Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Малиев Швейцария банкында 1,3 тонна кыргыз алтыны сакталып турганын айтты

0
Малиев Швейцария банкында 1,3 тонна кыргыз алтыны сакталып турганын айтты

Швейцариядагы UBS AG коммерциялык банкында 1362,03 килограмм кыргыз алтыны сакталууда. Бул тууралуу Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев 6-апрелдеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө алтындын жалпы кору болжол менен 47 тоннаны түзөт. Малиев бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынын маалыматына таянып билдирди.

Комиссия төрагасы иликтөө ишинин жыйынтыгында уурдоо фактылары, сакталган жана сатылган алтындын саны, сапаты жана наркы боюнча маалыматтарды атайылап бурмалоо жагдайлары аныкталбагандыгын белгиледи.

2023-жылдын 26-январына карата Улуттук банкынын кассасындагы алтын запастарынын кору 43 944,13 килограммды түзгөн, азыр 45 306,16 килограмм. Улуттук банктын маалыматы боюнча Швейцариядагы UBS AG коммерциялык банкында 1362,03 килограмм алтын сакталууда.

Эл өкүлдөрү Надира Нарматова менен Динара Ашимова депутаттык комиссия Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр” кенинин, “Кыргызалтын” ишканасынын нефтини кайра иштетүүчү заводунун, Кара-Балта шаарындагы Борбордук илимий лабораториянын ишмердүүлүгү менен таанышып, Улуттук банктын алтын сактоочу жайларын көрүп чыгышканын белгилешти.

Комиссиянын мүчөлөрү “Кумтор Голд Компани” ишканасы Кыргызстанга өткөндөн кийинки алтын казуу жана аны сатуу жаатындагы ишмердүүлүгү иликтенгенин айтып, чарбалык ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелелер каралбагандыгын кошумчалашты.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Тышкы башкаруучу болуп “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Былтыр 29-сентябрда Жогорку Кеңеште "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казылып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн, ага төрага болуп депутат Арсланбек Малиев шайланган.

Башкы прокуратуранын соңку маалыматы боюнча, Кумтөр Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердүүлүккө байланыштуу азыр төрт кылмыш иши тергелип жатат. Жетекчиликте иштеген төрт адам, анын арасында Тенгиз Бөлтүрүк камакта отурат. Келтирилген зыян 1 миллиард 146 миллион сом деп эсептелген. Анын 642 миллион сому (56%) мамлекеттин пайдасына, бюджетке өндүрүлдү. Камактагылардан тышкары дагы беш адамдан эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алынган. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *