Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон берилет. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 3-апрелде кол койгонун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
1941-1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сомдон берилет:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундарынына;
1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде иштеген жана “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйлангандарга;
Маалымат боюнча, Жеңиш күнүнө карата Кыргызстанда 68 адам бир жолку материалдык жардам алат. Аны төлөөгө 6 миллион 868 миң сом каралган. Бир жолку материалдык жардам 9-майга чейин банктык эсептерге которулат жана райондук, шаардык почта бөлүмдөрү аркылуу берилет.
9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.
Улуу Ата Мекендик согушка ошол кездеги СССРдин курамындагы Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон. (BTo)