Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга 807 миң сомдук айып салынды

0
Күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга 807 миң сомдук айып салынды

Акыркы үч айда күйүүчү майды мыйзамсыз саткан 270тей адам кармалып, 807 миң айып пул салынды.

Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кабарлады. Маалыматка караганда, жол жээгинде мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү майларды тазалоо иштеринин натыйжасында 19,5 миң литр май алынган.

Жол көзөмөлдөө кызматкерлери мындай башаламан, мыйзамсыз соода кооптуу экенин, кокустан жарылып кетүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга 3 миң сомдон айып салынып, товары алынат.

Март айынын соңунда аталган башкармалык машинасына кошумча бак орнотуп, Казакстандан күйүүчү май ташыган 36 айдоочу кармалганын билдирген. Маалыматка караганда, анын 29у жеңил автоунаа, жетөө жүргүнчү ташыган автобустар.

Бул автоунаалардын баары убактылуу айып жайына токтотулуп, Укук бузуулар кодексине ылайык 5500 сомдон айып пул салынган.

Кийинки күндөрү Токмокто, айланма жолдо, Маевка айылы тарапта, башка бир катар жерлерде жол бою желим идиштерге бензин куюп саткандар көбөйдү.

Казакстандан аткезчилик жол менен мунай ташылып жатканын буга чейин "Азаттыкка" сатуучулар билдиришкен. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *