Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 07.04.2023

"2005-жылы Бакиевдин президент болушун төрт киши колдогонбуз"

Azattyk.org 

Кыргызстандын Коргоо министрлигин эки жолу башкарган, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исмаил Исаков 2005-жылы Курманбек Бакиевди кантип бийликке алып келишкени, анын кландык башкаруусунун кесепеттери тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.

БАЭдеги Аал-Нахйаан жана кыргызча терминология көйгөйү

Azattyk.org 

Кыргызстандын борборундагы узун көчөнү БАЭнин лидерлеринин биринин ысымы менен атоо тууралуу сунуш айтылууда. Бул окуя арап жана башка чыгыш элдеринин аталыштарын кыргызчалоонун өзгөчө системасын иштеп чыгуу маселесин кайрадан козгоого түрткү болду. Тарыхчынын блогу.  Чыгыш элдеринин энчилүү аттарын тартипке салуу көйгөйү бул элдердеги ономастикалык маалыматтарды кыргыз тилинде чагылдыруу орус тилинин салты аркылуу эмес, тикелей эне тилдик салтка ылайык жүргүзүүнү талап кылат. Бул жаатта мурдараак... Читать дальше...

"Озоди": Рахмондун жакындарына таандык ишканалар электрге 250 миң доллар карыз

Azattyk.org 

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун кудасы жана өлкөнүн Байланыш кызматынын башчысы Бег Сабурдун жакындарына таандык сегиз ишкананын электр энергиясы үчүн карызы бар. Бул тууралуу "Озоди" радиосу тиешелүү маалыматтарды камтыган документке таянып кабарлады. Маалыматка караганда, Сабурдун жакындары иштеткен компаниялардын, ишканалардын жана чарбалардын электр жарыгы үчүн жалпы карызы 2 миллион 600 миң сомонини (250 миң доллардан ашык) түзөт. Алардын арасында "Комил-2010" курулуш компаниясы... Читать дальше...

"Улуттук опера үчүн күйүп-бышты". Эл артисти келбес жайга узады

Azattyk.org 

7-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Сахна чебери менен коштошуу зыйнатына мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жакындары чогулду. Маркумдун замандаштары ал кайталангыс талант, тенор үндүү ырчы болгонун эскерди. 40 жылдан ашуун өмүрүн классикалык искусствого арнаган Алмасбековдун чыгармачыл дүйнөсү тууралуу азыноолак кеп кылабыз. Мыкты тенор Сталбек Алмасбековдун кайталангыс үнү... Читать дальше...

Инандынын соту: Прокурор 22 жыл жаза сурады

Azattyk.org 

100дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйган, Бакиевдердин кандуу режими кулаганына 13 жыл толду. "Сапат" билим берүү мекемесинин мурдагы башчысы Орхан Инандыны покурор 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады. Израил армиясы Ливан жана Газа тилкесиндеги буталарга сокку урду.

Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуду

Azattyk.org 

7-апрелдин таңында Израил Ливандагы жана Газа тилкесиндеги буталарга сокку урду. Бул артында ХАМАС радикал тобу турат делген ракеталык чабуулдарга жооп экени айтылды. Ага чейин Ливандын аймагынан Израилга 34 ракета атылган эле. Чыгыштагы кырдаал Иерусалимдеги Ал-Акса мечитиндеги окуядан кийин курчуп кетти. Аймактагы Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу күчтөрү абалды "өтө олуттуу" деп баалап, тараптарды сабырдуулукка чакырды. Ливандын аймагынан атылган 34 ракетанын 25ин Израилдин абадан коргонуу күчтөрү жок кылып... Читать дальше...

"ВКонтакте" чет өлкөгө кетүүгө байланышкан кызматтарды жарнамалоого тыюу салды

Azattyk.org 

Орусиядагы "ВКонтакте" социалдык түйүнү чет өлкөгө кетүүгө, анын ичинде башка мамлекетте жашап туруу укугун алууга жана окууга тапшырууга байланышкан кызматтарды жарнамалоого тыюу салды. Бул тууралуу ишкерлердин релокациясы боюнча кызмат көрсөткөн компаниянын ээси Алексей Поспехов билдирип, соцтүйүндүн колдоо кызматы жөнөткөн тиешелүү мазмундагы жооптун скриншотун жарыялады. Маалыматка караганда, "ачык жарыяланбаган тыюу" былтыр күзүндө – "жарым-жартылай" мобилизация жарыялагандан кийин киргизилген. Читать дальше...

"Эч ким айткан пикири үчүн жоопко тартылбашы керек"

Azattyk.org 

2022-жылы Кыргызстанда адам укуктарынын абалы жакшырган жок. Мындай пикирин баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хизер МакГилл “Азаттыкка” маегинде айтты.  - Жакында Amnesty International уюму дүйнөдөгү, анын ичиндеги Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарган баяндамасын жарыялады. Кыргызстандагы адам укуктарынын азыркы абалына кандай баа бердиңиздер? Бир жыл ичинде Кыргызстанда адам укуктарынын абалы кандай өзгөрдү? Читать дальше...



Сыдыков: Футбол боюнча курамага сырттан машыктыруучу издеп жатабыз

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол бирлигинин президенти Медер Сыдыков улуттук кураманын башкы машыктыруу кызматына талапкерлерди кароо боюнча Футбол уюмунун техникалык комитетине жыл башында эле тапшырма берилгенин билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосундагы маегинде айтты. “Талапкерлер көп. Биз спорттук жетишкендиктерине, тажрыйбасына, тил маселесине да карап жатабыз. Эң башкысы биз койгон максаттарга жете алабы, биз сунуштаган финансылык шарт менен иштей алабы карайбыз. Эгерде ушул маселелерде келише алсак ошол кишини машыктыруучу кылабыз. Читать дальше...

Өзбекстан: сексуалдык зомбулукка жазаны катаалдаткан мыйзам кабыл алынды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сенаты сексуалдык зомбулук үчүн жазаны катаалдаткан мыйзам долбоорун кабыл алды. 6-апрелде кабыл алынган документке ылайык, мындай кылмыш жасап соттолгондор мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарылбайт, жазасы жеңилдетилбейт. Мындан тышкары, зордукчулдардын тизмеси түзүлөт. Сенатта бул мыйзам долбоору ушул аптада Өзбекстанда жашы жете элек кыздарды чиновниктер зордуктаганы тууралуу фактылар ачыкка чыккан учурда кабыл алынды. Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 118-беренесине ылайык, зордук көрсөткөндөр 10 жылдан 20 жылга чейин камалат. Читать дальше...

2005-2010: кандуу жылдар сабагы

Azattyk.org 

Апрел ыңкылабына 13 жыл толду. Бул күнү элдик толкундоонун натыйжасында Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылган. Бакиевдин башкаруу жылдарында көрүнүктүү депутаттан баштап, ишкер, спортчу, кримтөбөлдөр буюртма адам өлтүрүүнүн курмандыгы болушкан. Кландык башкаруу, оппозицияны куугунтуктоо, жалданма адам өлтүрүүлөр, эркин медиаларга басым жана коррупциялык көрүнүштөр 2010-жылы Апрель окуясына алып келип, анда жүздөй адамдын өмүрү кыйылды.

Эл артисти Сталбек Алмасбековдун сөөгү жерге берилди

Azattyk.org 

7-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган бийлик өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Муратбек Бегалиев, Келдибек Ниязов, Тенти Мураталиев жана театрда бирге иштешкен кесиптештери, туугандары катышты. Коштошуу зыйнатында... Читать дальше...

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Azattyk.org 

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон берилет. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 3-апрелде кол койгонун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. 1941-1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сомдон берилет: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары; Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары; Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер... Читать дальше...

Түркияда Орхан Инандынын кезектеги соту өттү

Azattyk.org 

6-апрелде Түркиянын баш калаасы Анкарада Кыргызстандан уурдалган, "Сапат" билим берүү мекемесинин мурдагы башчысы, теги түркиялык Орхан Инандынын кезектеги соту өттү. Бул тууралуу "Демирөрен" кабар агенттиги билдирди. Анда прокурор Орхан Инанды "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен соттон 15 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. Айыпталуучу Инанды сөз алып, 6-февралдагы катуу жер титирөөдө жакындары набыт болгонун айтып, баш коргоо чарасын кийинкиги жылдырууну суранганы кабарланды. Читать дальше...

8-апрелдин аба ырайы

Azattyk.org 

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, 7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. 8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад... Читать дальше...

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Azattyk.org 

1-7-апрель күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы ал достук жана өз ара түшүнүшүү менен өткөнүн, жумушчу топтор эми Тажикстандын аймагында чогуларын билдирди. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору 10-16-марттын аралыгында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жолугушкан. Читать дальше...

Израил Ливанга жана Газа тилкесине сокку урду

Azattyk.org 

Израил 7-апрелдин таңында Ливандагы жана Газа тилкесиндеги буталарга сокку урду. Бул палестиналык ХАМАС радикал тобу жоопкерчилик алган ракеталык чабуулдарга жооп экени айтылды. Израил аскердик учактары ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактардагы 10 бутага, анын ичинде Ливандын Тир жээгиндеги палестиналык качкындардын Рашидие лагерине жакын жерге чабуул койгонун билдирди. ХАМАС Израилдин чабуулун айыптаган билдирүү таратты. Ливандын расмий өкүлү Reuters агенттигине жабыркагандар жоктугун билдирди. Бир... Читать дальше...

Баткенде мигрант үй-бүлөлөрдү колдогон долбоор башталды

Azattyk.org 

Баткендин чек ара айылдарында мигранттардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү максатында атайын долбоор бир жыл бою иш алып барат. Бул тууралуу долбоордун демилгечиси Назгүл Алдашова билдирди. Анын айтымында, Баткен облусунун төрт айыл аймагы тандалып алынып, мигранттардын балдарына, аялдарга өз учурунда психосоциалдык жардамдардын жетишине көмөк көрсөтүлөт. Кыз-келиндерге ишкер айымдар тарабынан насаатчылар дайындалып, 16 бизнес демилгеге каржылык колдоо берилмекчи. Европа Биримдиги каржылаган BOMCA-... Читать дальше...

Чек ара чырында зыян тарткан ишкерлерге насыя берүүгө каражат бөлүнөт

Azattyk.org 

Финансы министрлиги Баткен облусунда 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыгым тарткан ишкерлерге быйыл насыя берүү үчүн 90,3 миллион сом бөлөт. Маалымат боюнча, министрликтин Финансы-кредиттик фонду Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда 212 жабыркаган ишкер менен жумуш алып барып, 75и менен насыялык келишим түздү. Былтыр 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган. Читать дальше...

"Ата-Бейитте" Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

Azattyk.org 

7-апрелде президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик ыңкылабынын курмандыктарын эскеришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирип, ага Жогорку кеңештин спикери Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана башка кызмат адамдары катышканын кабарлады. Алар 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларынын мемориалдарына гүл коюп... Читать дальше...

Бишкек мэриясы эски автобустарды аукционго коет

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы шаардын муниципалитетинин менчигиндеги жарактан чыккан эски автобустарды сатуу боюнча 12-майда аукцион өткөргөнү жатат. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Сатыла турган автоунаалардын тизмеси бекитилди жана кепилдик төлөмдүн өлчөмү ЛОТтун баштапкы наркынын 10% өлчөмүндө аныкталды. Арыздар 10-майга чейин кабыл алынат. Президент Садыр Жапаров 1-апрелде Бишкек мэриясына караштуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине күтүүсүз текшерүү менен барып... Читать дальше...

Бишкекте мейманканалардын биринде үч кишинин сөөгү табылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында 6-апрелде мейманкалардын биринде үч кишинин – бир эркек, эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, алардын денесинен кыйноонун белгилери аныкталган эмес. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери эркек киши 39 жашта экенин тактады. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ал чет өлкөнүн жараны экенин, алар баңгизатты ашыкча колдонуудан каза болгонун жазышууда. (BTo)

Апрель ыңкылабына 13 жыл

Azattyk.org 

Апрель ыңкылабына 13 жыл болду. 2010-жылы 6-апрелде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында, кийин Таласта башталып, Бишкекте уланган. 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө Ала-Тоо аянтында 90го жакын киши окко учуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан. Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, соңку тарыхтагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабагы ... Читать дальше...

Бишкекте Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилди

Azattyk.org 

Бишкекте Апрель ыңкылабынын катышуучулары, бул каргашада жакынын жоготкондор чогулуп, 7-апрель курмандыктарын эскерди. Алар 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы монументке гүл коюп, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин айрым студенттери ыр окуду. “Биздин максат жарым-жартылай максатына жетти. Биз сот адилеттигин, милициянын так ишин, прокуратуранын өз милдетин аткарышын талап кылып, кландык башкарууга каршы чыкканбыз. Читать дальше...

Президент Жапаров Апрель элдик революциясына карата кайрылуу жасады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 7-апрель Элдик революциясынын 13 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда өлкө башчы Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы Аксы окуясы, Март, Апрель элдик революциялары жана акыркы Октябрь окуялары - өлкө тарыхындагы саясий орчундуу окуялардан болуп калганын белгилеген. “Азаттыкты туу тутуп, ар дайым калыстыкка умтулган өзгөчө касиетти көкүрөгүндө аздектеп алып жүргөн кыргыз эли, аталган бул окуяларда адилетсиз башкарууга караманча каршы болуп, чырмалышкан... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *