Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Президент Жапаров ооруканаларда балдарга акысыз дары берүүнү тапшырды

0
Президент Жапаров ооруканаларда балдарга акысыз дары берүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров 1-апрелдеги Бишкектеги бир катар балдар ооруканаларын күтүүсүз кыдырды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын ырасташынча, мамлекет башчысы анда балдарга дары-дармектердин акысыз берилишин тапшырды.

“Президент Жапаров Улуттук онкология жана гематология борборунда (онкологиялык оорукана), Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда (балдар ооруканасы), Улуттук фтизиатрия борборунда (кургак учукка каршы оорукана) бейтаптардын ата-энелери жана туугандарынан оорулуулар үчүн дарыга акча каражатын албоону тапшырды”,-деп жазды Султанбаев.

Ал билдирүүсүнө тиркегени кыска видеодо Жапаровду саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова коштоп жүргөнү, президент ооруканада балдарын алып жаткан ат-энелер менен сүйлөшүп жатканы тартылган. Анда Жапаров дарылардын акысыз берилбегенин сынга алып, министрге бул маселени чечүүнү тапшырган. Дарыгерлер бейтаптарга керектүү дарылар жоктугун, алына электигин айтышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай шартта президенттин тапшырмасы кантип ишке ашырылары тууралуу азырынча комментарий бере элек. 

31-мартта аталган министрликке караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Өкмөт бул бул ишкана мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырарын билдирген.

Кыргызстанда соңку жылдары бир катар себептерден улам дары-дармек кескин кымбаттап, айрым түрлөрү табылбай, таңкыстык жаралууда. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанга дары-дармек 30дан ашык мамлекеттен импорттолот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *