыкта жабыркаган 20 бала түшсө, анын төртөө реанимацияда жаткырылды. Алардын абалы оор экени айтылды. 20-апрелде түшкө жакын... Читать дальше...

Йемендеги тебелендиде кеминде 85 киши каза тапты

Azattyk.org 

Йемендин баш калаасы Санада мектепте садака таратуу учурундагы тыгында кеминде 85 киши тебелендиде набыт болду. Дагы 300дөн ашууну жараат алганын борборду көзөмөлдөгөн хуситтердин расмий өкүлдөрү билдирди. Трагедия мусулмандардын Орозо айт майрамынын алдында муктаждарга акча таратылып жатканда болгон. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгон Йемендин борборунда жергиликтүү ишкерлер жардамга муктаждарга 5 миң риалдан (болжол менен 20 доллар) берилерин жарыялашкан. Маалыматка караганда, мектептин... Читать дальше...

Өзбекстанда совет доорунда репрессияланган 208 адам акталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Жогорку Соту совет доорунда репрессияга кабылган 208 кишини актады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алар Фергана, Кашкадарыя жана Самарканд облустарында жашашкан. 2022-жылы декабрда бул өлкөдө СССР учурунда репрессияга кабылган 173 адам акталган. 1937-1953-жылдары өлкөнүн эркиндиги үчүн күрөшкөн 100 миңден ашык өзбек репрессияланганы айтылып келет. Алардын ичинен 13миңден ашууну атууга кетип, миңдеген адам сүргүнгө айдалган. 2021-жылдын 31-августунда Шавкат Мирзиёев өзбек... Читать дальше...

Кыргызстанда жергиликтүү соттордун 20 судьясы дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын кызматка дайындоо тууралуу жарлыктарды чыгарды. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланат. Ага ылайык, Ысык-Көл облустук сотуна Болоткан Дюшеналиев, Тоң райондук сотуна Гүлзат Абдинасирова, Ысык-Көл райондук сотуна Азат Матемиров, Баткен райондук сотуна Нуртилек Кимсанов, Кадамжай райондук сотуна Автандил Матказиев, Кызыл-Кыя шаардык сотуна Замир Акимов, Ала-Бука райондук сотуна Сулайман Алымкулов... Читать дальше...

Бишкектеги жол кырсыгы: 20 бала жабыркады, төртөө оор абалда

Azattyk.org 

Бишкекте "Манас" аэропортуна бараткан жолдо 20-апрелде окуучулар түшкөн автобус жол кырсыгына кабылды. Баш калаадагы №3 Балдар ооруканасына кырсыктан жараат алган 20 бала түштү. Дарыгерлердин айтымында, алардын төртөө реанимацияда жатат. Абалдары оор, бирок туруктуу.  Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кырсык тууралуу кабар "Тез жардамга" саат 11:15те түшкөн. №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мананов “Азаттыкка” билдиргендей, азыр бейтапканада жаткандар 2012-2015-жылдар аралыгында туулгандар. Читать дальше...

Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендер 21ге жетти

Azattyk.org 

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан шайлоого катышууга ушул күнгө чейин жалпы 21 адам арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында кабарланды. Акыркылардан “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын коопсуздук адиси Андрей Скорняков, IFES эл аралык фондунун кызматкери Гүлмира Усубалиева жана Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу Салтанат Сагидаева арыз берген. Ага чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов... Читать дальше...

Бишкектеги жол кырсыгында жабыркаган балдардын саны 20га жетти

Azattyk.org 

Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдо болгон кырсыктан жабыркап, ооруканага түшкөн балдардын саны 20га жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мананов “Азаттыкка” билдирди. Алардын баары 2012-2015-жылы туулган балдар. “19 бала “Тез жардам” менен алып келинди. Бирөө өзүнчө келди. 14 бала оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу. Өздөрүн жакшы сезип жатышат, коркунуч жок. Бирөө травматология бөлүмүнө жаткырылды. Төртөө реанимация бөлүмүндө. Читать дальше...

Ош шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Azattyk.org 

Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында ишкерлерди тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди. Ачылыш аземине Салык кызматынын жетекчилиги, мамлекеттик, жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты. Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү. Читать дальше...

Азербайжанда Иранга тыңчылык кылган деген шек менен 20 адам кармалды

Azattyk.org 

Азербайжандын маалымат каражаттары Ирандын чалгындоо министрлигине тиешеси бар деген шек менен 20 адам камакка алынганын жазды. Алар 19-апрелде кармалган. АПА маалымат агенттиги жазгандай, алар диний ишмердүүлүккө жамынып, “Ислам жумуриятын пропагандалоого, диний ырым-жырымдарды жайылтууга, Бакудагы секулярдык бийликти кулатууга аракет жасоого жана баңги заттарды сатууга катышкан” деп шек саналууда. Аталган агенттик камакка алынгандардын айрымдары Иранда диний билим алганын, диний үгүт желектери менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Читать дальше...

Кара-Мурзанын таламын талашкан адвокат Орусиядан чыгып кетти

Azattyk.org 

Орусиялык белгилүү юрист ар кайсы мезгилдерде оппозициячыл маанайдагы Владимир Кара-Мурза, Илья Яшин, маркум Борис Немцовдун таламын талашкан адвокат Вадим Прохоров өлкөдөн чыгып кетти. Ал бийлик өзүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутушканын "Америка добушу" радиосуна берген маегинде билдирди. Прохоров Кара-Мурзага сот өкүмү чыгардан бир канча күн мурун мамлекеттен кеткен. Өзүнүн дарегине саясатчылардан, судья, прокурордон коркутуу болгонун белгиледи. Маек Вашингтондогу студияда жаздырылган. Читать дальше...

Аба ырайы: ашууларда көчкү коркунучу бар

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү! 21-24-апрель күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. Читать дальше...

Президент Жапаров Өзбекстан менен чогуу автоунаа заводун куруу боюнча мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Өзбекстан менен чогуу авто унаа чыгаруучу заводду куруу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтына 20-апрелде жарыяланды. Бул документтин кабыл алынышы өлкө аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берери айтылат. “Долбоорду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, ИДПдагы өнөр жайдын үлүшүн көбөйтүүгө... Читать дальше...

Бишкектеги жол кырсыгында кеминде 16 киши жабыркады

Azattyk.org 

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдо жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, жолдо автобус кайрылып жатканда арттан келе жаткан автоунаа сүзүп кеткен. Учурда жол кырсыгынан жабыркагандардын саны такталып жатат, алардын көбү жаш балдар экени белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жабыркагандар 16дай адам экенин... Читать дальше...

Өзбекстанда референдумда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды

Azattyk.org 

Өзбекстанда Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдумда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 19-апрелде башталганын өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Ал күнү добуш берүү тилкесине келе албаган жарандардын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүсү 25-апрелге чейин созулат. Референдум өзү 30-апрелде өтөт. Эгер эл жаңы Баш мыйзамды колдосо, президент Шавкат Мирзиёевдин бийликте 2040-жылга чейин калуусуна мүмкүндүк ачылат. Референдумдун алдында Өзбекстандын бардык аймактарында "Конституция сеники... Читать дальше...

Бишкекте перс каллиграфиясы боюнча көргөзмө өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Перс каллиграфиясы жана алтын жалатуу өнөрү” аталышындагы көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмөдө тасхиб (алтын жалатуу) өнөрү менен кооздолгон сульс, шекасте, насталик жана башка кол жазмалар менен жазылган перс каллиграфиясынын эмгектери коюлган. Көрүүчүлөргө ирандык каллиграфия чеберлери Асгар Мохаммади жана Али Бахмани мастер-класстарды өтүп жатышат. Кыл калем чеберлери персиялык алтын жалатуу өнөрү, китептерди көркөмдөө, перс жазуу куралдары... Читать дальше...

Президенттин маалымат катчысы Абдрахматованын билдирүүсүн сындады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгү адам укугунун, сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берди. Анда кабарчы акыйткачы Атыр Абдрахматованын адам укуктарынын абалы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу суроо берген. "Сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок. Ар ким өз пикирин каалагандай билдирет. Максим Горький атындагы гүлбак митингдердин аянты болуп калды. Ал жерде митингдер каалаган учурда өтүп жатат. Катышуучулар оюн эркин айтып, түз эфирлерге чыгып жатат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *