Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 22.04.2023

Jazz дүйнөсүнүн музыканттары Бишкекте

Azattyk.org 

Салтка айланып калган кезектеги эл аралык жаз фестивалы Бишкекте өттү. Он сегизинчи ирет өтүп жаткан саамалыкка бул ирет Кыргызстан, Австрия, Италия, Израил өлкөсүнүн музыканттары катышты.

ТИМ кыргызстандыктарды Суданга барбай турууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Суданда армия менен “Ыкчам колдоо күчтөрү” тобунун ортосундагы куралдуу кармаштан улам кыргыз жарандарын бул өлкөгө барбай турууга чакырды. Ал эми Суданда жашап аткан Кыргызстандын жарандарын аэропортторго, аскердик базаларга жана өкмөттүк кварталга жакын аймактарга барбоого жана өзү жашаган жеринде турууга үндөдү. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын жети жараны жүрөт, алардын үчөө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Хартумдагы кеңсесинде иштешет. Читать дальше...

Башкы прокуратурадан тергөөнү алуу долбоору талкууга коюлду

Azattyk.org 

Президенттин администрациясы Башкы прокуратурадан тергөө укугун алып аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлду. Анда долбоор прокуратура органдарында тергөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмактуулукту камсыз кылуу үчүн даярдалганы жазылган.    2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу райондордо көчкү түшөт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 22-24-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. 23-апрелде жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9... Читать дальше...

Кыргызстанда жашоо минимуму 7501 сом деп эсептелди

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, 2023-жылдын биринчи кварталында (январь, февраль, март) кыргызстандык бир кишинин жан сактай турган минималдык каражаты 7501 сом 97 тыйынды түздү. Маалыматка ылайык, жашоо минимуму эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдарга 8363 сом, пенсия курагындагыларга 6650 сом, балдар үчүн 6415 сом деп эсептелди. 2022-жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 6813 сом болгон. Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. Читать дальше...

Bloomberg: Индия Орусиядан курал сатып алууну токтотту

Azattyk.org 

Bloomberg агенттиги индиялык аткаминерлерге шилтеме берип каражатты төлөөнүн ыкмасы боюнча макулдаша албагандыктан Индия Орусиядан курал-жарак сатып алууну токтотконун жазды. Маалымат боюнча, расмий Нью-Дели орусиялык курал-жарактарды доллар менен сатып алуудан баш тартып, муну Индия экинчи даражадагы санкцияларга илинип калышы мүмкүн экени менен түшүндүргөн. Сөз 2 миллиард долларлык келишим жана 10 миллиард долларлык Орусиянын насыясы тууралуу болуп жатат. Бул каражатка Индия С-400 ракеталык... Читать дальше...

УКМК Салык кызматынын эки кызматкери кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүйдүн Москва районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн эки кызматкери (У.П.А. жана С.А.Б.) кармалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, алар "мүлк салыгы боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттарды берүү үчүн коррупциялык механизм уюштурган" деп айыпталууда. Шектүүлөр кыймылсыз мүлктүн күбөлүгүнө байланыштуу жана мүлк салыгы боюнча карызы жок... Читать дальше...

Былтыр банктар 92 миллиард сомдон ашык киреше тапты

Azattyk.org 

2022-жылы каржы секторундагы ишканалар 2021-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көп каражат таап, киреше 106 миллиард сомго жакындады. Анын ичинен коммерциялык банктар 92 миллиард 597 миллион сом, чакан кредиттик уюмдар 9 миллиард 106 миллион сом, күрөөканалар 1 миллиард 128 миллион сом, камсыздандыруу уюмдары 2 миллиард 857 миллион сом пайда көрдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, 2022-жылы каржы тармагында 635 уюм - Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 594 финансылык-насыялык компаниялар... Читать дальше...

Султанбаев чек арада кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келатканда кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди. “Кабар” улуттук агенттигине берген комментарийинде ал өлкөдө 100дөн ашык компания алтын казарын жана алардын көбү руданы же консентраттарды Кытайга же Казакстанга алып барып, иштетип, алтынын бөлүп кайра Кыргызстанга алып келишерин айткан. “Бул жерде 84 кг алтынды жашыралы деген эмес. Салыктан жашыралы деп ойлошкон деген пикирге келип атабыз. Анткени булар алтынды... Читать дальше...

"Депутаттар уккан деле жок". Акыйкатчыны кызматтан алуу сунушу

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштады. Көп өтпөй президенттин маалымат катчысы омбудсменди "карапайым адамдардын укугун коргобойт" деп сындады. Айрым эксперттер мунун артында өлкөдөгү адам укугунун абалын жакшыртуу эмес, Абдрахматованы кызматтан кетирүү аракети болуп жатканын айтышууда. Акыйкатчы баяндамасы: адам укугу жана сөз эркиндиги Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги... Читать дальше...

Каратегиндик жазуучу, темир павильон, карып болгон карылык

Azattyk.org 

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз. Кара-Тегинден чыккан тунгуч жазуучу, бир топ мыкты аңгеме, повесттердин автору Мирзохалим Каримов авабыз ушул күндөрү катуу ооруп жүрөт. Өзү Канттын жака-белиндеги дачада жашайт. Ооруканадан чыккандан кийин кичине тыныкканча биздикинде тура туруңуз деп, кошунам Жолдош байке экөөбүз алып келдик. Жазуучу менен көп нерселер жөнүндө сүйлөштүк, ой бөлүштүк, сырдаштык. Үч күн биздин эки үйдө туруп, жарпы жазылды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *