Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Нидерландда темир жол кырсыгында бир киши каза таап, 30 чактысы жаракат алды

0
Нидерландда темир жол кырсыгында бир киши каза таап, 30 чактысы жаракат алды

Нидерландда 4-апрелдин таңында жүргүнчү поезд курулуш кранын сүзүп рельстен чыгып кеткенде кеминде бир киши набыт болду, 30 чактысы жараат адды. Бул тууралуу өлкөнүн бийлиги билдирди. Кырсык Гааганын жанындагы айылда саат 3.25те болгон.

Рейтер агенттиги жазгандай, куткаруучулар 19 кишини ооруканага жеткиришти, калгандарына ошол жерден жардам берилди.

Лейден шаарынан Гаагага бараткан поездде 50 киши бар болчу. Окуяны Темир жол компаниясы, полиция жана Нидерланддын Коопсуздук кеңеши иликтей баштады.

Расмий адамдар чоо-жайды аныктоо кырсыктын кайталануусун алдын алууга жардам берет деп маалымдашты.

Премьер-министр Марк Рютте жана падышалык үй-бүлө жабыркагандарга тилектештигин билдиришти.

Темир жол транспорту Нидерландда дээрлик бардык чоң шаарларды байланыштырат жана негизинен жүргүнчү ташууга багытталган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *