Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Сыдыков: Футбол боюнча курамага сырттан машыктыруучу издеп жатабыз

0
Сыдыков: Футбол боюнча курамага сырттан машыктыруучу издеп жатабыз

Кыргызстандын футбол бирлигинин президенти Медер Сыдыков улуттук кураманын башкы машыктыруу кызматына талапкерлерди кароо боюнча Футбол уюмунун техникалык комитетине жыл башында эле тапшырма берилгенин билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосундагы маегинде айтты.

“Талапкерлер көп. Биз спорттук жетишкендиктерине, тажрыйбасына, тил маселесине да карап жатабыз. Эң башкысы биз койгон максаттарга жете алабы, биз сунуштаган финансылык шарт менен иштей алабы карайбыз. Эгерде ушул маселелерде келише алсак ошол кишини машыктыруучу кылабыз. Биринчиден, PRO лицензиясы (УЕФА берген машыктыруучулук лицензия) болушу керек. Ошондуктан башкы машыктыруучуну быйыл сырт жактан алып келели деп турабыз”.

Медер Сыдыков азырынча талапкердин аты-жөнүн айткан жок жана жаңы машыктыруучу 11-майга Азия кубогуна чүчү кулак кармаганга чейин дайындаларын кошумчалады. Анын сөзү боюнча, ушул тапта кыргызстандык машыктыруучулардын PRO лицензиясы жок.

3-апрелде Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткен.

44 жаштагы орусиялык Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча курамасын 2014-жылдан бери машыктырып келген. Ага удаа 2017-жылдан 2021-жылы Бишкектин “Дордой” футбол клубун да машыктырып турган.

Крестининдин жетекчилигинде Кыргызстандын футбол курамасы 2018-жылы ФИФА рейтингинде 146-орундан 75-орунга чейин көтөрүлдү. 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жетти. 2022-жылы Азия кубогуна экинчи жолдомону алды. (BTo/GT)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *