Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Алишер Саиповдун өлүмү боюнча журналисттик иликтөө чыкты

0
Алишер Саиповдун өлүмү боюнча журналисттик иликтөө чыкты

Жарандык активист, акыркы учурларда журналисттик ишмердик менен алектенип жүргөн Адил Турдукулов 2007-жылы Ошто киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иликтөө чыгарды.

“Алишер Саиповдун өлүмү. Ачыкка чыкпаган фактылар” деген иликтөөдө журналисттин өлүмү тууралуу тергөөнүн айрым маалыматтары, Алишер Саиповду жок кылууга кимдер кызыкдар болгону тууралуу кесиптештеринин пикирлери камтылган.

Алишер Саиповго Ошто көчөдө ок атылганда жанында болгон Стратегиялык иликтөөлөр институтунун ошол кездеги эксперти Икбол Мирсаитовдун тергөөгө берген көрсөтмөсү да кошулган. Анда “көчөдөн белгисиз адам биринчи Алишер Саиповду атып, кийин тапанчаны ага такаганын, ал качып кетүүгө үлгүргөнүн” айтып берген.

 

Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарында атып кеткен. Кылмыштын бети ачыла элек.

Журналисттин өлүмүнө айыпталып, 20 жылга камалган киши 2010-жылы күнөөсү жок деген негизде бошотулган. 2012-жылы кылмыш иши кайра карала баштап, 2013-жылы токтотулган. 2019-жылы кайра жанданып, 2022-жылдын августунда токтотулган. Башкы прокуратура кылмыш иши “айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу” токтотулганын билдирген. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *