Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Миргүл Айткулованы сүзүп кеткен айдоочу жети жылга соттолду

0
Миргүл Айткулованы сүзүп кеткен айдоочу жети жылга соттолду

Бишкекте машине сүзүп кетип каза болгон 50 жаштагы Миргүл Айткулованын өлүмү боюнча ишти Биринчи Май райондук соту 31-мартта өкүм чыгарды. Маркумдун баласы Азизкан Айткуловдун билдиришинче, судья айыпталуучуну жети жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынды.

Миргүл Айткулованы 30-январда эртең мененки саат 8.40тар чамасы башкалаанын Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен. Окуя тартылган видеодон ал жолдон өтүп баратканда Honda Fit үлгүсүндөгү такси катуу ылдамдык менен кызылдан өтүп барып коюп кеткенин көрүүгө болот. Маркум ооруканага оор абалда жеткирилип, үч күн эс-учуна келбей каза болгон.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-пунктуна ("Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун") ылайык айып коюлган.

3-февралда Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен айыпталуучу 20-февралга чейин камакка алынган. 15-февралда анын мурда соттолбогону, жашы улгайып калганы жана ден соолугу эске алынып, бөгөт чарасы 2-мартка чейин үй камагына өзгөртүлгөн. 1-мартта анын бөгөт чарасы дагы бир айга узартылган. Буга чейин маркумдун жакындары айыпталуучу камакка алынбай жатканын айтып даттанып жатышкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *