Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 29.04.2023

Корккон утурлай муштайт, бирок...

Azattyk.org 

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. “Азаттыктын” азыркы кабарчысы Канымгүл Элкеева студент кезинде “Коркуп жашагандан корком” деп алакандай эссе жазганы эсимде. Бүгүн ушул коркуу сезими, анын табияты жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Сактыкка кордук жок. Бирок...... Читать дальше...

“Асман” шаарынын пайдубалы жакында башталары айтылды

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылып жаткан “Асман” шаарынын пайдубалына капсула жакынкы мезгилде салынары пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн 29-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү, анын ичинде “Асман” долбоору менен таанышты. “Бул эко-шаарда алдыңкы санарип телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды”, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы. Читать дальше...

Президенттик администрацияда бөлүм башчылары ротация болду

Azattyk.org 

Президенттик администрацияда кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн 29-апрелде мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин президенттин жана өкмөт башчынын чечимдерин экспертизадан өткөрүү бөлүмүн жетектеп келген Жетиген Бакиров эми алардын чечимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнө башчы болуп дайындалды. Ал эми анын ордуна бөлүм башчы болуп Сүйүнтбек Аликеев барды. Чечимдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген Миргазы Исаков мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнө башчы болду. Читать дальше...

Нарын: Жети жаштагы окуучу кыздын өлүмүнө шектүү кармалды

Azattyk.org 

Нарында жети жаштагы окуучу кыздын өлүмү иликтене баштады. Жергиликтүү милициянын маалыматына караганда, окуя 28-апрелде Нарын районунун Орто-Нура айылында болгон. Наристе, ички иштер мекемеси билдиргендей, мектептен чыккан бойдон үйүнө жетпей калган. Анын сөөгү эч ким жашабаган үйдүн ичинен табылган, сыртынан кароо жүргүзүлгөндө ага күч колдонулган белгилер аныкталган.  Кылмышка ушул эле айылдын 64 жаштагы тургуну шектелүүдө, ал мас абалында кармалды. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголду. Читать дальше...

Чүйдө абакта отурган адам өз жанын кыюуга аракет кылды

Azattyk.org 

Жаза аткаруу кызматы Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 абакта отургандардын бири өз жанын кыюуга аракет кылганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 27-апрелде болгон – абак эрежелерин бузганы үчүн беш күнгө өзүнчө изоляторго камалган жаран ал жактан бошотууну талап кылып, миздүү нерсе менен денесин тилген жана асынууна аракет кылган. “Азыр аталган жаран абактын дарылоо жайында кармалууда. Колунан башка тилинген жери жок. Абалы канааттандырарлык. Ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Читать дальше...

Медиа уюмдар "Азаттык" болуп көрбөгөндөй кысымга кабылганын айтып, бийликке кайрылышты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы отуздан ашуун медиа уюм жана журналисттер “Азаттык” радиосу болуп көрбөгөндөй кысымга дуушар болуп жатканын белгилеп, анын айланасындагы соңку абалга байланыштуу бийликке кайрылуу жолдоду. 28-апрелде жарыяланган кайрылуусунда алар “кысымды жана кылмыш куугунтугун токтотууга, сайттын ишин жандандырууга, банктык эсепке коюлган бөгөттү алып салууга” чакырышты. Кайрылууда бир гана видеоматериал үчүн “Азаттыкты” “согушка үгүттөгөн” деп айыптоо акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатканы, андай шек “жаңжалды тутандыруу идеялары атайылап... Читать дальше...

"Жер-суу аталышы кыргызча болсун деп куугунтук көрдүк"

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу коомдук ишмер Таалай Ылайтегин. Ал маегинде 1986-жылдагы Казакстандагы Желтоксан окуясы, Кыргызстанды көз каранды эмес өлкө кылам деген жаштардын деми, демократиялык кыймылдар менен бийликтин мамилеси, саясатчылар Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиев, Асанкулов, Куловдун саясаттагы орду, саясий партиялардын аброю ж.б. маселелер жөнүндө кеп кылат. - Сиз 1988-жылы СССР али күчүндө азыркы Каракол, андагы Прежевальск шаарында жүргөнүңүздө... Читать дальше...

“Желтоксан окуясы биздин көзүбүздү ачкан”

Azattyk.org 

"Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу коомдук ишмер Таалай Ылайтегин болду. Ал маегинде 1986-жылдагы Казакстандагы Желтоксан окуясы, Кыргызстанды көз каранды эмес өлкө кылам деген жаштардын деми, демократиялык кыймылдар менен бийликтин мамилеси, саясатчылар Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиев, Асанкулов, Куловдун саясаттагы орду, саясий партиялардын аброю ж.б. маселелер жөнүндө кеп кылат.



Борбор калаа Бишкек 145 жылдыгын белгилөөдө

Azattyk.org 

Борбор калаа Бишкек бүгүн 29-апрелде 145 жылдыгын белгилөөдө. Бул датага карата уюштурулган салтанаттуу жыйын Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү, ага бийлик жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Жыйында сүйлөгөн сөзүндө мэр Эмилбек Абдыкадыров Бишкек кирешеси жылдан жылга көбөйүп жаткан өнүккөн шаарга айланганын айтты: "2022-жылы Бишкек шаарынын ички дүң өнүмүнүн көлөмү 367 миллиард сом болуп, жалпы республика деңгээлинде 40% түздү жана он жыл мурдагынан 2,7 эсе жогорулады. Фискалдык... Читать дальше...

Тажикстанда май куюучу жайдагы жарылуудан адам өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Тажикстандын борбор шаары Душанбеде май куюучу станциядагы жарылуудан бир адам каза болгонун “Азаттыктын” тажик кызматы билдирди. 28-апрелде "Соро Ойл" мунай ишканасына таандык май куюучу жайда өрт чыкканы, жарылуу болуп, бир адам жабыркаганы, ал ооруканада көз жумганы кабарланды. Душанбе шаардык милициясы өрт суюлтулган газды автомашинадан станцияга жүктөп жаткан учурда чыкканын кабарлады. Журналисттер жеринен кабарлагандай, жабыркагандар бир нече адам болду. Ал эми интернеттеги социалдык... Читать дальше...

Казакстанда иш таштаган мунайчылар акциясын токтотушту

Azattyk.org 

Казакстанда бир нече күндөн бери иш таштап, айлык маяна боюнча талаптарын коюп келген жумушчулар акциясын токтотушканын “Азаттыктын” казак кызматы 29-апрелде жергиликтүү бийликтин жана жумушчулардын өзүлөрүнүн маалыматына таянып жазды. Актөбө облусунун аймагында жайгашкан мунай-сервистик «Батыс-Мунай» компаниясынын жүздөгөн жумушчулары 27-апрелде маянасын көбөйтүү талабы менен иш ташташкан. Ишкананын жетекчилиги экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатканын билдирип, алардын талаптарын карап чыгууну убада кылды. Читать дальше...

Коворкинг: санарип көчмөндөрдүн ордосу

Azattyk.org 

Фрилансерлердин, аралыктан иштеген адистердин көбөйүшү менен Кыргызстанда коворкингдердин саны артууда. “Азаттык+” шаардагы коворкингдерди кыдырып, ижарага иш орун алып иштөө маданияты кандай өнүгүп жатканына кызыгып көрдү.

Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды 

Azattyk.org 

Жекшембиде Өзбекстандын жарандары президент Шавкат Мирзиёевдин бийлик мөөнөтүн 2040-жылга чейин узартууга жол ачкан референдумда добуш беришти. Борбордук шайлоо комиссиясы "референдум өттү" деп эсептелерин жарыялады. “Саат 15:00гө карай 14 миллиондон ашуун адам же тизмедеги шайлоочулардын 77,04% көбү добуш берди”, – деди БШКнын төрагасынын орун басары Бахром Кочкаров. Коңшу өлкөдө шайлоочулардын бирдиктүү реестрине 19,7 миллион жаран киргизилген. 65 жаштагы Мирзиёевдин буга чейин бийликте отурган жылдары жокко чыгарылып... Читать дальше...

Өзбекстан: Мирзиёевдин бийлигин узарткан референдум 

Azattyk.org 

30-апрелде Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өткөнү жатат. Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынса, президент Шавкат Мирзиеевге 2040-жылга чейин бийликте калышына жол ачылмакчы. 26-апрелде Мирзиеев Орусиянын президенти Владимир Путинге референдумдун орус аймагында өтүүсүнө колдоо көргөзгөнү үчүн ыраазычылыгын айтты. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы кабарлаганын "Азаттыктын" өзбек редакциясы ("Озодлик") жазды. Маалыматта лидерлер... Читать дальше...

Салык декларациясын кабыл алуу мөөнөтү эки күнгө узартылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү эки күнгө узартылды. Салык кызматы билдиргендей, быйыл декларация 1-2-май күндөрү да кабыл алынат. Буга бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү (30-апрель) бул жолу дем алышка (жекшемби) туш келгени, ал эми 1-май майрам күн болгону себеп экени маалымдалды. Салык органдары декларацияны 30-апрелде, 1-майда жана 2-майда эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин кабыл алышат. Мекеме салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек экенин эскертти. Читать дальше...

"Азаттык" иши: АКШ сот чечимине терең тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз сотунун “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечимине байланыштуу билдирүү таратты. Бүгүн 29-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө элчилик “АКШ 25 жылдан бери көз каранды эмес маалыматтын ишенимдүү булагы болуп келе жаткан “Азаттык” боюнча сот чечими тууралуу кабарларга терең тынчсызданууда” деп белгиледи: «“Азаттыктын” иштөө мүмкүнчүлүгүн жоготушу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз жана сөз эркиндиги тууралуу билдирүүлөрүнө шек келтирет. Читать дальше...

"Мен Кыргызмын, келечекмин, максатмын". Ырга айланган Зайырбек

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, “Азаттыктын” журналисти маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө үч жыл болду. Акын 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жашында оорудан улам көз жумган. “Азаттыктагы” кесиптештери калемгерди анын ырлары менен эскерет.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *