Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 16.04.2023

Судандагы кагылышууларда эл аралык уюмдун үч кызматкери каза тапты

Azattyk.org 

Судандагы куралдуу кармаштан Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза тапты. Түндүк Дарфур аймагындагы кагылышуулардан аталган агенттиктин дагы эки кызматкери жаракат алды. Мындан улам Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Судандагы гуманитардык ишин убактылуу токтотуп жатканын, уюмдун Хартумдагы бир учагына да зыян келгенин "Ассошиейтед пресс" жаңылыктар агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, соңку эки күн ичинде Судандагы кагылышуулардан 61 киши мерт болуп, 670тей жаран жараат алды. Читать дальше...

Германиядагы акыркы үч АЭС ишин токтотту

Azattyk.org 

Германияда ишембиден жекшембиге караган түнү ушуга чейин иштеп келе жаткан акыркы үч атомдук электр станциясы өчүрүлдү. Немис өкмөтү 2011-жылы Жапониянын "Фукусима-1" атомдук электр станциясындагы авариядан кийин өзөктүк энергиядан толук баш тартууну чечкен. Бул чечим дагы эле немис саясатчыларынын арасында жана коомдо эки ача пикирди жаратып келет. Германиядагы алгачкы атомдук электр станция 1961-жылы иштей баштаган. 2000-жылдары өлкөдө алардын саны 19га жетип, бардык электр энергиясынын үчтөн бир бөлүгүн өндүрүп турган. Читать дальше...

Судандагы башаламандык учурунда кеминде 56 адам набыт болду

Azattyk.org 

Суданда жекшембиге караган түнү туруктуу армия менен “Ыкчам колдоо күчтөрү” куралчан тобунун ортосунда ок атышуу уланды. Анда кеминде 56 адам каза болуп, 600дөй киши жараат алды. Reuters агенттиги Судан дарыгерлер кеңешине таянып, каза болгон 56 киши жалаң жай тургундар экенин жазган. Ал эми жоокерлердин өлүмү тууралуу так маалымат жок, журналисттер “ондогон” жоготуулар болгонун жазып жатышат. Судандын армиясы “Ыкчам колдоо тобунун” өлкөнүн борбору Хартумга жакын жайгашкан Омдурмандагы базаларына абадан сокку урду. Читать дальше...

"Өз жанын кыймак эмес". Жазгүлдүн жакындары акыйкат издейт

Azattyk.org 

30 жаштагы келиндин асынып өлгөнүнө ишенбеген жакындары милицияга арыз жазышты. Алар анын өлүмүн күйөө баласынан көрүп жатышат. Күйөөсү келинчегине кол тийгизбегенин айтууда. Милиция бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук медициналык экспертизаны кайталап өткөрмөкчү. "Сиңдим өзүн өлтүрбөйт болчу" Бишкектеги Алтын Ордо жаңы конушунда жашаган үч баланын энеси Жазгүлдүн атасы Жыргалбек Абдыкадыров кызынын өлүмү тууралуу 10-февралда, таңга жуук укканын айтты. "Уктап аткам, телефон шыңгырады... Читать дальше...

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

16-апрелге караган түнү Бишкек шаарындагы Жумабек көчөсүндө көп кабаттуу үйдөн өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өрт турак үйдүн электр жабдыктарынан чыгып, подъезддин ичин түтүн каптаган. Үйдө жашаган 100 адам эвакуацияланган. Түнкү саат 12:07де чектөөгө алынып, саат 12:48де толук өчүрүлгөн. Министрлик өрттүн чыгышына электр шаймандарын колдонууда эреже бузулганы себеп болгонун белгиледи. 31-мартка караган түнү Бишкектеги "Алькони" заводунан өрт чыгып, болжол менен 3500 м2 аянты күйгөн. Читать дальше...

Быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленет

Azattyk.org 

Быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады. Быйылкы орозо 23-мартта башталган, Кадыр түн орозонун 27-күнүнө караган түнү белгиленет. Мусулмандардын ыйык Орозо айы  майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат.

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

16-17-апрелдерде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы болуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет. Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу. 16-18-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда... Читать дальше...

Евгения Судец өзү тууралуу талкууларга пикирин билдирди

Azattyk.org 

Мамлекеттик өнүгүү банкынын мурдагы жетекчиси Евгения Судец өзү тууралуу айтылган маалыматтар жана коомчулуктагы талкуу тууралуу пикирин “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде билдирди. Ал соңку жарым жыл ичинде өзү жана кызматкерлер маяна албаганын, банк үчүн бөлүнгөн каражаттын баары Улуттук банктын эсебинде турганын айткан. “Ошондой эле мамлекеттик банктын жана анын концепциясы үчүн иштегендердин баары аз акчага иштебеген инвестициялык банкирлер. Бирок бул маяналар эч качан төлөнгөн жок. Читать дальше...

Кыргызстандык православдар Пасха майрамын белгилешүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандык православдар бүгүн, 16-апрелде Пасха майрамын белгилешүүдө. Президент Садыр Жапаров православдарды ыйык майрамы менен куттуктап, бул күн ойлорду тазартуунун, жакындардын бири-бирине болгон сүйүүсүнүн, кечиримдин жана ырайымдын символу экенин белгиледи. Жапаров Кыргызстан ар кайсы ишенимдер өз ара түшүнүшүп жашаган көп конфессиялуу өлкө экенин жана ар бир диндин өзүнчө мааниси бар экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекет ар дайым конфессиялар арасындагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады. Читать дальше...

Кырым – түркүн түстүү гүлдөр сымал этностордун мекени

Azattyk.org 

XX кылымдын башында эгемендик үчүн күрөшкөн Кырым татар элинин көсөмү Номан Челеби-Жихан Кырым жарым аралындагы бардык этносторду баш коштуруу жана жарым аралды чыныгы Швейцарияга айлантуу идеясын көтөргөн жана кырым татарларынын гимнинин текстин жазган. Тарыхчынын блогу.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *