Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Кыйноону алдын алуу борбору Токтогулда шектүү кыйноого кабылганын билдирди

0
Кыйноону алдын алуу борбору Токтогулда шектүү кыйноого кабылганын билдирди

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 2-апрелде 20 жаштагы адам Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылынын аймактык милиция бөлүмүндө кыйноого кабылганын билдирди.

Аталган борборго мындай маалымат шектүү 3-апрелде Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилгенден кийин түшкөн.

Мекеменин маалыматына караганда, арызданган адам Өзгөрүш айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана аймактык тескөөчүсү сабап, муунтканын, тергөө жайында бир нече жолу эсин жоготконун айткан. Анын моюну, көкүрөгү жана колдору көк ала болгону аныкталган.

Кыйноого кабылдым деген адам укук коргоо кызматкерлери ал жасабаган бир нече кылмыш ишин моюнуна алууга мажбурлап сабашканын айтып берген. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери “Тез жардам” чакырып, убактылуу кармоочу жайдагы адамдан арыз алып, тиешелүү документтерди Талас облусунун прокуратурасына жиберген.

Талас шаардык милициясынын маалыматы боюнча, шектүү 1-апрелде Таласта бодо мал уурдоого шек саналып издөөгө алынган. Уурдалган мал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сатылганы аныкталып, облустук милиция шектүүнү кармаган. Кийин ал Таласка которулган.

ИИМ жана Өзгөрүш айылынын аймактык милициясы кыйноо фактысы тууралуу маалыматка комментарий бере элек. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *