Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

НАСА Айга уча турган экспедиция мүчөлөрүнүн аты-жөнүн жарыялады

0
НАСА Айга уча турган экспедиция мүчөлөрүнүн аты-жөнүн жарыялады

Кошмо штаттардын Космос агенттиги – НАСА Айга жөнөй турган экспедициянын мүчөлөрүн тааныштырды. Жердин жандоочусуна пилоттолгон миссия 50 жыл тыныгуудан кийин аткарылганы жатат. Ошентип, Кристина Кох учууга катыша турган алгачкы аял-астронавт, Виктор Гловер – биринчи афроамерикалык болуп калмакчы.

Алардан тышкары экспедицияга Рид Уайзман жана Жереми Хансен барат деп күтүлүүдө.

"Артемида 2" миссиясы 2024-жылдын аягына же 2025-жылдын башына пландалып жатат. Бирок анын жүрүшүндө астронавттар Айга конбойт.

Экипаж менен 3-апрелде Хьюстондогу салтанатта тааныштырышты. Эми алар даярдыктан өтүп, машыгууларды баштайт.

НАСА буга чейин космос миссияларына ар кайсы социалдык жана этникалык катмарлардын өкүлдөрүн камтууга убада берген.

15-мартта Техастагы космос борборунда НАСА Айга уча турган астронавттар үчүн жасалган скафандрларын сунуш кылган.

Акыркы жолу адам баласы 1972-жылы "Аполлон-17" кемеси менен Айга учкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *