Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 14.04.2023

Чуулуу видео: Жаныкулов менен Жамалдинов кызматтан алынды

Azattyk.org 

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жана анын орун басары Данияр Жаныкулов кызматтан алынды. Мунун алдында интернетке Жаныкуловду “коррупцияга” айыптаган видео тараган. Пентагондун жашыруун документтерин таратууга шек саналып, Улуттук гвардиянын Аскер-аба күчтөрүнүн 21 жаштагы кызматкери кармалды. Ал купуя маалыматтарды оюн платформасындагы тайпалаштары менен бөлүшкөнү кабарланды. Кыргызстанда 1-майдан тартып, электр жарыгы 23 тыйынга кымбаттайт. 700 кВт саатка чейин колдонулган электр энергиясынын баасы 1 сомго чыгат.

Конфискациябы же ыктыярдуубу? "Аю” боюнча эки башка маалымат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "Аю" компаниясынын эки заводу мамлекетке конфискация болуп жатканын, буга ишкананын жасалма акциздик маркалар менен соода жүргүзгөнү жана мыйзам бузуулары себеп болгонун айтты. Экономика жана коммерция министри болсо заводду анын ээлери мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин билдирди. Бул чечимден кийин өлкөдөгү жеке менчиктин корголушуна тынчсыздангандар да болууда. Садыр Жапаров 14-апрелде Кыргызстандагы спирттик ичимдерди чыгарган “Аю” ишканасы мамлекетке өтө турганын жарыялады. Читать дальше...

ИИМ “Аю” компаниясынын эки кызматкери кармалганын кабарлады

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги “Аю” ишканасынын заводу тинттүүгө алынып, 260 тонна мыйзамсыз спирт, акциздик маркасы жок он эки миң бөтөлкө алкоголь ичимдиктери табылганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, буга чейин Токмок шаарындагы ишканалардын биринде спирт ичимдиктери мыйзамсыз өндүрүлүп жатканы жөнүндө ыкчам маалымат болгон. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (“Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү”) боюнча кылмыш иши козголгон. Читать дальше...

Алексей Навальныйдын саламаттыгы кескин начарлаганы кабарланды

Azattyk.org 

Орус оппозициясынын камактагы лидери Алексей Навальныйдын саламаттыгы абактагы медицина кызматкерлери берген “шектүү дарылардан” кийин кескин начарлап кетти. Бул тууралуу Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыш Twitter баракчасына жазды. Анын айтымында, Алексей Навальный жалгыз кишилик камерада 15 суткалык жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин ичи катуу ооруп, ага "Тез жардам" кызматы чакырылган. “Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн жок. Абак кызматкерлери апасы салып жиберген дары-дармектерди кабыл албай... Читать дальше...

Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөштөн Азия чемпиону болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Астанада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды. Ал 14-апрелде 61 килограмм салмакта финалда кытайлык Лиу Мингуну 4:2 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду. Ал чейрек финалда жапониялык Кодаи Огаваны 4:2, жарым финалда ирандык Ясин Аббасты 11:2 эсебинде утуп, алтын байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган. 23 жаштагы Тайырбек Жумашбек уулу быйылтан баштап чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катыша баштады. Читать дальше...

Назарбаевдин фонду менен байланышы бар компаниянын келишими кайра каралат

Azattyk.org 

Казак өкмөтүнүн 14-апрелдеги жыйынында Астананын автоунаа токтотуучу жайларын башкарган компания менен келишимди кайра карап чыгууга тапшырма берилди. Жергиликтүү басылмалар компаниянын түпкү ээси мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин фонду экенин жазышты. "Власть" сайтынын кабарлашынча, былтыр “Астана парковка мейкиндиги” команиясынын ээси бир нече жолу алмашкан. Мурун компанияга “Жашыл жер” жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылса, аны Назарбаевдин фонду же ага караштуу компаниялар башкарган. Читать дальше...

"Ишеним" фракциясы Баткендеги курулуштун кечеңдеп жатканын сындады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште “Ишеним” фракциясы Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовдун маалыматын угушту. Анда бир катар депутаттар Баткендеги үйлөрдүн курулушунун кечеңдеп жатышын сындады. Депутат Нурбек Сыдыгалиев башкы курулушчу болгон "Аманат курулуш инвесттин" жетекчиси жөнүндө сурады. “Ошонун ("Аманат курулуш инвесттин"-ред.) директорун билесиңерби? 20 жаштагы баланын ошончо тажрыйбасы бар бекен? Төрөлгөндө эле курулушчу болуп төрөлүптүрбү?”... Читать дальше...

Түркия миграция саясатын катаалдаштырды

Azattyk.org 

Түрк бийлиги быйыл үч айда эле 28 миңдей чет өлкөлүк депортациялаганын билдирди. Алардын дээрлик көпчүлүгү оогандыктар жана пакистандыктар экени айтылууда. Cерепчилер 14-майга белгиленген президенттик шайлоодон улам Анкара чет өлкөлүктөрдү "тазалоо" иштерин тыкыр көзөмөлгө алганын белгилеп жатат. Үч ай кармоочу жайда жаткан Азамат Кыргызстандык Азамат Түркиянын Стамбул шаарына 2020-жылы барып, сатуучу болуп ишке орношкон. Туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн керектүү документтерди чогултуп, тапшырганы менен ага виза чыккан эмес. Читать дальше...



Жаңы-Өзөн: мунайчылардын талабы аткарыла элек

Azattyk.org 

14-апрелде Казакстандын борбору Астанадан Мангыстау облусуна кайтып барган мунайчылар Жаңы-Өзөндөгү "Өзенмунайгаз" ишканасынын алдында акциясын улантышты. Жүздөгөн митингчилер талаптары аткарылмайынча тарабай турганын айтышты. "Астанадан аман-эсен үйгө кайттык. Конкреттүү чечим кабыл алына элек. Калган жигиттер Астанадан келгенче, чечим кабыл алынганга чейин "Өзенмунайгаздын" имаратынын алдында турабыз", - деди мунайчылардын бири. Бир күн мурун алар Астанадан Маңгыстауга кайтып баратканда... Читать дальше...

"Жергиликтүү бийликке көп укук берилсе, туруктуу өнүгүү болот"

Azattyk.org 

"Эркиндик үнү" подкастында экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жана борбордук бийликти децентралдаштыруу тууралуу сүйлөштүк. - Элдар мырза, бийликти децентралдаштыруу дегенде эмнени түшүнүшүбүз керек? - “Бийликти борборлоштуруу” деген баарын борбордон чечебиз дегендик. Мисалы, өлкө боюнча бүт аймактан акчаны чогултуп, анан кимге канча акча бөлүнөт, кимге берилбейт, кайсы жумуштар жасалат дегендер чечилет. Бийликти эң жогорку... Читать дальше...

Аба ырайы: Үшүк жүрүшү мүмкүн  

Azattyk.org 

Синоптиктер билдиргендей, 15-16-17-апрелдеги аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолордо кар түшөт. Суук аба ырайынан жайыттарда мал кармоо, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бүчүр байлаган жемиш бактарды, жашылчаларды үшүк алышы мүмкүн. Ашуудагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 17…22 Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 17…22 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17... Читать дальше...

Министр "Аю" компаниясын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүшкөнүн билдирди

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Аю" компаниясынын мамлекетке өткөнү боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Министр компания өз ыктыяры менен өткөрүлгөнүн билдирди. “Биринчиден, бул соттун чечими менен алынган маселе эмес. Бул өз ыктыяры менен өткөрүп берилген иш. Эгер соттун чечими менен барып, кандайдыр манипуляция кылып алса, анда рейдерлик абал болмок. Ишкер өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат, буга мамлекеттин эч кандай кысымы болгон жок”, - деди Амангелдиев. Буга чейин... Читать дальше...

Кыргызстанга өткөн жылы алты миллион турист келди

Azattyk.org 

2022-жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн 6 миллион турист эс алуучу келип, туризм тармагынан казынага 951 млн. сом салык түшкөн. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Самат Шатманов парламенттеги "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди. Өткөн жылы 17-мартта кыргыз өкмөтү "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун түзүп, уставдык капиталын 1 млрд. сом деп белгилеген. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет. Кыргызстанда ички дүң өндүрүшүндө туризмдин үлүшү 3,1 пайызды түзөт. Читать дальше...

Астанадан Маңгыстауга келген мунайчылар нааразылыкты улантышты

Azattyk.org 

Казакстандын борбору Астанадан Мангыстау облусуна кайтып барган мунайчылар 14-апрелде Жаңы-Өзөндөгү “Өзенмунайгаз” ишканасынын алдында акциясын улантышты. "Азаттык" радиосунун казак кызматы кабарлагандай, жүздөгөн митингчилер талаптары аткарылмайынча тарабай турганын айтышты. "Астанадан аман-эсен үйгө кайттык. Конкреттүү чечим кабыл алына элек. Калган жигиттер Астанадан келгенче, чечим кабыл алынганга чейин "Өзенмунайгаздын" имаратынын алдында турабыз", - деди мунайчылардын бири. Бир күн мурун... Читать дальше...

Курсан Асановго сот чечими кийинки отурумда чыгышы күтүлүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишин кароо уланды. Анда жарыш сөздөн кийин Курсан Асановго акыркы сөз берилди. Ал өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албасын, бул саясий куугунтук деп эсептерин билдирди. Асанов ошондой эле 2019-жылы Кой-Таш окуясында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында гана тирүү колго түшүп бергенин", мында "өзүнүн эмгеги бардыгын" белгиледи. Бүгүнкү соттук жараянда... Читать дальше...

Бишкекте мектеп окуучулары таратып жаткан синтетикалык маңзат кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 27-мартта Бишкектеги ботаникалык бакта "маңзаттарды жашырууга аракеттенип жаткан жеринен бир нече адам кармалганын" маалымдады. Маалыматта айтылгандай, кармалгандар арасында мектептин 9-11-классынын окуучулары жана 16-17 жаштагы эки улан болгон. Алардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP”мбаңзаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза... Читать дальше...

Трамп мурдагы адвокатына 500 миллион долларлык доо койду

Azattyk.org 

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп мурдагы адвокаты Майкл Коэнге каршы 500 миллион долларлык доо койду. Трамп Майами федералдык сотуна кайрылып, Коэнди "жалган маалымат тараткан, 74 миң доллар өлчөмүндөгү бизнес чыгымдарын туура эмес көрсөткөн, жеке жашоочу, анын ичинде маалыматтарды ачыкка чыгарбоо келишимин бузган" деп айыптоодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Экс-президент өзү порноактриса Сторми Дэниелске аны менен жыныстык катнашта болгону тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбасын деп, 130 миң доллар төлөгөнү үчүн айыпталууда. Читать дальше...

Мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси Судец кызматынан кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси Евгения Судец өз арызы менен кызматынан кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин башкармалыгынын жетекчиси Тимур Малбашев маалымдады. "13-апрелде арыз жазган экен. Директорлор кеңешинин кечээки чечими менен ээлеген кызматынан бошотулду", - деди Малбашев. Евгения Судец 2022-жылы декабрь айында Мамлекеттик өнүгүү банкына жетекчи болуп дайындалган. Ал жарым жыл мурда кыргыз жарандыгын алганы коомчулукта талкууланган. Читать дальше...

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге каршы доо арыз каралат

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун борбор калаанын айрым жерлеринде митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечимине каршы адвокат Бактыбек Жумашевдин доо арызы шаардык сотто каралат.  Бишкек шаар соту арызды бүгүн, 14-апрелде түштөн кийин карай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Бактыбек Жумашев Твиттер баракчасына жазды. Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө салынган тыюу 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин эскертип келет. Читать дальше...

Түркмөнстандан сыртка акча которууда кайрадан көйгөй жаралды

Azattyk.org 

Түркмөнстанда акча которууда кайрадан көйгөй жаралды. Орусияда окуган студенттер ай башынан бери Түркмөнстандан акча ала албай жатышат. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, азыр банктар студенттердин документтеринин түп нускасын талап кылууда. Банктар "жогору жак" оозеки көрсөтмө бергенин билдиришкен. Түркмөнстанда Борбордук банктын курсу менен акча конвертациялоого мүмкүн. Бирок анын наркы көмүскө базардагыдан бир нече эсеге төмөн. Ата-энелер Орусия, Беларус, Түркия жана Казакстанда... Читать дальше...

Amnesty International Тажикстандын президентине кайрылды

Azattyk.org 

Эл аралык Amnesty International уюму Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду оппозициячы Шамсиддин Саидовдун уулу Абдулло Шамсиддинди тез арада бошотууга үндөдү. Уюм "Абдулло Шамсиддин Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин биринин уулу болгондуктан куугунтукталып жатат" деп эсептейт. Тажикстан бийлиги буга комментарий бере элек. Кайрылуунун авторлору тажик президентинен Абдулло Шамсиддиндин кайсы жабык мекемеде экенин ачыкка чыгарууну жана аны кыйноого албоону сурады. Мурдараак... Читать дальше...

Ооганстандын коңшулары биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат

Azattyk.org 

Ооганстанга коңшу өлкөлөр бул мамлекеттин инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлоруна катышууга даяр экенин билдиришти. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. 13-апрелде Самаркандда Ооганстанга коңшу – Өзбекстан, Иран, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жолугушуусу болду.  Жолугушууга Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки жана “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү да катышты. Читать дальше...

Ош улуттук драма театры Бишкекке чыгармачыл сапары менен келет

Azattyk.org 

24-26-апрелде Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Бишкекте чыгармачыл сапары менен болот. Театрдын жетекчиси Керимбек Калыкуловдун "Азаттыкка" маалымдашынча, анда "Бакыт учурган куш", "Эзоп", "Амансыңбы, апаке?", "Кулан", "Сунуш" деп аталган спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланат. Аягында "Кубат бий" спектакли менен чогуу театр өнөрпоздорунун концерти берилет. Ош улуттук драма театры сахналаштырылган “Кулан” - эң мыкты улуттук пьеса деп табылып, быйыл "Эргүү" сыйлыгына татыган. Спектаклдер... Читать дальше...

Кумтөр кенинде калдык сактоочу жайды финляндиялык компания иштетет

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кениндеги калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбооруна финляндиялык Мetso Outotec аттуу компания тартылат. Бул тууралуу 14-апрелде "Кумтөр" компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады. "Кендеги калдык сактоочу жайды иштетүү боюнча атайын сынак өтүп, дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн ондогон компаниялар өз сунуштарын беришкен. Жыйынтыгында Финляндиянын Мetso Outotec компаниясынын калдыкты кайра иштетүү ыкмасы эң оптималдуу деп табылган. Бул компания дүйнөнүн элүүгө жакын өлкөсүндө өкүлчүлүктөрү бар, заманбап технологияларды колдонот". Читать дальше...

Ош: Жамалдинов менен Жаныкуловдун тиреши кызматтан кетүү менен аяктады

Azattyk.org 

Ич ара тирештен кийин президент Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов менен анын орун басары Данияр Жаныкуловду кызматтан алды. Эки чиновник менен кошо Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев да кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматы алардын ишмердүүлүгүн текшерген комиссия мыйзам бузууларды тапканын билдирди. Комиссия мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн. "Алар өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган", - деп айтылат маалыматта. Жамалдиновдун... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *