Депутат өкмөт башчынын орун басарын алмаштырууну сунуш кылды
Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттар тобу бүгүн 28-апрелдеги биргелешкен отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу тууралуу сунуш кабыл алышты. Депутат Надира Нарматованын мындай сунушу камтылган чечимди депутаттар бир добуштан колдошту. Аталган отурумда ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгек оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун Кыргызстанга бөлгөн гранттык каражатынын пайдаланылышы боюнча маселе каралды. Читать дальше...