Иерусалим: Ал-Аксанын айланасындагы кырдаал
Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанында мусулман зыяратчылар менен Израил полициясы кагылышып, 350 киши кармалды. Кырдаалга бир катар мусулман өлкөлөр тынчыздануусун билдирүүдө. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 13 жаштагы кызды зордуктагандарга чегерилген жазанын Жогорку сотто кыскарып кетишин сындап, бул зомбулуктун көбөйүшүнө жол ачат деген кооптонуусун билдирди. Депутат Дастан Бекешов 11 курулуш компаниясын "кара тизмеге" киргизип, элге батир сатып алууда этият болууну эскертти. Депутаттын тизмесине түшкөн айрым компаниялар Бекешовду сотко берерин билдирди.