Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 19.04.2023

Кемпир-Абад иши: Тергөө эмнеге создукту?

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы талкууга түштү. Оор айып менен алты ай мурун абакка түшкөндөрдүн айрымдары үй камакка чыгарылса, көбү камакта калды. 19-апрелде активист Рита Карасартованын камактагы мөөнөтү 20-июнга чейин узартылды. Соттун соңку чечимдери эмнеден кабар берет?

Конституциялык сот Баш мыйзамдын талаштуу беренесин чечмеледи

Azattyk.org 

19-апрелде Конституциялык сот Баш мыйзамдын 44-беренесине байланыштуу Министрлер кабинетинин кайрылуусун карап чыгып, аны чечмелеген чечим кабыл алды. Соттук коллегияны Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев өзү жетектеп, ага катышкан тогуз судьянын баары чечимди бир добуштан колдошту. Баш мыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө “Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган. Читать дальше...

Мугалимдерди тилдеген интернат директору кызматтан алынды

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты” мекемесинин директору Жеңишгүл Ниязова атайын комиссиянын чечими менен кызматтан алынганын билдирди. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланды. Апрелдин башында аталган мектеп-интернаттын директору Жеңишгүл Ниязовага таандык үн жаздырылган аудио тасма интернетке тарап кеткен. Анда ал мугалимдердин аброюна шек келтирип, аларды басынтып, кол көтөрүп, ыплас сөздөрдү айтып, сөгүнүп жаткан үндөрү жазылган. Читать дальше...

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев тергөө бүткүчө камакка алынды

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту коррупцияга байланыштуу кармалган Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө камакка алды. Бул тууралуу маалыматты аталган соттон билдиришти. Аны камакка алууну атайын кызматтын тергөөчүлөрү өтүнүштү. Адвокаттар камакка байланышпаган бөгөт чара кабыл алууну суранышты. Тергөө соту Алмаз Нурбеков кабыл алган чечимге ылайык, Урматбек Самаев 1-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат. Читать дальше...

Кыргызстандагы Forester компаниясынын директору үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту салык кызматкерлерине козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган Forester компаниясынын директору Александр Череповдун бөгөт чарасын чарап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматта айтылгандай, сотто Череповду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн атайын кызматтын тергөөчүлөрү келтиришкен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 17-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын он кызматкери коррупцияга айыпталып, кармалганын кабарлаган. Читать дальше...

Блогер Адилет Балтабай абактан чыкты

Azattyk.org 

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек соттун чечимине ылайык Жаза аткаруу кызматынын №27 абагынан чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Эркин Саданбеков Фейсбуктагы баракчасында кабарлап, активист менен турган сүрөтүн жарыялады. Жогорку Сот 19-апрелде Адилет Али Мыктыбектин арызын карап, аны канааттандырган. Ага карата үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырды. Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылып... Читать дальше...

Казакстанга күнүнө 7 миңдей орусиялык жаран кирип жатат

Azattyk.org 

Казакстанга күнүнө 7 миңге жакын орусиялык жаран келип, кайра ошончо киши чыгып кетүүдө. Мындай статистиканы 19-апрелдеги брифингде Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү билдирди. Анын айтымында, мындай жагдай "кадимки көрүнүш", азыр оң жана терс динамика байкалбайт. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды. "Өткөн жылы болгон окуяларга байланыштуу биздин мамлекеттик органдар көзөмөл механизмин иштеп чыгышкан. Атап айтканда, Чек ара кызматынан баштап, убактылуу каттоого чейинки жараяндар автоматташтырылды. Читать дальше...

Суданда ок атышпоо келишими бузулуп, кармаш уланууда

Azattyk.org 

АКШ арачы түшкөн ок атышпоо келишими ишке ашпай калгандан кийин шаршембиде Судандын борборунда армия менен жарым-жартылай аскерлешкен күчтөрдүн ортосунда кармаш уланды. Аба соккулары жана жардыруулар болуп, Жапония өңдүү мамлекеттер өз жарандарын эвакуациялоого даярданууда. Тынымсыз бомбалоолордун жана катуу жардыруулардын добушу Хартумдун борборунда, аэропорттун айланасында угулуп турду. Видеолордон көрүнүп тургандай, асманды коюу түтүн каптады. Чет элдик державалар, анын ичинде АКШ камалып... Читать дальше...



Бишкек мэриясы бөтөлкө чогулткан беш жашар бала жөнүндө түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясы көчөдө желим бөтөлкө чогултуп жүргөн беш жашар балага байланыштуу түшүндүмө берди. Анда Түгөлбай-Ата көчөсүндө желим бөтөлкө жыйнаган кичинекей бала тууралуу маалымат 18-апрелде алынганы, текшерүүнүн негизинде ал балаүй-бүлөсү менен таштандыларды кабыл алган жайда жашары аныкталган. Ошондой эле ал жерде жашагандар Өзбекстандын жарандары экени белгилүү болгон. "Жашаган жеринде санитардык-гигиеналык нормалар сакталбаганы, балдардын жашоосу үчүн шарт түзүлбөгөнү аныкталды. Өзбек жарандарына укуктарды сактоо... Читать дальше...

ЖК: жумушчу топ курултай делегаттарын азайтууну макулдашты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште 19-апрелде “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги жыйыны өтттү. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда жергиликтүү, райондук жана шаардык курултай өткөрүү тууралуу жоболорду кыскартуу, делегаттардын саны 1070тен 700гө азайтуу макулдашылды. Парламент 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы... Читать дальше...

Тоолуу Бадахшандын бейформал лидери Толиб Айёмбековдун бир тууганы кармалды

Azattyk.org 

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда аймактын бейрасмий лидери Толиб Айёмбековдун бир тууганы Рашид кармалды. "Озоди" радиосу шейшембиде жазгандай, аны 14-апрелде облустун Дарваз районунан чыгып бараткан жерден кармашкан. Маалыматка ылайык, бийлик анын себебин айткан жок. Рашид Айёмбеков Хорогдогу тергөө абагында кармалууда. Айёмбековдордун тууганы кабарчыларга айтып бергендей, ушу тапта үй-бүлөнүн тогуз мүчөсү абакта отурат. Үч ага-ининин арасынан Рашид гана эркиндикте жүргөн. Ал "Тез жардам" кызматында айдоочу болуп иштечү. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: сот Карасартованын абактагы мөөнөтүн дагы узартты

Azattyk.org 

Биринчи май райондук соту 19-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган жарандык активист Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Райондук сот буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырган. Калганы буга чейин үй камагына чыгарылган. Бул иш боюнча башында жалпы 20дан ашык киши кармалган. 2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын... Читать дальше...

УКМК: салыкчылар кармалган иштен улам бюджетке 100 миллион сом кайтарылды

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматындагы коррупция боюнча козголгон жаңы кылмыш иштин иликтөөнүн алкагында бюджетке 100 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Атайын кызмат 17-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын он кызматкери коррупцияга айыпталып, кармалганын кабарлаган. Мекеме тараткан маалыматына караганда, кармалгандар ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын 100 миллион сомдон ашык салыгынын көлөмүн атайылап азайтканы аныкталган. Читать дальше...

Эсептөө палатасынын төрагасы эреже бузуудан улам алты кызматкер иштен кеткенин айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында “Эсептөө палатасы жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов долбоор тууралуу баяндама жасап, аталган мыйзам Эсептөө палатасынын укуктук макамын, ишинин негиздерин жана принциптерин аныктай турганын билдирди. Талкуу учурунда депутат Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик бюджеттен курулуп жаткан объектилердин баасы кымбатка түшүп жатканын жүйө келтирип, мекеме жетекчилигин аны көзөмөлдөөгө чакырды. Читать дальше...

"Ата-Журт Кыргызстан" акыйкатчыны кызматтан алууну сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштады. Төрага Нурланбек Шакиев эми бул сунушту тармактык комитет карап, чечим чыгарышы керектигин билдирди. Аталган фракция бул сунушуна эмне себеп болгонун тактаган жок.  Парламент жыйынында Абдрахматова соңку бир жылдын ичиндеги адам укуктарынын абалы, бул жаатта аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын негизинде парламентте чечим кабыл алууда... Читать дальше...

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин соту белгисиз мөөнөткө жылды

Azattyk.org 

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, “бийликти басып алууга, жапырт башаламандык кылууга үндөгөн” деп шек саналып жаткан Ырыс Жекшеналиевдин соту белгисиз мөөнөткө жылды. Анын адвокаты Нурбек Сыдыковдун айтымында, буга судьянын ооруп калганы себеп болду. Жекшеналиевдин иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. 11-апрелдеги отурумда ал жарыш сөзгө чыккаг, тергөөнүн материалдарында өзү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулуп-өскөн деп жазылып калганы туура эмес экенин айткан. Читать дальше...

Сот Адилет Балтабайды пробациялык шарт менен абактан чыгарды

Azattyk.org 

Жогорку Сот 19-апрелде Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин арызын карап, аны канааттандырды. Ага карата үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырды. Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айтып, абактан бошотууну өтүнгөн. Блогер быйыл 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, камакка алынган. Читать дальше...

Индия быйыл жайда калктын саны боюнча биринчи орунга чыгары күтүлүүдө

Azattyk.org 

Индия быйыл жайда Кытайдан ашып өтүп, дүйнөнүн калкы эң көп өлкөсү болуп калат деп күтүлүүдө. БУУ мындай божомолун 19-апрелде жарыялады. Улуттар Уюмунун тиешелүү фондунун жаңы баяндамасында Индиянын калкы жылдын орто ченинде 1,4286 миллиардга жетери, Кытайдыкы 1,4257 миллиард болору айтылат. Демек, Индия кошуна өлкөнү 3 миллион кишиге ашып өтөт. Кытайдын калкы былтыр 1960-жылдан бери биринчи жолу кыскарды. Ал жылдары Мао Цзэдундун айыл чарба саясатынан миллиондогон адам ачарчылыкка кабылып кырылган. Читать дальше...

Бишкекте айт намаз эски аянтта окулат

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Бишкекте Орозо айт намазы эски аянтта окуларын билдирди. Ага ылайык, иш-чара 21-апрелде таңкы сат 6да башталат жана бир саат дин аалымдарынын баяндамасы болот. Андан кийин муфтий Замир Ракиев сөз сүйлөп, баяндама жасайт. Айт намаз 07.30да окулат. Орозо 23-мартта башталган жана мусулмандардын ыйык Орозо айы майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат.

Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам экинчи окууда кабыл алынды. Анда кыргыз тилин, аны колдонууну өнүктүрүү, латин арибине өтүү маселесине талкуу болду. Айрым депутаттар долбоор чала жазылганын, кээ бир жоболорун ишке ашыруу мүмкүн эместигин билдиришти. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латин арибине өтүүгө даярдык бар экенин айтты. "Латын арибине өтүү аракети 1993-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин... Читать дальше...

Бээжиндеги ооруканада чыккан өрттө каза тапкандар 29 кишиге жетти

Azattyk.org 

Кытайдын баш калаасындагы ооруканада чыккан өрттө каза тапкандардын саны 29га жетти, ондогон киши жаракат алды. Расмий маалыматка ылайык, Фентай районундагы Чанфэн ооруканасындагы өрт шейшембиде жергиликтүү саат 13тө тутанып, жарым сааттан кийин өчүрүлгөн. Маркумдардын 16сы аял, 13ү эркек, арасында бир медайым, бир бейтаптын тууганы бар. Имараттан 140 киши эвакуацияланды. Кээ бир бейтаптар терезеден секирүүгө аргасыз болгон. АФП агенттиги кырсыкка байланыштуу оорукананын директору баш болгон 12 киши кармалганын кабарлады. Читать дальше...

Байсалов №1 гимназиянын мугалимдери жумуштан алынганын билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги №1 гимназия-интернатында нааразылык акциясын өткөргөн бардык мугалимдер жумуштан алынганын билдирди. Бул тууралуу анын видеосу 18-апрелде “Говори ТВнын” Ютуб каналына жарыяланды. Ал "окуучуларды митингге катыштырып, козголоң уюштурган мугалимдер боюнча укук коргоо органдары да иш алып барарын" билдирди. “Алар кечээ күнү толугу менен жумуштан алынды. Биз буга чейин аларды башка мектептерге бөлүштүрүп, жумуш менен камсыз кылалы деп ойлонуп жатканбыз. Читать дальше...

Бекешев президенттин иш башкармалыгынын акчасын иликтөөнү сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттин иш башкармалыгынын чыгымына байланыштуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго кайрылды. Ал бул мекеме курулуш компанияга айланып калганын айтып, сатып алуулар текшерилиши керектигин билдирди. "Бизде азыр чоң курулуш компания, чоң курулушчулар президенттин иш башкармалыгы болуп калды. Бизге маалымат бергилечи, алардын бюджети канча, курулуш материалдарды жана башка товарларды кайдан алып жатышат. Ошонун сапаттуулугун карап, текшергилечи. Читать дальше...

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда күн ачык болот

Azattyk.org 

20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлар жыйнагы жарыкка чыкты

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу, белгилүү төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлар жыйнагы жарыкка чыкты. “Булбулум, булбулум ай” деп аталган жыйнакка Иманалиевдин 20га жакын обондуу ырлары тексти жана нотасы менен камтылды. Ошондой эле айрым ырларынын тарыхы жазылган. Акындын ырларын нотага композитор, Эл артисти Атайбек Бөдөшов түшүрүп, китепке Эл артисти Нурлан Нышанов редакторлук кылган. “Айтыш” коомдук фондунан “Азаттыкка” маалымдашкандай, обондуу жыйнактын бет ачары 20-апрелде Улуттук тарых музейинде өтүп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *